Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 623
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү, адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731 «БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жободо:– 1-пункттун биринчи абзацында, 4-пункттун үчүнчү абзацында түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Өкмөтү» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;– 3-пунктта: биринчи абзацта «Өкмөтүнө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» деген сөздөргө алмаштырылсын;төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:«БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынан көлөмү 15 беттен ашык англис тилиндеги жеке даттануулар (билдирүүлөр), чечимдер (пикирлер) келип түшкөндө Катчылык аларды мамлекеттик же расмий тилдерге (расмий эмес) которууну камсыз кылат.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
«Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү, Координациялык кеңештин катчысы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.».