Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 628
Электрондук байкоо жүргүзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткарууну оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 1091-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 8-пункттун 6-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын турган жерин контролдойт жана мониторинг жүргүзөт;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 237 «Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттарында:
– 2-пунктта «жана юстиция (жаза аткаруу органдары)» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө ушул токтом күчүнө кирген датага карата электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган айыпталуучуларга андан ары электрондук байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды алардын жеке маалыматтарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө:
1) ушул токтомдун 2-пунктунда аталган Тартипти ишке ашыруу боюнча ведомстволук актыларды иштеп чыксын;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |