Редакцияот 09.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мин-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2026-жылдын 9-апрели №17/111

 

 

Кум шагыл казып алууга макулдук берүү жөнүндө.

Мин-Булак айыл өкмөтүнүн  08.04.2026-жылдагы №2.2.4/111 каты жана «№41 Жол-Тейлөө ишканасы» филалынын 07.04.2026-жылдагы №26 катын  боюнча Эмгекчил  айылындагы №1050-контурундагы жерден Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы Жер казынасы жөнүндө №49 мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык макулдук берүү үчүн   Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II  кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.    Эмгекчил айылындагы №1050-контурунда жайгашкан жерден Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 346 чакырымына айланма жолун курууга  асфальтбетон катмарынын алдына төшөлүүчү кум шагылдан 7341 м3 казып алууга Нарын районунун “№41 Жол-тейлөө ишканасы” филалына макулдук берилсин.

2.    №1050-контурунда жайгашкан жерден алынган 7341 м3 кул шагылдын оордун калыбына келтирүү (рекультивация) жагы  Нарын районунун “№41 Жол-тейлөө ишканасы” филалына  милдетендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

4.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  

  

 

Төрага:

 

И. Мукамбетов