Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин
2026-жылдын 14-сентябрындагы № 1227/1
буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги
коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар
учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Функциянын түрү: Тармактык саясатты ишке ашыруу жана билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуу функциясы | |||||||
1 | Башталгыч кесиптик билим берүү үчүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун план-болжолун иштеп чыгуу жана бекитүү | - Эмгек рыногунун керектөөлөрүн аныктоонун актуалдаштырылган ченемдик тартибинин жана бирдиктүү критерийлеринин жоктугунан башталгыч кесиптик билим берүүнүн айрым билим берүү уюмдарына негизсиз артыкчылыктарды берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөндөн улам башталгыч кесиптик билим берүү үчүн кадрларды даярдоонун план-болжолун түзүүдө жана бекитүүдө объективдүү эмес чечимдерди кабыл алуу; - Башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун лицензиясы жок кесиптердин кадрларын даярдоо планы-болжолуна киргизүү, андан кийин билим алуучуларды уруксат берилбеген билим берүү программасы боюнча окууга жиберүү | Системалуу | Жогору | Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемеси, башталгыч кесиптик билим берүү уюму
| Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин директору, башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун директору
| Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин, башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн.
|
2 | Билим берүү системасын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү, жалпы билим берүүнү, башталгыч кесиптик билим берүүнү жана кошумча билим берүүнү санариптик трансформациялоонун стратегиялык багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Билим берүү системасын санариптик трансформациялоо боюнча сунуштарды даярдоодо программалык камсыздоонун, маалыматтык системалардын жана санариптик платформалардын айрым провайдерлеринин кызыкчылыктарын мүмкүн болгон илгерилетүү | Кырдаалдык | Төмөн | Санариптик трансформациялоо бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн.
|
3 | Балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензиялоону жүзөгө ашыруу | Лицензиялоонун онлайн-платформасы аркылуу арыздарды толтурууда жана берүүдө айрым билим берүү уюмдарына көмөк көрсөтүү жолу менен кызмат адамдары тарабынан материалдык же башка пайда алуу, негизсиз консультацияларды берүү же белгиленген ыйгарым укуктардын чегинен тышкары аракеттерди жасоо | Кырдаалдык | Төмөн | Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн.
|
4 | Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү жаатында мамлекеттик кадр саясатын белгиленген тартипте ишке ашыруу | Педагогикалык кызматкерлерди алардын кесиптик милдеттери менен байланышпаган оңдоо, айыл чарба жана башка иштерди аткарууга негизсиз тартуу үчүн кызмат абалынан пайдаланууда, кызмат адамдары тарабынан материалдык же башка мыйзамсыз пайда алуу үчүн шарттарды түзүүдө көрсөтүлгөн мамлекеттик кадр саясатын талаптагыдай эмес ишке ашыруу | Кырдаалдык | Орточо | Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмү (башкармалыгы), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюму | Райондук (шаардык) бөлүмдүн (башкармалыктын) башчысы, билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары | Бул тобокелдиктер райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
5 | Окуу китептерин жана окуу жабдууларын бөлүштүрүү | Айрым билим берүү уюмдарына негизсиз артыкчылыктарды берүү, алардын иш жүзүндөгү керектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды бурмалоо же айрым жактардын кызыкчылыктарында бөлүштүрүү көлөмүн негизсиз өзгөртүү жолу менен билим берүү уюмдарынын ортосунда окуу китептерин жана окуу жабдууларын объективдүү эмес бөлүштүрүү | Системалуу | Жогору | Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы, Мектептик билим берүү башкармалыгы, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы, Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмү, Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмү, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмү (башкармалыгы), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюму | Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, райондук (шаардык) бөлүмдүн (башкармалыктын) башчысы, билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары, бухгалтерлер | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча функциясы | |||||||
6 | Окуу китептеринин жана окуу-методикалык комплекстердин кол жазмаларын экспертизалоо | - Кызмат адамдары жана үчүнчү жактар менен түздөн-түз байланышта болгон учурда макулдашуу мүмкүнчүлүгү; - Окуу китептеринин жана окуу-методикалык комплекстердин кол жазмаларын экспертизалоодо кызыкчылыктардын кагылышы | Кырдаалдык | Жогору | Мектептик билим берүү башкармалыгы, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси
| Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору
| Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
7 | Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды берүү | Жайларды, залдарды, жабдууларды жана инвентарларды айрым адамдарга же уюмдарга пайдаланууга белгиленген тартипти бузуу менен, анын ичинде материалдык же башка пайда алуу үчүн мыйзамсыз берүү | Кырдаалдык | Орточо | Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмү (башкармалыгы), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү уюму | Райондук (шаардык) бөлүмдүн (башкармалыктын) башчысы, билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары, бухгалтерлер | Бул тобокелдиктер райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Координациялоо жана контролдоо функциясы | |||||||
8 | Министрликтин республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук мекемелеринде жана уюмдарында, аймактык бөлүмдөрүндө бюджеттик жана финансылык тартиптин сакталышына мамлекеттик контролдоону жүргүзүү | - Бюджеттик жана башка финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышына талаптагыдай эмес контролдоо; - Сметалык дайындоолорго негизсиз өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кырдаалдык | Орточо | Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук уюмдары жана мекемелери
| Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, бюджеттик табыштама берүүчү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын жана мекемелеринин жетекчилери жана бухгалтерлери | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын жана мекемелеринин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
9 | Жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарында билим алуучуларды мамлекеттик аттестациялоонун бардык түрлөрүнүн жана формаларынын жүргүзүлүшүн контролдоону жүргүзүү | Айрым адамдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү максатында билим алуучулардын ийгиликтери жана окуу натыйжалары жөнүндө санариптик маалыматтарды, анын ичинде билим алуучу билим берүү уюмунда иш жүзүндө жок болгон учурда, уруксатсыз киргизүү, өзгөртүү же түзөтүү жолу менен мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын бурмалоо | Кырдаалдык | Орточо | Жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюму | Билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары, класстык жетекчилер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен түздөн-түз өз ара аракеттенген педагогикалык кызматкерлер, аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
10 | Балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын билим берүү иши чөйрөсүндө лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоону жүргүзүү | - Аянттардын жетишсиздиги, кадрлардын же санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундуларынын жоктугу сыяктуу лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын атайылап жашыруу, финансылык же башка пайда алуу үчүн лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларды жашыруу; - Негизсиз пландан тышкаркы текшерүүлөрдү же жасалма административдик тоскоолдуктарды түзүүнү демилгелөө | Кырдаалдык | Орточо | Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн.
|
11 | Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын билим берүү жана финансылык ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү | - Билим берүү уюмдарын текшерүүлөрдүн планына негизсиз киргизүү же киргизбөө; - Билим берүү уюмунун жетекчилигине кысым көрсөтүү максатында жетиштүү негиздерсиз пландан тышкаркы текшерүүлөрдү демилгелөө; - Контролдоо объекттерин тандоого карата тандалма мамиле; - Материалдык пайдаларды (ошондой эле башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды) алуу максатында алардын натыйжалары боюнча анык эмес (жалган) корутундуларды берүү | Кырдаалдык | Жогору | Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы, Мектептик билим берүү башкармалыгы, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы, Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
12 | Колдонуудагы окуу аянттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү | Билим берүү уюмдарынын имараттарынын жана жер тилкелеринин айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында мыйзамсыз пайдаланылышы, тартып алынышы, ижарага берилиши же үчүнчү жактарга акысыз пайдаланылышы фактыларын атайылап жашыруу же этибарга албай коюу менен көрсөтүлгөн пайдаланууну контролдоону жана мониторингди тийиштүү түрдө жүзөгө ашырбоо | Кырдаалдык | Орточо | Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмү (башкармалыгы), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү уюму | Райондук (шаардык) бөлүмдүн (башкармалыктын) башчысы, билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары, бухгалтерлер | Бул тобокелдиктер райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын), мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
13 | Аккредитациялык агенттиктерди таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү | - Белгиленген критерийлерге жооп бербеген айрым агенттиктердин кызыкчылыктарын лоббирлөө; - Билим берүү уюмун аккредитациялоодон өткөрүүдө агенттиктер тарабынан мониторингди атайылап формалдуу жүргүзүү же бузуу фактыларын жашыруу | Кырдаалдык | Орточо | Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү | Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү, бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
14 | Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү уюмдарынын рейтингин, ошондой эле алардын программаларын аныктоо | Билим берүү уюмдарынын жана алардын билим берүү программаларынын рейтингин субъективдүү аныктоо, аны негизсиз өзгөртүү же айрым билим берүү уюмдарына артыкчылык берүү максатында аны манипуляциялоо мүмкүнчүлүгүн түзгөн бекитилген тартиптин, бирдиктүү критерийлердин жана рейтингди калыптандыруунун ачык-айкын механизминин жоктугунун кесепетинен объективдүү эмес аныктоо | Потенциалдуу | Орточо | Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы, Мектептик билим берүү башкармалыгы, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы, Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
15 | Окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана басып чыгаруу боюнча иштерди белгиленген тартипте координациялоо | Айрым авторлорго, автордук жамааттарга же уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн аларды тандоо критерийлери менен жол-жоболорунун, иштеп чыгуунун жана тиешелүү тизмелерге киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун жетишсиз жөнгө салуунун натыйжасында окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоону жана тандоону координациялоону талаптагыдай эмес жүзөгө ашыруу | Системалуу | Жогору | Мектептик билим берүү башкармалыгы, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси
| Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору
| Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Колдоо функциясы | |||||||
16 | Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу каржылоону, учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү жана зарыл болгон материалдык ресурстар менен камсыз кылууну кошо алганда, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдарын финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу жана заказчынын функцияларын аткаруу | Учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө, күзөттү камсыз кылууга, чарбалык муктаждыктарга, иш-чараларды өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка максаттарга ыктыярдуу төгүмдөр, кайрымдуулук жардамы деген шылтоо менен мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын жана тарбиялануучуларынын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) акча чогултуу | Системалуу | Жогору | Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюму | Билим берүү уюмунун директору (башчысы), административдик-чарбалык иштер боюнча директордун (башчынын) орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча директордун (башчынын) орун басары, класстык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен түздөн-түз өз ара аракеттенген педагогикалык кызматкерлер, камкорчулук кеңештеринин төрагалары жана мүчөлөрү (каражаттарды тартуу жана бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктары бар болсо), бухгалтерлер жана тартылган акча каражаттарын эсепке алууга жана чыгымдоого катышкан башка кызматкерлер | Бул тобокелдиктер мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмунун ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Башка функциялар | |||||||
17 | Кадрлар резервин түзүү, кызматка дайындоо, кызмат орду боюнча жогорулатуу | Талапкерлерди конкурска катышууга уруксат берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында, же болбосо конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө мыйзамсыз таасир этүү кесепетинен кызматка дайындоо, айрым талапкерлердин конкурска катышуусун негизсиз чектөө, талапкерлерди объективдүү баалоо үчүн мааниси бар маалыматтарды жашыруу же этибарга албай коюу, кызыкдар болуучу адамдын кызыкчылыгы үчүн квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Системалуу | Орточо | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү
| Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
18 | Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун сакталышын контролдоону жүргүзүү жана мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу | Сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды конкреттүү жеткирүүчүгө ылайыкташтырып түзүү, башка катышуучуларды чектөө үчүн сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды негизсиз татаалдаштыруу, сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленүүсү, бир булактан сатып алууну негизсиз колдонуу, келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен, келишимдин шарттарына иш жүзүндө ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жеткирүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана жеке же башка кызыкчылыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрбөө | Системалуу | Төмөн | Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү
| Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
19 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын, анын ичинде жеке кызыкчылыктарды декларациялоо жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча талаптардын сакталышын контролдоону жүргүзүү | Жеке кызыкчылыктар жөнүндө маалыматтарды атайылап толук эмес же анык эмес берүү же болбосо кызыкчылыктардын кагылышын аныкталбай калышына, өз убагында аныкталбай калышына же талаптагыдай жөнгө салынбай калышына алып келиши мүмкүн болгон маалыматтарды жашыруу
| Системалуу | Орточо | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери | Министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы, сектордун башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, этика боюнча комиссия | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |