Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-сентябры № 617
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 26-январындагы № 27 «Кыргыз Республикасында
программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик
ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттердин долбоорлорун программалык негизде өз убагында Бюджеттердин долбоорлорун программалык негизде өз убагында жана сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик программаларды жана чакан программаларды пландоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81, 104-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 «Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 5-пунктчасында «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр «бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пунктта «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр «бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамада:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бул нускама Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн тизмеги менен аныкталуучу программалык негиздеги бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын жана бюджеттерди берүүчү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө гана колдонулат.
Тизмекте көрсөтүлгөн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү программалык негизде бюджеттерди түзөт, берет, аткарат жана баалоону жүргүзөт, бюджеттик каражаттардын башка башкы тескөөчүлөрү үчүн чыгымдар программалык эмес болуп калат жана белгиленген тартипте чагылдырылат.»;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамада:
- 1-пунктта «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр «бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген бюджеттик процесстин календардык планында:
- 9-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегияларын берүүчү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү:»;
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү:»;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө ведомстволук классификациянын эки белгиси боюнча бюджеттик эсептердеги каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна орто мөөнөттүү мезгилге ассигнованиелерди кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бекитилген республикалык бюджетте чагылдырылган пландык мезгилдин көрсөткүчтөрүнө, ошондой эле кийинки үч жылга ресурстар боюнча болжолго ылайык жеткирет;
2) учурдагы жылдын 25-июлуна чейин бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралардын долбоорлору боюнча пикир келишпестиктерди жоюу боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрөт;
3) учурдагы жылдын 31-июлуна чейин бюджеттин чыгымдарын негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга, анын ичинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды камтыган Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгат;
4) учурдагы жылдын 10-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна бюджеттин чыгымдарын негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга, анын ичинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды камтыган Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун берет;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими менен жактырылган кийинки үч жылга контролдук цифраларды бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жеткирет;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттарын жайгаштырат;
7) «Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт;
8) учурдагы жылдын 15-сентябрына чейин «Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет;
9) учурдагы жылдын 1-ноябрына чейин «Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет.»;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын жана программалык негиздеги бюджеттерди берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмегинде:
- аталышында «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр «бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 70 (3830) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |