Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2026-жылдын 9-сентябры № 696-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Имангазиев Алмаз Кулубековичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна Айылчиев Алмаз Асимовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызмат ордуна Бектурганов Малик Маамыталиевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүүсү;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Ар кандай маселелер.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |