Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 626
Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү
үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодексин жана
коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана
минималдаштыруу боюнча сунуштамаларды
бекитүү жөнүндө
Бизнес-чөйрөдө коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана Кыргыз Республикасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодекси (мындан ары – Типтүү кодекс) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамалар (мындан ары – Сунуштамалар) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Типтүү кодекстин негизинде иштиктүү этиканын ички кодекстерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) Сунуштамаларды эске алуу менен коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу жол-жоболорун киргизүү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |