Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 11-сентябры № 1
2026-жылдын 9 айлыгына карата Чаек айыл аймагындагы бала бакчалардын тамак ашына кошумча планын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча,Чаек айылдык кеңешинин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча 2026-жылдын 9 айлыгына карата Чаек айыл аймагындагы бала бакчалардын тамак ашынын кошумча планы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1) Шабданбек уулу Алтынбек бала бакчасы – 600 000 сом;
2) Миңбаев Эрнист бала бакчасы – 300 000 сом;
3) Ак-Татыр бала бакчасы – 400 000 сом;
4) Күн-Желеси бала бакчасы – 400 000 сом;
5) Беш-Терек алтын балалык – 150 000 сом;
6) Жумгал-Баластан бала бакчасы – 150 000 сом;
7) Көз-Мончок бала бакчасы – 150 000 сом;
8) Байчечекей-Жумгал бала бакчасы – 400 000 сом;
Жалпы 2 550 000 (эки миллион беш жүз элүү миң) сом.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |