Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 21-сентябры № 332
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө»
Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында башталган реформаларды улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
–.2-пунктта «Баетов Аяз Батыркуловичке» деген сөздөр «Айылчиев Алмаз Асимовичке» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |