Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 618 токтомуна) |
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасы
1-глава. Киришүү
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө инфекциялык эмес оорулар (мындан ары – ЖЭО) маселелерин камтыган мурдагы программалардын алкагында ЖЭО менен ооругандардын жана каза болгондордун көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча прогресс жетишилген. Ошого карабастан, ЖЭО боюнча өлкөдөгү кырдаал дагы эле тынчсыздандырууда.
Кыргыз Республикасында, ресурстары чектелүү көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле, өнөкөт бөйрөк оорусун (мындан ары – ӨБО) эрте диагностикалоо жана профилактикалоо деңгээлинин жетишсиздиги байкалууда. Системалуу скринингдин жоктугу, калктын маалымдуулугунун төмөндүгү жана тармактык адистердин жетишсиздиги оорунун кеч аныкталышына өбөлгө түзүүдө, бул кымбат баалуу бөйрөктү алмаштыруучу терапияга (мындан ары – БАТ) – диализге жана трансплантацияга болгон муктаждыктын өсүшүнө алып келет.
2025-жылдын майынын аягында өткөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 78-сессиясында бөйрөктү оорудан сактоо аркылуу ЖЭОнун оорчулугун кыскартуу жөнүндө резолюция кабыл алынган. Резолюциянын негизги максаты бөйрөк ооруларын алдын алуу жана контролдоо үчүн профилактиканы күчөтүүгө, бөйрөктү оорудан сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана зарыл кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга чакыруу болгон. Кыргыз Республикасы калктын саламаттыгын натыйжалуу чыңдоо жана ооруларды профилактикалоо, саламаттык сактоо системасынын жана анын кадрдык потенциалынын туруктуулугун жогорулатуу; саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууну жана социалдык багыттагы медициналык-санитардык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар шартында ЖЭОну профилактикалоону жана дарылоону кеңейтүү зарылдыгы аркылуу ЖЭОдон мезгилсиз өлүмдү үчтөн бирине азайтуу жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2013–2030-жылдарга ЖЭОнун профилактикалоо жана контролдоо боюнча Глобалдык иш-аракеттер планынын максаттарына жетүү милдеттенмесин аларын ырастаган.
ӨБО гипертониясы бар ар бир бешинчи адамда жана кант диабети бар адамдардын 45 %да кездешет деген тенденция белгиленген, ошондой эле ӨБО ар кандай себептерден болгон ар бир онунчу өлүмдө коштоочу фактор болуп саналат жана ЖЭО менен байланышкан оорунун жана өлүмдүн олуттуу үлүшүн шарттайт.
2. «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасы (мындан ары – Программа) ӨБО боюнча кырдаалды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максатын, милдеттерин жана артыкчылыктарын, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү системасы жаатындагы жаңы артыкчылыктарды аныктайт.
3. Программаны иштеп чыгуу ачык-айкындык шартында жүргүзүлүп, ага мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тартылган.
2-глава. Кыргыз Республикасындагы ӨБО боюнча кырдаалды жалпы талдоо
4. Эл аралык маалыматтар боюнча ӨБОнун таралышы орточо 100 миң калкка 800дөн 1 200 учурга чейин (8–12 %) өзгөрөт. Борбордук Азия өлкөлөрүндө бул көрсөткүч диагностиканын жетишсиздигинин эсебинен көп учурда төмөн жана адатта 100 миң калкка 600–900 чегинде белгиленет. ЖЭО кеңири тараган өлкөлөрдүн катарына кирген Кыргыз Республикасында чоңдор жана балдар арасында жыл сайын ӨБОну аныктоонун көрсөткүчү реалдуу кырдаалды чагылдырбайт. Бул оорунун аныкталышынын төмөндүгү жана калктын тынчсыздануусу менен байланыштуу. Кыргыз Республикасында 2014-жылы көрсөткүч 100 миң калкка 900гө жакынды түзсө, 2024-жылы 100 миң калкка 720га чейин төмөндөгөн, бул акыркы беш жылдын ичинде гемодиализ методу менен БАТка муктаж бейтаптардын саны эки эсеге көбөйгөнүнө туура келбейт.
5. Кыргыз Республикасында ӨБОну адекваттуу контролдоо көйгөйү көбүнчө төмөнкү факторлор менен байланыштуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) бөйрөк ооруларын профилактикалоо, аныктоо жана өз убагында диагностикалоо боюнча «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттенмелерди аткаруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жетишсиздиги;
2) калктын да, врачтардын да ӨБО жана аны профилактикалоо чаралары жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлинин төмөндүгү;
3) социалдык детерминанттарды бөлүштүрүүдөгү теңсиздиктин пайда болушунун тереңдеши (жакырчылык, экономикалык өнүгүүнүн төмөндөшү, эмгек миграциясы, калктын аз маалымдуулугу ж.б.), бул бейтаптардын профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө шыктануусунун төмөндүгүнө, өз убагында диагностикалоого жана дарылоого кармануусунун төмөндүгүнө себеп болууда;
4) медициналык уюмдардын инфраструктурасынын жана жабдылышынын жетишсиздиги;
5) оорунун стадиясын туура эмес баалоонун натыйжасында ӨБОнун жоготулган учурлары, нефрологго жөнөтүүдө олуттуу убакыт жоготуулар;
6) ӨБО менен ооруган бейтаптардын каттоосунун жоктугу, бул эпидемиологиялык динамикага мониторинг жүргүзүүнү кыйындатат;
7) айрым изилдөөлөрдүн жеткиликсиздиги, врачка кеч кайрылуу жана оорунун агымынын оорлошу менен көрүнгөн финансылык тоскоолдуктар.
Тиешелүү түрдө өлкөдө ЖЭОну жана бөйрөк ооруларын башкаруу жана координациялоо нефрологиялык кызматтын ролун күчөтүүнү талап кылат.
3-глава. Программанын максаты
6. Программанын максаты жашоонун сапатына, ар бир курактык топтогу өндүрүмдүүлүккө жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн көп секторлуу кызматташуунун эсебинен бөйрөк ооруларынын алдын алуу жана профиликатикалоо менен келип чыккан оорунун, өлүмдүн жана майыптыктын оорчулугун азайтуу болуп саналат.
7. Программанын максатына төмөнкү учурда жетишилет:
1) калкка багытталган жана бүткүл республика боюнча иштей ала турган интеграцияланган нефрологиялык кызматты түзүү;
2) кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү жеткирүүчүлөрдү тартуу менен бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча активдүү мамлекеттик саясатты түзүү;
3) ар бир адамды, бейтапты, жакындарын профилактикалоо, тобокелдик факторлорун аныктоо, жүрүм-турумду жана мамилени өзгөртүү маселелерине активдүү тартуу жана өзүнүн, анын ичинде бөйрөктү оорудан сактоо үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу менен мамиле кылуу.
4-глава. Программанын максатына жетүү боюнча артыкчылыктуу багыттар, милдеттер жана негизги чаралар
8. Ден соолукту чыңдоо жана бөйрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтүү.
Сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча маалыматтык чөйрөнү түзүү үчүн калк менен системалуу маалыматтык иш ар кандай максаттуу топтор үчүн иштелип чыккан кыска негизги билдирүүлөрдүн негизинде жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, медициналык кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт, бул калкта бөйрөктү оорудан сактоого жана ӨБОну профилактикалоого өбөлгө түзүүчү билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу менен ар бир адамдын өз ден соолугу жана айлана-чөйрөсүнүн ден соолугу үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары – Саламаттык сактоо министрлиги) тарабынан адамдын социалдык статусун эске алуу менен жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу калк, артыкчылыктуу топтор, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер менен иштөө үчүн ӨБОну профилактикалоо маселелери боюнча стратегия жана ыкмалар иштелип чыккан. Стратегия туура эмес тамактануунун, организмдин суусузданышынын, семирүүнүн, энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуунун, дары-дармектерди көзөмөлсүз кабыл алуунун зыяны, ошондой эле бөйрөк ооруларынын өнүгүшүндө тиштердин саламаттыгынын ролу жөнүндө маалымат таратуу маселелерин камтыйт.
Ведомстволор аралык түзүмдөр өз деңгээлинде туруктуу негизде ӨБОну профилактикалоо, эрте аныктоо, скрининг жүргүзүү жана өз убагында текшерүүдөн өткөрүү маселелери боюнча программанын ишине активдүү тартылат.
9. Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде (мындан ары – БМСЖ) ӨБОну профилактикалоону, эрте аныктоону жана алып барууну күчөтүү.
Кыргыз Республикасында ӨБОну профилактикалоонун негизи калк, саламаттык сактоо жана адистештирилген жардам деңгээлиндеги ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү болуп эсептелет. ӨБОну профилактикалоонун негизги багыттарына бөйрөктүн функциясынын мааниси жөнүндө агартуу жана маалымдуулукту жогорулатуу кирет. Соо бөйрөк маселесинде тузду чектөө, каныккан майларды колдонууну азайтуу сыяктуу тамактануу адаттары, ошондой эле тамеки тартуудан баш тартуу, алкоголду кыянаттык менен пайдалануу деңгээлин азайтуу жана тиштердин саламаттыгын сактоо чоң роль ойнойт. Салмакты контролдоо жана туура тамактануу үчүн мектептерде рационалдуу тамактануунун эрежелерин үйрөтүүгө жана бала кезден туура тамактануу адаттарын калыптандырууга багытталган ден соолук сабактарын киргизүү боюнча иш-чаралар сунушталат. Физикалык активдүүлүк да ден соолук үчүн маанилүү. Шаарларда жана айылдарда спорт аянтчаларынын жана велосипед жолдорунун санын көбөйтүү сунушталат.
Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк ооруларына скрининг жүргүзүүнүн, пландуу медициналык кароолордун (check-up) негизинде жана «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагын калыптандыруу менен ӨБОну профилактикалоого мониторинг жүргүзүүнү киргизген. Профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларын туруктуу каржылоо өлкө боюнча нефрологиялык жардамга тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
10. ӨБОну аныктоо жана диагностикалоо, ӨБОну эрте аныктоону камсыз кылуу.
Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөктүн функциясын баалоону, электрондук маалыматтык системалардын негизинде ӨБОнун пайда болуу тобокелдигин жана анын күчөө даражасын эсепке алууну камтыган тобокелдик топторун профилактикалык текшерүү боюнча ишти күчөттү. Бул жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында, анын ичинде региондордогу мектепке чейинки мекемелерде тобокелдик топторун аныктоо үчүн системалуу скрининг жүргүзүү балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында бөйрөк ооруларын эрте аныктоону камсыз кылат. Скринингдин стратегиялары жана ыкмалары заманбап эл аралык сунуштамаларга ылайык жаңыртылган.
Башкаруунун, мониторингдин, баалоонун жана маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системаларын түзүү прогрессти көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. ӨБО боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарына тобокелдик топторуна карата чараларды күчөтүүгө жардам берет.
БМСЖ адистеринин квалификациясын жогорулатуу программаларына баштапкы звенодогу медициналык кызматкерлердин ӨБОну эрте аныктоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган модулдар киргизилди. Ошол эле учурда тобокелдик факторлору бар жана ӨБОго шектелген адамдардын регистрин түзүү жана жүргүзүү удаа улантылат, бул системалуу мониторингди жолго коюуга, профилактиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз убагында кийлигишүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо министрлиги ӨБОну аныктоо үчүн системалуу скрининг жүргүзүүнү күчөтөт, коомдук саламаттык сактоо кызматы жана БМСЖ үчүн ӨБОго эпидемиологиялык көзөмөл системасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкты профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө колдоо көрсөтүүгө жана мотивациялоого жергиликтүү бийлик органдарын тартуунун механизмдери иштелип чыккан.
Натыйжалуу лабораториялык диагностика менен камтууну кеңейтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги бүтүндөй республика боюнча ӨБОну диагностикалоону жана контролдоону жүзөгө ашырган медициналык уюмдардагы лабораториялык процесстерди автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан лабораториялык маалыматтык системаны (мындан ары – ЛМС ILab) киргизүү менен лабораториялар тармагын картага түшүрүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк ооруларын эрте аныктоого, бөйрөк ооруларын өз убагында диагностикалоого медициналык кызматкерлердин көңүлүн күчөтүүгө, саламаттык сактоо уюмдарындагы жабдуулардын пайдаланылышын, диагностика үчүн чыгымдалуучу материалдар менен реагенттердин болушун контролдоону жүзөгө ашырууга багытталган чараларды күчөтөт.
Диагностиканын заманбап методдору менен камтууну кеңейтүү үчүн иштеп жаткан лабораторияларда изилдөөлөрдүн тизмеги кеңейтилди. Телемедицина технологияларын колдонуу менен алыскы жана жетүүгө кыйын региондордо иштеген медициналык кызматкерлерге ӨБОну өз убагында аныктоо жана дарылоону туура дайындоо маселелери боюнча консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги балдардагы бөйрөк ооруларын эрте аныктоого, так диагностикалоого жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө багытталган заманбап жана жогорку натыйжалуу лабораториялык диагностика методдорун киргизет.
11. Бардык деңгээлдерде ӨБОну дарылоо боюнча комплекстүү кызматтарды көрсөтүү.
Комплекстүү мамилени киргизүү жана заманбап жабдууларга, инновациялык дарылоо методдоруна тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги медикаментоздук терапиянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, электрондук саламаттык сактоонун жалпы системасына интеграцияланган ӨБОнун улуттук регистрин түзүү аркылуу бейтаптарды медициналык жардамдын деңгээлдеринин ортосунда маршрутизациялоо жана оорунун таралышын, дарылоонун натыйжалуулугун системалуу талдоо боюнча иш жүргүзөт. Эл аралык сунуштамалардын (KDIGO) негизинде бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолор иштелип чыккан жана киргизилген. БМСЖ деңгээлиндеги иш ӨБОнун алгачкы белгилери бар бейтаптарды активдүү аныктоого жана жүргүзүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасында БАТтын сапатын жогорулатуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализди да, перитонеалдык диализди да өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү чараларды көрөт. Маанилүү милдеттердин бири бейтаптардын медикаментоздук терапиясына ыкчам жеткиликтүүлүгүн, чыгымдалуучу материалдарды жана «жасалма бөйрөк» аппараттарын техникалык тейлөө үчүн зарыл жабдууларды өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Ошол эле учурда республика боюнча гемодиализ үчүн кан тамыр жеткиликтүүлүгүн түзүү, перитонеалдык диализ үчүн катетер имплантациялоо жана тандалган диализ методу үчүн иштеп турган жеткиликтүүлүктү сактоону этап-этабы менен контролдоо системасы түзүлөт. БАТтын альтернативдүү жана ийкемдүү методу катары перитонеалдык диализди иштеп чыгууга жана киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
ӨБО менен ооруган бейтаптарды жүргүзүүдөгү дисциплиналар аралык мамилеге нефрологдор, трансплантологдор, диализ дарыгерлери, терапевттер, эндокринологдор, кардиологдор, диетологдор, психологдор, ошондой эле орто медициналык деңгээлдеги адистер жана социалдык кызматкерлер катышат. Бейтаптарды командалык негизде жүргүзүү дарылоонун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Менчигинин түрүнө карабастан гемодиализ жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чаралары эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүлөт, ошондой эле ӨБО боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук системасы жакшыртылат.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан трансплантация борборун түзүү жана донорлор менен реципиенттердин бирдиктүү маалыматтык базасын калыптандыруу менен органдарды жана ткандарды трансплантациялоо программасы иштелип чыгат. Бул система саламаттык сактоонун улуттук электрондук платформасына интеграцияланып, потенциалдуу донорлор жана трансплантацияга муктаж бейтаптар жөнүндө маалыматтарды борборлоштурулган түрдө чогултуунун, сактоонун жана иштеп чыгуунун негизги инструменти болуп калат. Маалыматтык система донорлордун жана реципиенттердин актуалдуу регистрин медициналык көрсөткүчтөрдү, кан тобун, иммунологиялык мүнөздөмөлөрдү жана шайкештикти тандоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды эске алуу менен түзүүгө мүмкүндүк берет. Анын негизинде «донор – реципиент» шайкеш жуптары автоматташтырылган түрдө тандалып, күтүү мөөнөтү кыйла кыскарып, жүргүзүлүүчү трансплантациялардын натыйжалуулугу жогорулайт. Система ЛМС ILab клиникалык жана лабораториялык маалыматтар базалары менен интеграцияланат, бул медициналык мекемелердин ортосунда маалыматты ыкчам алмашууга жана трансплантациялык жардамдын бардык этаптарында бейтаптардын абалына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай базаны түзүү ийгиликтүү операциялардын санын көбөйтүүгө гана эмес, коомдун трансплантация кызматына болгон ишенимин бекемдейт. Мындан тышкары, жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоо жана маалыматтык коопсуздуктун эл аралык стандарттарына шайкештик өзгөчө мааниге ээ.
Трансплантация борборунун функцияларына донорлор менен реципиенттерди комплекстүү медициналык коштоо боюнча, ошондой эле трансплантаттын четке кагылышын алдын алуучу дары препараттары менен камсыз кылуу боюнча маселелерди камтуу менен органдарды жана ткандарды трансплантациялоо ишин координациялоо кирет. Трансплантация жөнүндө коомдук маалымдуулукту калыптандыруу боюнча материалдар иштелип чыгат, ошондой эле бейтаптардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн комплекстүү реабилитациялык жана колдоо программалары киргизилет.
Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасында органдарды жана ткандарды трансплантациялоонун туруктуу системасын түзөт, бул оор өнөкөт оорулары бар бейтаптардын өмүрүнүн узактыгын жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
12. ӨБО учурунда медициналык жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасын каржылоо жана ресурстук камсыздоо.
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде нефрологиялык жардамды уюштуруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги оорунун стадиясына жана курактык категорияга жараша ӨБО менен ооруган бейтаптарды маршрутизациялоону калыптандыруу менен баштапкы звенодон жогорку технологиялуу дарылоо методдоруна чейинки адистештирилген жардамдын уланмалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Райондук, облустук жана республикалык деңгээлде сапаттуу нефрологиялык жардам көрсөтүү үчүн инфраструктураны жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү ӨБОну диагностикалоонун, дарылоонун жана алдын алуунун бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө, стационарлар менен БМСЖ уюмдарынын ортосундагы уланмалуулукту жакшыртуу аркылуу нефрологиялык жардамдын натыйжалуу түзүмүн түзүүгө мүмкүндүк берет. Менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн бөйрөк ооруларын милдеттүү эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү, каттоо менен саламаттык сактоо системасында ченемдик документтер иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасында нефрологиялык кызматты каржылоо саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат, анткени бөйрөк оорулары жогорку технологиялуу жана кымбат медициналык жардамды талап кылат. Азыркы учурда каржылоонун булактары республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары болуп саналат. Чыгымдардын олуттуу бөлүгү бейтаптарды гемодиализ менен камсыз кылууга, ал эми азыраагы бөйрөк трансплантациясына багытталат. 2026-жылы гемодиализ кызматтарына болгон муктаждыкты жабуу үчүн болжол менен 3,5 млрд сом талап кылынса, 2025-жылга болгону 2,5 млрд сом каралган, бул каржылоонун тартыштыгын көрсөтөт.
Нефрологиялык кызматты каржылоону өркүндөтүү үчүн мамлекеттик ассигнованиелерди көбөйтүү, жардамдын негизги түрлөрүн медициналык камсыздандыруунун кепилденген пакетине киргизүү, борборлоштурулган жана стратегиялык сатып алууларды киргизүү, ошондой эле региондук деңгээлде инфраструктураны жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү зарыл. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эл аралык жардам каражаттардын негизги эмес, кошумча булагы боло турган туруктуу каржылоо шарттарын түзүү маанилүү багыт болуп саналат. Комплекстүү мамиле гана Кыргыз Республикасындагы бардык бейтаптар үчүн нефрологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бөйрөк оорулары бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн кызматтарга натыйжага багытталган каржылоо принцибинин негизинде төлөөнүн учурдагы жана жаңы методдорун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу наркын алдын ала баалоо гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдарды эске албастан 150 млн сомду түздү.
Программа медициналык жардамдын бардык деңгээлдеринде ӨБОну эрте диагностикалоо системасын өнүктүрүүнү карайт. Райондук жана облустук звенонун лабораторияларында ЛМС ILabга киргизилген жеткиликтүү изилдөөлөрдүн тизмеги кеңейтилди, бардык курактык категорияларда скринингдик программалар ишке киргизилди. БМСЖнын деңгээлинде оорунун стадиясына жана бейтаптардын жаш курагына жараша аныктоо жана багыттоо боюнча бирдиктүү алгоритмдер кирет.
Дары менен камсыздоо Программанын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Мамлекет тобокелдик факторлорун контролдоо үчүн жашоо үчүн зарыл болгон препараттардын жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берет. ӨБО жана диализ боюнча лабораториялык изилдөөлөр үчүн зарыл болгон дары каражаттары, реагенттер жана чыгымдалуучу материалдар өлкөдө кийин үзгүлтүксүз жаңыртуу жана каттоо менен жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмегине киргизилет. Бул жол-жоболор мамлекеттик каражаттарга зарыл болгон реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасында диализдик жардам өзгөчө алыскы райондордогу балдар жана бейтаптар үчүн бир кыйла аяр жана ыңгайлуу метод катары региондордо жаңы гемодиализ борборлорун түзүүнүн жана перитонеалдык диализди өнүктүрүүнүн эсебинен кеңейтилди.
Бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү стратегиялык артыкчылык катары каралат. Программа трансплантация жүргүзүү үчүн заманбап хирургиялык базаны түзүүнү, донорлордун жана реципиенттердин улуттук регистрин уюштурууну, бардык курактык топтордогу тирүү донорлорду социалдык коргоону жана каза болгондон кийин донордук системасын келечекте ишке киргизүүнү карайт.
Программаны ишке ашыруу процессинде кадрдык камсыздоо өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз Республикасында нефрологдордун, балдар нефрологдорунун, трансплантологдордун, диализ врачтарынын жана медайымдардын жетишсиздиги байкалууда. Саламаттык сактоо министрлиги адистерди максаттуу даярдоону жүргүзүүдө, квалификацияны жогорулатуу курстарын, эл аралык стажировкаларды уюштурууда жана эл аралык сунуштамалардын негизиндеги клиникалык протоколдорду ишке киргизүүдө.
13. Кыргыз Республикасында ӨБОну натыйжалуу стратегиялык башкаруу фрагментардуу чаралардан медициналык жардамдын бардык деңгээлдерин бириктирген комплекстүү саясатка өтүүгө, бейтаптарды профилактикалоонун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун туруктуу мамлекеттик системасын түзүүгө багытталган. ӨБОну башкаруунун негизги багыты бейтаптарды системалуу эсепке алууну, оорунун жайылышын жана динамикасын талдоону, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты болжолдоону жана ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоону камсыз кылган ӨБОнун улуттук регистрин түзүү болуп саналат. ӨБОнун улуттук регистрин түзүү анык маалыматтардын негизинде башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга жана системанын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын функциялары Программанын негизги аткаруучуларынын деңгээлине чейин кеңейтилген.
Нефрологиялык кызматтын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мамлекет максаттуу каржылоону, стратегиялык сатып алууларды өнүктүрүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүүнү жана кошумча булак катары эл аралык ресурстарды тартууну карайт. Адистештирилген кадрлар жана бейтаптар үчүн билим берүү программаларын өнүктүрүү өзүнчө багыт болот. Облустук жана республикалык борборлордун алдындагы бейтаптар мектептери калктын профилактикалоо жөнүндө маалымдуулугун, дарылоону жактоочулукту жана диализге же трансплантацияга даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасында ӨБОну натыйжалуу стратегиялык башкаруу калктын заманбап дарылоо түрлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган, майыптыктын жана өлүмдүн деңгээлин төмөндөткөн, бөйрөк ооруларынын социалдык-экономикалык оорчулугун азайткан жана улуттук саламаттык сактоо системасынын потенциалын бекемдеген медициналык жардамдын интеграцияланган моделин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында ӨБО жана нефрологиялык кызмат боюнча медициналык-статистикалык маалыматтарды башкаруу системасын түзүү бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарды контролдоонун, дарылоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык негизги багыттарын бириктирген бирдиктүү санариптик экосистеманы калыптандырууга багытталган. Мындай система маалыматтарды фрагментардуу жүргүзүүдөн анык маалыматка жана ачык-айкын механизмдерге негизделген комплекстүү башкарууга өтүүгө мүмкүндүк берет. Экосистеманын негизин өз ара байланышкан бир нече электрондук компонент түзөт.
Балдарды жана чоңдорду кошкондо оорунун бардык стадияларындагы бейтаптарды системалуу эсепке алууну камсыз кылган ӨБОнун улуттук регистри оорунун жайылышынын динамикасын көзөмөлдөөгө, дарылоонун натыйжалуулугун белгилөөгө, диализдик жана трансплантациялык жардамга болгон муктаждыкты болжолдоого мүмкүндүк берет.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын автоматташтырылган чогултууну жана сактоону камсыз кылган ЛМС ILab аркылуу лабораториялык маалыматтарды интеграциялоо өзгөчө мааниге ээ. Бул БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарынан тартып улуттук борборлорго чейинки бардык деңгээлдеги врачтарга бирдиктүү, стандартташтырылган жана актуалдуу маалыматтар менен иштөөгө мүмкүндүк берет.
Потенциалдуу туугандык донорлор жана реципиенттер жөнүндө маалыматтарды, каза болгондон кийин келечектеги донорлорду кароону, шайкештиктин даражасын жана артыкчылыктуулукту камтыган донорлордун маалыматтык системасы ачык-айкындуулукту камсыз кылат жана трансплантацияны күтүү мөөнөтүн кыскартат.
Өзүнчө блок катары трансплантациядан кийинки бейтаптарды узак мөөнөттүү байкоо үчүн арналган регистр түзүлөт, анда иммунодепрессиялык препараттарды кабыл алуу, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, кабылдап кетүүлөр жана трансплантаттын жашап кетүүсү жөнүндө маалыматтар белгиленет. Бул бейтаптарды трансплантациядан кийин коштоонун сапатын жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бардык саналган чакан системалар аналитиканын жана мониторингдин бирдиктүү модулуна бириктирилген, ал ӨБО менен ооругандардын жана андан каза болгондордун деңгээли, скрининг менен камтуу, диализге жана трансплантацияга жеткиликтүүлүк, дары менен камсыз кылуунун натыйжалуулугу жана бейтаптардын терапияны жактоосу сыяктуу негизги көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет. Чакан системалардын маалыматтарын электрондук саламаттык сактоонун улуттук платформасына интеграциялоо врачтар, башкаруу органдары жана илимий коомчулук үчүн маалыматтын бүтүндүгүн, аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
14. 2030-жылга карата ӨБОдон өлүм 2024-жылдагы 100 миң калкка 18 учурдан 100 миң калкка 12 учурдан ашпаган деңгээлге чейин төмөндөйт деп күтүлүүдө, бул 30–35 пайызга төмөндөөгө туура келет.
15. ӨБОну эрте стадияларда (1–3-стадиялар) аныктоонун үлүшү 15 пайыздан кеминде 40 пайызга чейин көбөйөт.
16. Тобокелдик топторундагы адамдарды скрининг менен камтуу 15 пайыздан кеминде 50 пайызга чейин көбөйөт.
17. Врач-нефрологдор менен камсыз болуу 100 миң калкка 1 адистен 3 адиске чейин көбөйөт.
18. Тирүү туугандык донор болгондо бөйрөк трансплантацияларынын саны 2026-жылдагы жылына 15–20 операциядан 2030-жылга карата жылына кеминде 100 операцияга чейин көбөйөт.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
19. Программаны ишке ашыруу калктын саламаттыгы үчүн актуалдуу коркунучтардын бири катары таанылган ӨБО проблемасынын саясий жана социалдык маанисинин жогорулашына өбөлгө түзөт.
Программаны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
– ӨБОну диагностикалоонун, дарылоонун жана профилактикалоонун заманбап ыкмаларын Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берген эл аралык клиникалык сунуштамалардын жана чет өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасынын болушу;
– нефрологиялык жардамды андан ары кеңейтүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуучу диализ борборлорунун иштеп жаткан инфраструктурасынын болушу;
– мониторинг жүргүзүүнүн, бейтаптарды эсепке алуунун жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн санариптик технологияларды ишке киргизүү жана электрондук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү;
– нефрологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн кадрдык негизди түзгөн С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу потенциалынын болушу.
20. Ошону менен бирге Программаны ишке ашыруу бир катар тобокелдиктер менен коштолушу мүмкүн.
Негизги тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
– БАТка кеткен чыгымдардын жыл сайын өсүшү жана муктаждыктардын бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып кетүүсү менен шартталган финансылык ресурстардын жетишсиздиги;
– айрыкча региондордо врач-нефрологдордун жана башка тармактык адистердин жетишсиздиги;
– профилактикалык иш-чаралар жана скрининг менен камтуунун жетишсиздиги, бул ӨБОну кеч аныктоого жана саламаттык сактоо системасына жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келет;
– БАТ чөйрөсүндөгү жабдууларды, чыгымдалуучу материалдарды жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоого жогорку көз карандылык, бул системанын экономикалык жана логистикалык үзгүлтүктөргө алсыздыгын жогорулатат;
– калктын кирешесинин төмөн деңгээлин кошкондо, өз убагында диагностикалоонун, дарылоонун жана кийинки байкоонун жеткиликтүүлүгүн чектеши мүмкүн болгон социалдык-экономикалык кыйынчылыктар;
– тобокелдик факторлору, профилактикалоо чаралары жана ӨБОнун алгачкы белгилери жөнүндө калктын маалымдуулугунун жетишсиздиги, ошондой эле системалуу маалыматтык-агартуу иштеринин жоктугу, бул медициналык жардамга эрте кайрылууга тоскоол болот, оорунун кеч аныкталышына жана бейтаптардын БАТка өтүү тобокелдигинин жогорулашына алып келет.
7-глава. Программаны аткарууга жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, баалоо
21. Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Программада каралган индикаторлордун жана максаттуу көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
22. Программаны ишке ашыруунун жүрүшү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу жана максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жыйналыштарында каралат.
23. Программанын стратегиялык багыттарын жана жогоруда аталган иш-чаралар планын ишке ашыруу тиешелүү финансылык жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле донорлордун жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүргүзүлөт.