Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-августу № 01-5/ 112
Участкалык шайлоо комиссияларынын
резервин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2026-жылдын 12-августунда Ноокен районунун участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жетишсиз экендигин белгилеген каты боюнча, шаардык мэрия тургундары менен өткөргөн жыйындын протоколдорун жана көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитип берүүгө жазган сунушун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
токтом кылат.
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын жана шаардык мэриянын каты эске алынсын.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн сунушталган талапкелердин тизмеси бекитилсин.
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн сунушталган талапкелердин тизмеси, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|