Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 11-сентябры № 3
Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна Актатыр жана Кызыл-Жылдыздагы кичи футбол аянтчаларын жарым-жартылай ремонтко берүү долбоорлоруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго төмөндөгү доолборлорду каржылоого макулдук берилсин.
1) Актатыр айылындагы кичи футбол аянтчасын жарым-жартылай ремонтко берүү долбоору
2) Кызыл-Жылдыз айылындагы кичи футбол аянтчасын жарым-жартылай ремонтко берүү долбоору
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |