Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-августу № 278
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,2 өлчөмүндө, бирок 10000 (он миң) сомдон көп эмес өлчөмдө бекитилсин.
2. Өлчөмү 2024-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча төлөөлөрдү эсепке алганда 6900 (алты миң тогуз жүз) сом жана 2025-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча төлөөлөрдү эсепке алганда 7100 (жети миң бир жүз) сомго чейинки өлчөмдө пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугуна чейин жеткирилген пенсиялар 2026-жылдын 1-октябрынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан тиешелүүлүгүнө жараша 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго жана 7100 (жети миң бир жүз) сомго чейин жеткирилет деп белгиленсин.
3. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2026-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү бул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болбойт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2026-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 1,2 өлчөмүндө, бирок 1000 (бир миң) сомдон кем эмес жана 10000 (он миң) сомдон көп эмес өлчөмдө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияласын;
2) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жана 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 7100 (жети миң бир жүз) сомго чейин жеткирилген пенсияларды ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнө чейин жеткирсин.
Пенсиянын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун тиешелүү чоңдугуна чейин жеткирилгенден кийин пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө ушул Жарлыкка ылайык индексация жүргүзсүн;
3) 2026-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, өлчөмү камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоодон кийин 8800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болгон пенсиялар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен көрсөтүлгөн өлчөмгө чейин жеткирилет деп белгилесин;
4) республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн ушул Жарлыктын 2, 3-пункттарын ишке ашырууга зарыл болгон көлөмдө каражаттарды карасын;
5) пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |