Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 624
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана
илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине
эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны
жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 236 тескемесин аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
5 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин илимий жана илимий-техникалык уюмдары | 14 | 262,25 | 53 | 329,25 |
».
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |