Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 618 токтомуна) |
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. Ден соолукту чыңдоо жана бөйрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтүү | ||||||
1 | Сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн маалыматтык чөйрө түзүү | ЖМК, социалдык тармактар, окутулган медициналык кызматкерлер, ден соолукту чыңдоо боюнча адистер, мугалимдер аркылуу калкты сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдоону күчөтүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | Калк сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдалды. ЖМКда сергек жашоо мүнөзүн жана туура тамактанууну жайылтууга бөлүнгөн убакыт көбөйтүлдү | ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
2 | ӨБОну профилактика-лоо чараларын күчөтүү | 1) сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну жана профилактикалык текшерүүдөн өтүүнү колдогон социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясын иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | ӨБО жана анын тобокелдик факторлору маселелери боюнча калк менен иштөө үчүн социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясы жана ыкмалары иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
2) «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагын түзүү менен бөйрөк ооруларын скринингден өткөрүүнүн жана пландуу медициналык кароолордун (check-up) негизинде ӨБОну профилактикалоого мониторинг жүргүзүүнү киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы
| ӨБОну профилактикалоого мониторинг (check-up) киргизилди. «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагы түзүлдү | ССМ, КРПИБ | |||
3) региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына спорт аянтчаларын, велосипед жолдорун кеңейтүү боюнча ж.б. чараларды киргизүү | 2028-жылдын I кварталы
| Шаарларда жана айылдарда спорт менен машыгуу үчүн жайлардын саны көбөйтүлдү | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
2-глава. БМСЖ деңгээлинде ӨБОну профилактикалоо, эрте аныктоо жана алып баруу системасын өркүндөтүү | ||||||
3 | Заманбап изилдөө методдоруна жеткиликтүү-лүктү кеңейтүү жана ӨБО диагностика-лоонун сапатын камсыз кылуу | 1) тобокелдик топторунда бөйрөктүн функциясын баалоону камтыган профилактикалык текшерүүлөрдү киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | Тобокелдик топторунда профилактикалык текшерүүлөр киргизилди. Калктын лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
2) прогрессти көзөмөлдөө, ӨБО эпидемиологиялык көзөмөлдү, тобокелдик факторлоруна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону өркүндөтүү үчүн башкаруунун, мониторингдин, баалоонун жана маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системаларын түзүү | 2027- жылдын IV кварталы | Коомдук саламаттык сактоо кызматы үчүн ӨБОну эпидемиологиялык көзөмөл, эсепке алуу жана отчеттуулук системасы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
3) ӨБОну аныктоо үчүн системалуу скрининг жүргүзүү | 2030- жылдын IV кварталы | ӨБОну аныктоо боюнча скрининг системасы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
4 | Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча саясатты түзүү | Жергиликтүү бийлик органдарын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн калкка колдоо көрсөтүүгө жана профилактикалык текшерүүдөн (check-up) өтүүгө мотивация берүүгө тартуу механизмин иштеп чыгуу | 2027- жылдын I кварталы – 2030- жылдын IV кварталы | Типтүү меморандум/макулдашуу бекитилди. Ар бир региондо жыл сайын ӨБО боюнча кеминде 2 коомдук иш-чара өткөрүлөт | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
5 | ӨБО бар бейтаптарды алып баруу жана эрте аныктоо чараларын күчөтүү | ӨБОну эрте аныктоонун жана бейтаптарды алып баруунун натыйжалуулугун төмөндөтүүчү системалык кемчиликтерди аныктоо максатында БМСЖ деңгээлинде ӨБОну контролдоого талдоо жүргүзүү | 2030- жылдын IV кварталы | Сунуштамалар менен отчет даярдалды | ССМ, ММКФ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
6 | БМСЖ деңгээлинде бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу | 1) ӨБО боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук системасы менен интеграцияланган лабораториялык маалыматтык системаны республика боюнча киргизүү | 2030-жылдын IV кварталы | Медициналык кызматкерлер бейтаптарды алып баруу боюнча маалыматтык системаларды колдонот, маалыматтарды башкарат | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
2) телемедицинаны колдонуу менен жетүүгө кыйын региондордогу медициналык кызматкерлерге консультациялык жана практикалык жардамды күчөтүү | 2027-жылдын I кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | ӨБО учурундагы татаалдашуулардын саны азайды: 2027-жыл – ӨБО боюнча тесттердин тизмеги стандартташтырылды; 2028-жыл – БМСЖ лабораторияларынын кеминде 30 %ы ӨБО боюнча тесттерди жүргүзөт; 2029-жыл – 50 %; 2030-жыл – БМСЖ лабораторияларынын 80 %ы маалыматтарды электрондук форматта өткөрүп берет | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
3) лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасын этап менен ишке киргизүү | I этап – 2028-жылдын II кварталы; II этап – 2030-жылдын III кварталы | Лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасы ишке киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
3-глава. Бардык деңгээлдерде ӨБОну дарылоо боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү | ||||||
7 | Комплекстүү ыкманы ишке киргизүү жана заманбап жабдууга, инновациялык дарылоо методдоруна бирдей жеткиликтүү-лүктү камсыз кылуу | 1) жайылышына жана дарылоонун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтарды системалуу чогултуу жана талдоо менен ӨБО боюнча улуттук регистрди түзүү | 2028-жылдын III кварталы | ӨБО боюнча улуттук регистр түзүлдү | ССМ, «Кызмат» ММ
| Республикалык бюджеттин каралган каражаттары-нын, донордук каражаттардын чегинде |
2) эл аралык сунуштамалардын (KDIGO) негизинде бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | Бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолор иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ
| Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
3) медикаменттерге, «жасалма бөйрөк» аппараттары үчүн чыгымдалуучу материалдарга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү, ошондой эле «жасалма бөйрөк» аппараттарын өз убагында техникалык тейлөөнү камсыз кылуу | Дайыма | Жабдууларды тейлөөнүн, чыгымдалуучу материалдар жана медикаменттер менен камсыз кылуунун системалуу механизми иштелип чыкты | ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ
| Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
4) БАТтын альтернативдүү жана бир кыйла ийкемдүү методу катары перитонеалдык диализди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2030-жылдын IV кварталы | Перитонеалдык диализ боюнча стандарттар иштелип чыкты, эсептөөлөр жүргүзүлдү, ССМдин бюджетине киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
4-глава. ӨБО боюнча интеграцияланган медициналык жардам системасын каржылоо жана ресурстар | ||||||
8 | Узак мөөнөттүү каржылоо саясатын иштеп чыгуу | 1) БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында натыйжага багытталган көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү: тобокелдик топторун каттоо, ТЧЫ/АККны аныктоону камтуу, артериялык кан басымын контролдоо, нефрологго өз убагында жиберүү, бейтаптарды окутуу | 2030-жылдын IV кварталы | БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында профилактикалык чаралар боюнча натыйжалар үчүн шыктандыруучу төлөмдөр ишке киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
2) сатып алууларды пландоо, дары каражаттарын жана реагенттерди, ошондой эле чыгымдалуучу материалдарды жеткирүү чынжырын башкаруу системасын жакшыртуу боюнча ченемдерди иштеп чыгуу | 2027-жылдын IV кварталы | Дары каражаттарын, реагенттерди ж.б. жеткирүү чынжыры жөнгө салынды | ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ
| Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
9 | Нефрологиялык кызматты ресурстар менен камсыз кылуу | «Нефрология», «гемодиализ врачы», «трансплантолог» адистиктери боюнча аттестациялоо критерийлерин жана квалификациялык категорияларды кайра кароо | 2027-жылдын IV кварталы | Аттестациялоо критерийлери кайра каралды | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
5-глава. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу | ||||||
10 | Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгуу | Маалыматтарды талдоо процесстерин жакшыртуу, бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана стратегиялык багыттарын аныктоо | 2030-жылдын IV кварталы | Маалыматтарды талдоо, пландоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу инструменттери түзүлдү жана ишке киргизилди | ССМ, «Кызмат» ММ
| Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси
|
| ||
«Кыргызфармация» МИ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы | |
«Кызмат» ММ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси | |
БАТ | – | бөйрөктү алмаштыруу терапиясы | |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |
ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |
Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | |
БМСЖ | – | баштапкы медициналык-санитардык жардам | |
ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары | |
ТЧЫ/АКК | – | түйдөкчөлүк чыпкалоо ылдамдыгы/альбумин-креатинин катышы | |
КРПИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | |
ММКФ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | |
ӨБО | – | өнөкөт бөйрөк оорусу | |