Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
13-декабрьндагы 2024-жыл № 2/4
Жарандарды көмуу жана бейиттин үстүндөгү курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы N2 528 тескемеси менен түзүлгөн ведомостволор аралык жумущчу топ тарабынан иштелип чыккан «Жарандарды көмүү жана бейиттин үстүндөгү курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Нускаманы» карап жана талкуулап чыгып, Кербен щаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 528 тескемеси менен түзүлгөн ведомостволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жарандарды көмүү жана бейиттин үстүндөгү курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Нускамасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ш.Зыябековго жүктөлсүн
Кербен шаардык А. Базарбаев
кеңешинин төрагасы