Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 1-сентябры № 5/2
Баетов айыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22- беренелерине ылайык, Баетов айыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Баетов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баетов айыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, эмгек жаматтарынан, шайлоочулардан келип тушкөн сунуштарга ылайык, төмөнкү жарандар Баетов айыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүүгө сунушталсын.
1.1 Жумагазиев Семетей Жумагазиевич
1.2 Эрнисова Алтынай Эрнисовна
2.Резервге сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүүгө сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баетов айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |