Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-сентябры № 709-т
Ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, ата мекендик өндүрүштөгү зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, зергерчилик өнөр жайынын субъекттеринин жеңилдетилген каржылоого, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоого жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасы «кредиттик продуктулары боюнча пайыздык ставкаларды» деген сөздөрдөн кийин «жана номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо бааны/кирешени (мындан ары – кошмо баа)» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.»;
3) 5-пункт «субъекттерге кредит берүүдө» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоодо» деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өз компетенциясынын чегинде Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.»;
5) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген «Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү» долбоорун ишке ашыруу тартибинде:
– 1-пункт «жеңилдетилген кредиттерди берүү» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоо» деген сөздөр менен толукталсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктардын кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны субсидиялоого республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар жана башка субъекттер.»;
– 8-пункт «жеңилдетилген кредиттерди» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоону» деген сөздөр менен толукталсын;
– 9-пункт «кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо бааны» деген сөздөр менен толукталсын;
– 10-пункт «жана башкаруу» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоо» деген сөздөр менен толукталсын;
– 14-пункт «кредит берүүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 15-пункт «кредит берүүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 16-пункт «кредит берүүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 19-пункт «берилген кредиттер» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоо» деген сөздөр менен толукталсын;
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Банктардын чыгымдарын жабуу үчүн пайыздык ставка жана номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо баа/киреше боюнча субсидияларды берүүдө эсептик коэффициент жылдык 9,67 пайызды түзөт.
60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо үчүн субсидиялоонун жалпы коэффициенти 26,98 пайызды түзөт, анын ичинен бир бөлүгү 8,71 эсептик коэффициенти боюнча 2026-жылга, бир бөлүгү – 8,34 эсептик коэффициенти боюнча 2027-жылга, бир бөлүгү – 5,46 эсептик коэффициенти боюнча 2028-жылга, бир бөлүгү – 3,31 эсептик коэффициенти боюнча 2029-жылга, бир бөлүгү – 1,16 эсептик коэффициенти боюнча 2030-жылга которулат.
Акыркы алуучу үчүн пайыздык ставка/номиналдык жылдык пайыздык маанидеги кошмо баа/киреше жылдык 6 пайызды түзөт.»;
– 23-пункттун 1-пунктчасы «кредиттик каражаттардын» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөөлөрдү жүргүзгөн зайымчылардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү.
Банктар субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарына өтүнмөлөрдү берүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөнгөндөрүн эсептен чыгаруу менен кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону эске алат.
Банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер жана ислам принциптерине ылайык каржылоо жөнүндө берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алуучулардын каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
Башка өлкөлөрдөн жабдууларды берүү учурунда зайымчылар үч айдын ичинде банктарга кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылганын ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.»;
– 27, 28-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Зайымчы жеңилдетилген кредитти же ислам принциптерине ылайык каржылоону максатсыз, анын ичинде атайылап пайдаланган факты аныкталган учурда кредит боюнча пайыздык ставка же ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кошмо баа/киреше кредит же каржылоо берилген датадан тартып банктардын өздүк ресурстарынын эсебинен берилүүчү колдонуудагы кредиттик продуктуларында же банктардын ислам принциптерине ылайык каржылоо продуктуларында каралган өлчөмдө белгиленет. Банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мурда которулган субсидиялардын суммаларын толук көлөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
28. Банктар тарабынан субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өз компетенциясынын чегинде Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.»;
– 29-пункт «кредиттердин» деген сөздөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 30, 31-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды жана ислам принциптерине ылайык каржылоону пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында банктар жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына зайымчылар тарабынан кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча берет:
– жеңилдетилген кредитти жана ислам принциптерине ылайык каржылоону алган зайымчылардын саны;
– сатып алынган жана модернизацияланган жабдуулардын көлөмү.
31. Долбоордун алкагында зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
Башка өлкөлөрдөн жабдууларды берүү учурунда кредиттик каражаттардын жана ислам принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылганын ырастоо мөөнөтү үч айга чейин белгиленет.»;
– 32-пункт «кредиттик келишимдерге» деген сөздөрдөн кийин «жана ислам принциптерине ылайык каржылоо келишимдерине» деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |