Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 1-сентябры № 5/1
Баетов айылдык кеңешинин 2025-жыл 31-октябрь №13/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августу № 179 Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 8-бөлүмүнүн 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Баетов айылдык кеңешинин 2025-жыл 31-октябрь №13/2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ата-энелер тарабынан тамак ашка төлөнүүчү төлөм акынын баасы 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинин бала бакча разделинин атайын каражаттар эсебинин 70911 разделинин 14232400 статьясынын киреше бөлүгүнө 3 001,6 (үч миллион бир миң алты жүз миң) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 70911 разделинин 2218 статьясына 3 001,6 (үч миллион бир миң алты жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты планга киргизүү жагы Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч.Азимжанов |