Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-сентябры № 620
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 «Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Качкындын жол жүрүү документин тариздөөнүн жана берүүнүн административдик жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 «Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт «жекелештирүүнү жүргүзүүгө» деген сөздөрдөн кийин «жана берүүгө» деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жободо:
– 1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1-глава. Жалпы жоболор
1. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанылган адамга берилүүчү качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү, даярдоо, эсепке алуу, берүү, алмаштыруу, алып коюу жана жок кылуу документтерин кабыл алуу жана тариздөө жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – АМС) – качкындардын маалыматтарын чогултууга, сактоого, өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система;
анкета-арыз – электрондук түрдө таризделген, өтүнүч билдирген адамдын жеке маалыматтарын камтыган документ;
аймактык бөлүмдөр – качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жүргүзүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
жекелештирүү борбору – жол жүрүү документтерин жекелештирүүнү жүргүзүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү бөлүмү;
санариптик колтамга (мындан ары – СК) – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
жол жүрүү документи – «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын деп таанылган адамдын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү үчүн арналган белгиленген формадагы документ, ал улуттук паспорттун ордуна ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары колдонулушу мүмкүн.
3. Жол жүрүү документи тексттик, машина менен окула турган маалымат менен материалдык алып жүрүүчүдөгү документ түрүндө таризделет.
Жол жүрүү документи эки жылдык мөөнөткө берилет.
Качкындын ырастамасынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлгөн жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
Жол жүрүү документин алмаштыруу качкындын арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген качкындын колдонуудагы ырастамасы көрсөтүлгөндө жол жүрүү документи жарактуу деп эсептелет.
4. Идентификациялык жеке номеринин болушу жана барган жери боюнча каттоодон өтүү качкындын жол жүрүү документин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Өтүнүч билдирген адамда идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ИЖНди генерациялоону жана ыйгарууну жүргүзөт.
5. Жол жүрүү документинин бланктарынын формалары, сыпаттамасы, үлгүлөрү, анын техникалык өзгөчөлүгү, ошондой эле анкета-арыздардын формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6. Жол жүрүү документин тариздөө, жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн анкета-арызды жиберүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө качкындын жеке өзү берген арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Качкындын жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдарына, анын ичинде анын камкордугундагы же көзөмөлүндөгү балдарга жеке жол жүрүү документтери берилет.
Камкордукка же көзөмөлгө алынган жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдар камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн же башка мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда гана Кыргыз Республикасынан чыгат.
8. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм анкета-арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнүч билдирген адам тарабынан төлөнөт.
Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм ырасталбаган учурда санариптик анкета-арыз кабыл алынган жок деп эсептелет.»;
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.»;
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-пунктча менен толукталсын:
«2) маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу качкындын колдонуудагы статусу бар экендигин ырастоого мүмкүн болбогон учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу өтүнүч каты.»;
– 15-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтар базасы боюнча качкындын учурдагы статусунун бар экендигин текшерүү. Качкындын учурдагы статусу жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда анкета-арызды андан ары тариздөө миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүч катынын негизинде жүргүзүлөт;»;
17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Анкета-арыз келип түшкөндө жекелештирүү борбору качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүнү жүргүзөт.»;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Качкындын даярдалган жол жүрүү документтери жекелештирүү борбору тарабынан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берилет.»;
– 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4-глава. Качкындын жол жүрүү документин берүү
21. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган качкындын жол жүрүү документин өтүнүч билдирген адамдын өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берет.
22. Качкындын жол жүрүү документин берүүдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) качкындын жол жүрүү документи кимдин атына даярдалса, өтүнүч билдирген адамдын ошол адам экендигин текшерүүгө;
2) өтүнүч билдирген адамга качкындын жол жүрүү документине киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого;
3) заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык иш алып барат.
23. Качкындын жол жүрүү документинде заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылган учурда үч нускада акты түзүлөт. Актынын биринчи нускасы жекелештирүү борборуна жиберилет. Актынын экинчи нускасы жол жүрүү документинин жараксыз болгон бланкы менен бирге миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Актынын үчүнчү нускасы өтүнүч билдирген адамга берилет.
231. Заводдук же өндүрүштүк кемчилик табылгандан кийин качкындын жол жүрүү документин кайра даярдоо актыны берүү менен өтүнүч билдирген адам тарабынан арыз берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
232. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жекелештирүү борборунун кызматкери тарабынан заводдук же өндүрүштүк кемчиликке алып келген катага жол берилген учурда качкындын жол жүрүү документин кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.»;
– 26, 27-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«31. Эгерде өтүнүч билдирген адам жол жүрүү документин алуу үчүн ал таризделген күндөн тартып эки айдын ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келбесе, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жол жүрүү документин тийиштүү актыны тиркөө менен бир жыл бою сактоо үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин качкындын жол жүрүү документтери миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан жок кылынууга тийиш.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |