Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-сентябры № 329
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүүнү жана анын иштөөсүн, ошондой эле кызматчыларды ротациялоону жүргүзүүнү андан ары регламенттөө максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун азайтуу максатында жүргүзүлгөн, ошондой эле ротациялоо кызматчынын өзүнүн демилгеси менен ишке ашырылган учурлардан тышкары, кызматчы акыркы кызмат ордун бир жылдан кем эмес ээлеп турган шартта ротациялоо жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтеги административдик кызмат ордуна дайындалган кызматчыны кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун азайтуу максатында ротациялоо учурларынан тышкары, ээлеген кызмат ордунда кеминде бир жыл иштегенден кийин ротациялоого жол берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында 2 (эки) жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлери кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
9) майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 (алты) ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
Министрликтерде "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте бош кызмат орундарына дайындалган кызматчылар кадрлар резервине конкурстун жыйынтыгы боюнча киргизилет.
Ушул пункттун 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен тизмеги аныкталуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине тиешелүү административдик кызмат орундарынын тобуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык киргизилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) электрондук форматта өтүнмө берет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кем болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу аяктаган мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин инсандыгын аныктайт.
Талапкер конкурска катышууга өтүнмө бергенден кийин мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтар базасында ал жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы ("е-Kyzmat" АМС) аркылуу текшерет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар базасында талапкер жөнүндө маалымат чыккан учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу, ошондой эле соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар экендиги тууралуу жана көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши тууралуу маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөтөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде "e-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.";
- 37-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында бул мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында үзгүлтүксүз 3 (үч) жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотулганда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары, ошол мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине 1 (бир) жылга киргизилет;";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка созулган эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
7) майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 (алты) ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
Министрликтерде "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте бош кызмат орундарына дайындалган кызматчылар кадрлар резервине конкурстун жыйынтыгы боюнча киргизилет.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (макулдашуу боюнча) тарабынан аныкталуучу ошол мамлекеттик органдын (иштин профили боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (адиси);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистери;
5) 2 (эки) адамдан турган жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) өзүнүн кесиптик ишинин жана адистигинин багытын, ошондой эле талапкер эмгек ишин жүзөгө ашырууну пландаган районду (жерди) көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө берет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Талапкер конкурска катышууга өтүнмө бергенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтар базасында ал жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "е-Kyzmat" АМС) аркылуу текшерет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар базасында талапкер жөнүндө маалымат чыккан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу, ошондой эле соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар экендиги тууралуу жана көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши тууралуу маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап жөнөтөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде "e-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.";
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Бош кенже административдик кызмат ордуна дайындоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бош орун пайда болгон күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт;
2) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ар бир бош кенже административдик кызмат ордуна дайындоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кадрлар резервинен талапкерди сунуштоо жөнүндө анын идентификациялык жеке номерин (ИЖН) көрсөтүү менен бир жолу өтүнмө жөнөтүүгө укуктуу;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде аталган талапкерди мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына сунуштайт;
4) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул пункттун 2-пунктчасында каралган укугун пайдаланбаган учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кадрлар резервинен талапкерлерди рейтингди эске алуу менен сунуштоо жөнүндө өтүнмө жөнөтөт;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана кадрлар резервинин рейтингинде алдынкы 5 (беш) орунду ээлеген (конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган) 5 (беш) талапкерди сунуштайт;
6) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушту алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө акт чыгарат же сунушталган талапкерлерди четке кагуунун жүйөлүү негиздемесин камтыган билдирүүнү "е-Kyzmat" АМСи аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү менен четке кагат;
7) талапкерликтин четке кагылгандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана кадрлар резервинде кийинки рейтингдик орундарды ээлеген 3 (үчтөн) ашык эмес талапкерди кайра киргизет;
8) кадрлар резервинде башка талапкерлер жок болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда сунушталган талапкерлерди кайра киргизүүгө укуктуу;
9) талапкерлер кайрадан киргизилген учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушталган талапкерлердин бирин сунуш алынган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде дайындайт.
Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы талапкер кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
Ушул Жобонун 7-пунктунун 7-пунктчасына ылайык конкурстан тышкары тартипте кадрлар резервине киргизилген резервисттерди сунуштоо ушул пункттун 2-пунктчасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 26-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ошону менен бирге ушул Жобонун 7-пунктунун 2, 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн конкурстан тышкары тартипте кадрлар резервине киргизилген резервисттерди (алар болсо) сунуштоо каралууга тийиш.";
- 27-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында үзгүлтүксүз 3 (үч) жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотулганда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары, кадрлар резервине 1 (бир) жылга киргизилет;".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |