Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн
иштиктүү этиканын типтүү кодекси
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Типтүү кодексти колдонуу чөйрөсү
3-глава. Бизнес жүргүзүүнүн негизги баалуулуктары жана принциптери
4-глава. Кесиптик жүрүм-турум жана өз ара аракеттенүү стандарттары
5-глава. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу
6-глава. Белектерге жана иштиктүү меймандостукка карата саясат
7-глава. Бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү
8-глава. Этиканы камсыз кылуунун корпоративдик механизмдери
9-глава. Жоопкерчилик жана контроль
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодекси (мындан ары – Типтүү кодекс) бизнестин этикасынын бирдиктүү стандарттарын, жетекчилер жана кызматкерлер үчүн жүрүм-турум эрежелерин, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана уюмдун иштиктүү кадыр-баркын коргоо механизмдерин белгилейт.
Типтүү кодекс сунуштамалык мүнөзгө ээ жана ишкердик субъекттери өз ишин жүзөгө ашырууда методикалык сунуштама катары колдонулушу, ошондой эле ички ченемдик документтерди, саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда эске алынышы жана колдонулушу мүмкүн.
Типтүү кодекстин жоболору уюмдун ички ченемдик актысы менен бекитилгенден кийин кызматкерлер үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болот.
2. Ушул Типтүү кодекстин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ак ниеттүүлүк жана коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата нөлдүк чыдамдуулук принциптерине негизделген корпоративдик маданиятты калыптандыруу;
2) уюмдун иштиктүү кадыр-баркын коргоо жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу;
3) өнөктөштөр, кардарлар жана коомчулук тарабынан ишенимди камсыз кылуу;
4) контрагенттер жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын механизмдерин түзүү.
3. Уюмдун кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууда кесиптик жана этикалык жүрүм-турумдун негизи катары ушул Типтүү кодекстин жоболорун сактоо сунушталат.
2-глава. Типтүү кодексти колдонуу чөйрөсү
4. Ишке орноштурууда ар бир жаңы кызматкер ушул Кодекстин жоболору менен жеке кол коюу аркылуу таанышуу жана өзүнүн кесиптик ишинде аларды сактоо сунушталат.
5. Типтүү кодекстин колдонулушу кызматкерлердин жумуштан тышкаркы убактагы жүрүм-турумуна, мындай жүрүм-турум уюмдун ишине түздөн-түз байланыштуу болгон жана анын иштиктүү кадыр-баркына таасир эткен учурларда гана жайылтылат.
Мындай учурларга кызматкердин жүрүм-туруму уюмдун статусун, анын символикасын же ресурстарын пайдалануу менен түздөн-түз байланышкан же кызматкердин уюмдун өкүлү катары (анын ичинде санариптик чөйрөдө, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде) ачык позициясы менен коштолгон жагдайлар кирет.
3-глава. Бизнес жүргүзүүнүн негизги баалуулуктары
жана принциптери
6. Ишкердик этика деп мыйзамдуулук, чынчылдык, ак ниеттүүлүк жана ишкердик чөйрөнүн бардык катышуучуларынын – өнөктөштөрдүн, кардарлардын, кызматкерлердин жана жалпы коомдун укуктарын урматтоо принциптерине негизделген жүрүм-турум ченемдеринин жана эрежелеринин системасы түшүнүлөт.
7. Уюмдун иши төмөнкүдөй негизги баалуулуктарга негизделет:
1) мыйзамдуулук – Кыргыз Республикасынын жана катышуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарын так сактоо;
2) чынчылдык – бизнести ачык, алдоосуз жана өнөктөштөрдү жана кардарларды адаштырбастан жүргүзүү;
3) ак ниет атаандаштык – атаандаштарды урматтоо, атаандаштыктын ак ниетсиз методдорунан баш тартуу;
4) ачыктык – уюмдаштыруучулар, өнөктөштөр жана жөнгө салуучу органдар үчүн бизнес-процесстердин жана финансылык операциялардын айкындыгы;
5) кесипкөйлүк – милдеттенмелерди сапаттуу аткаруу, компетенттүүлүк жана жоопкерчилик;
6) урматтоо – компания өз ара аракеттенген бардык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын таануу.
8. Уюмга жана анын кызматкерлерине төмөнкүлөр сунушталат:
1) бизнести мыйзамдык талаанын алкагында гана жүргүзүү;
2) артыкчылыктарды алуу үчүн мыйзамсыз методдорду колдонбоо;
3) өнөктөштөр менен мамилени өз ара пайда жана ишеним принциптеринде куруу;
4) иштиктүү кадыр-баркын негизги материалдык эмес актив катары баалоо.
4-глава. Кесиптик жүрүм-турум жана өз ара аракеттенүү
стандарттары
9. Кызматкерге төмөнкүлөр сунушталат:
1) өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен, сапаттуу жана уюмдун кызыкчылыгында аткаруу;
2) мыйзамдардын жана ички регламенттердин талаптарын сактоо;
3) кесиптештер, өнөктөштөр жана кардарлар менен баарлашууда сый жана сылык болуу;
4) уюмдун иштиктүү кадыр-баркына зыян келтире турган аракеттерден качуу;
5) коммерциялык жана кызматтык маалыматтын купуялуулугун сактоо;
6) финансылык жана чарбалык операцияларды тариздөөдө аныктыкты жана ачык-айкындыгын сактоо.
10. Кызматкерге төмөнкүлөргө жол бербөө сунушталат:
1) кызмат абалын жеке максатта пайдаланууга;
2) купуя маалыматты үчүнчү жактарга ачыктоого;
3) мыйзамдардын талаптарын же уюмдун ички жол-жоболорун айланып өтүүгө багытталган схемаларга катышууга.
11. Уюм өнөктөштөр жана кардарлар менен мамилелерди узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык принциптеринде түзүүгө умтулат.
12. Өнөктөштөр жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүдө кызматкерге төмөнкүлөр сунушталат:
1) продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө анык жана толук маалымат берүү;
2) келишимдердин шарттарын сактоо жана кабыл алынган милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу;
3) суроо-талаптарга жана кайрылууларга өз убагында жооп берүү;
4) басмырлоого же бир жактуу мамиле жасоого жол бербөө.
13. Кызматкерлерге өнөктөштөрдү жана кардарларды адаштырууга, маанилүү маалыматтарды жашырууга, ошондой эле орой же сыйлабаган мамиле көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн болгон аракеттерден оолак болуу сунушталат.
14. Уюмга ак ниет атаандаштык принциптерин кармануу жана төмөнкүлөргө жол бербөө сунушталат:
1) атаандаштар жөнүндө жалган же каралоочу маалыматтарды таратууга;
2) ак ниетсиз жарнамага;
3) атаандаштар жөнүндө маалымат алуунун мыйзамсыз ыкмаларын колдонууга.
15. Уюмга интеллектуалдык менчикти сыйлоо жана автордук жана чектеш укуктарды сактоо сунушталат.
16. Жетекчиге төмөнкүлөр сунушталат:
1) жагымдуу иш атмосферасын түзүү жана колдоо;
2) кызматкерлердин кошкон салымын объективдүү жана адилет баалоо;
3) артыкчылык берүү көрүнүштөрүнө жана кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу жагдайлардан оолок болуу;
4) чыр-чатактуу жагдайларды өз убагында карап чыгуу жана аларды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү.
5-глава. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу
17. Кызыкчылыктардын кагылышуусу – кызматкердин жеке кызыкчылыгы (туугандык байланыштары, достук мамилелери, жеке пайда алуусу) анын ишкердик чечимдерди кабыл алуусунун объективдүүлүгүнө таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон жагдай.
18. Кызыкчылыктардын кагылышуусу төмөнкү учурларда пайда болушу мүмкүн, качан кызматкер:
1) анын тууганы же аффилирленген жак болуп саналган берүүчүнү тандоого катышканда;
2) жакын тууганын жалдоо жөнүндө чечим кабыл алганда;
3) уюмдун өнөктөшүнүн же атаандашынын бизнесинде үлүшкө ээ болгондо;
4) уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн жеке баюу үчүн пайдаланганда;
5) өзү же анын жакын адамдарынын жеке кызыкчылыгы бар уюмдар менен финансылык операциялар жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышканда.
19. Кызматкерге кызыкчылыктардын кагылышуусун түзүүчү жагдайлардан оолак болуу сунушталат.
20. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда кызматкерге төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:
1) түздөн-түз жетекчиге жана/же этика боюнча ыйгарым укуктууга токтоосуз жазуу жүзүндө кабарлоо;
2) бул маселе боюнча чечимдерди кабыл алуудан баш тартуу;
3) жеке пайда алуу үчүн кызматтык абалын пайдаланбоо.
21. Кызматкерлерге кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышкан маселелерде ачыктык жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактоо сунушталат.
Кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө маалыматты жашыруу Типтүү кодекстин жоболорун сактабоо катары каралышы жана кызматкердин кесиптик жүрүм-турумун баалоодо эске алынышы мүмкүн.
6-глава. Белектерге жана иштиктүү меймандостукка
карата саясат
22. Уюмга жана кызматкерлерге чечимдердин объективдүүлүгүнө таасир этиши же укуксуз таасир эткендей көрүнүш жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга жол бербестен, иштиктүү көңүл бурууда жана меймандостук көрсөтүүдө ак ниеттүүлүк жана эстүүлүк принциптерин жетекчиликке алуу сунушталат.
23. Кызматкерлерге өнөктөштөрдөн жана башка жактардан белектерди, кызмат көрсөтүүлөрдү же башка пайдаларды талап кылуу же алуу менен байланышкан аракеттерден кармануу сунушталат.
24. Уюмдун ички актыларында аныкталган чектерде символикалык белектерди алууга жана берүүгө жол берилет.
25. Кызматкерлерге иштиктүү өз ара аракеттенүүдө төмөнкүлөргө жол бербөө менен ак ниеттүүлүк жана укуксуз таасир этүүгө каршы аракеттенүү принциптерин кармануу сунушталат:
1) мамлекеттик кызматчыларга кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу белектерди берүүгө;
2) акча каражаттарын же алардын эквиваленттерин (анын ичинде белек карталарын) берүүгө;
3) коммерциялык артыкчылыктарды алуу максатында үчүнчү жактар үчүн көңүл ачуу, эс алуу, транспорттук чыгымдарын төлөөгө жана аларга башка пайдаларды берүүгө.
26. Расмий иш-чараларга байланыштуу белектерди алууда кызматкерлерге уюмдун ички актыларын, анын ичинде наркы белгиленген чектен ашкан белектерди уюмга өткөрүп берүү жөнүндө жобону жетекчиликке алуу сунушталат.
27. Уюмга иштиктүү меймандостукка кеткен чыгымдарды документ түрүндө тариздөө жана аларды мыйзамдарга жана уюмдун ички актыларына ылайык бухгалтердик эсепте көрсөтүүнү камсыз кылуу сунушталат.
7-глава. Бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү
28. Уюмга жана анын кызматкерлерине коррупциянын бардык түрлөрүн кабыл албоо принциптерин кармануу жана төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттерден алыс болуу сунушталат:
1) пара берүү жана алуу (анын ичинде ортомчулар аркылуу);
2) коммерциялык паракорчулук;
3) келишимдерди түзүүдө мыйзамсыз сый акыларды («откаттарды») берүү же алуу;
4) чечимдерди кабыл алууну тездетүү максатында расмий эмес төлөмдөрдү жүргүзүү;
5) жеке пайда алуу үчүн инсайдердик маалыматты пайдалануу;
6) эсепке алынбаган акча каражаттарын пайдалануу;
7) талаптагыдай документтик тариздөөсү жок төлөмдөрдү жүргүзүү.
29. Эгерде кызматкерге коррупциялык аракеттерге барууга мажбурлоо фактылары же мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө белгилүү болсо, ага бул тууралуу өз убагында төмөнкүдөй билдирүү сунушталат:
1) түздөн-түз жетекчисине;
2) «шашылыш байланыш линиясы» же уюм тарабынан каралган башка маалымдоо каналдары аркылуу.
30. Кызматкерлерге мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө маалымдоону жазуу жүзүндө берүү жана эгерде уюмдун ички актыларында башка тартип каралбаса, эреже катары тиешелүү жагдайлар жөнүндө аларга белгилүү болгон учурдан тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен жүзөгө ашыруу сунушталат.
31. Кызматкерлерге өздөрүнө белгилүү болгон фактылар жөнүндө өз убагында маалымдоо жолу менен коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана аларды аныктоого көмөктөшүү сунушталат. Мындай маалымдоонун болбошу ушул Типтүү кодекстин сунуштарын сактабоо катары каралышы мүмкүн.
32. Уюмга мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө билдирген адамдар тууралуу маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды негизсиз куугунтуктоого, укуктарын чектөөгө же басмырлоого жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунушталат.
Мындай маалыматты иштеп чыгууну жана коргоону Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу сунушталат.
Арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте гана ачыкка чыгаруу сунушталат.
33. Атайылап жалган билдирүү болгон учурларды кошпогондо, уюмга мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө ак ниеттүүлүк менен билдирген кызматкерлерди негизсиз куугунтуктоодон же башка жагымсыз кесепеттерден коргоо боюнча чараларды көрүү сунушталат.
34. Бардык деңгээлдеги жетекчилерге төмөнкүлөр сунушталат:
1) Типтүү кодексте бекитилген принциптерге жана баалуулуктарга берилгендигин жеке үлгү болуу менен көрсөтүү;
2) кызматкерлер менен иштиктүү этиканын ченемдерин сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү;
3) мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө келип түшкөн маалыматты өз убагында кароо жана өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү;
4) жетектеген түзүмдүк бөлүмдөрдө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого, алдын алууга жана минималдаштырууга көмөктөшүү;
5) жетектеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга каршы иштин талаптагыдай уюштурулушун камсыз кылуу жана коррупцияны кабыл албоо маданиятын калыптандырууга көмөктөшүү.
35. Уюмга төмөнкүлөр сунушталат:
1) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого жол бербөө боюнча чараларды көрүү, анын ичинде финансылык операцияларды талдоо, контрагенттерди текшерүү жана шектүү бүтүмдөргө катышуудан баш тартуу;
2) коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого жана азайтууга, ошондой эле мүмкүн болгон кыянаттык менен пайдалануулардын алдын алууга багытталган финансылык операцияларга ички контролдоо жол-жоболорун киргизүү жана өркүндөтүү.
8-глава. Этиканы камсыз кылуунун
корпоративдик механизмдери
36. Уюмга төмөнкүлөр сунушталат:
1) этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамды (комплаенс-адисти) аныктоо, анын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
– кызматкерлерге этикалык маселелер боюнча консультация берүү;
– бизнес-процесстердеги коррупциялык тобокелдиктерди талдоо;
– бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароо;
– этика боюнча комиссия менен өз ара аракеттенүү (бар болсо);
– жетекчилик үчүн отчетторду даярдоо;
– финансылык операцияларга ички контролду уюштурууга жана кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин баалоого катышуу;
2) этика боюнча ыйгарым укуктуу адамдын (бар болсо) этикалык ченемдерди сактоо менен байланышкан маселелерди кароодо көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана анын уюмдун жогорку жетекчилиги менен өз ара аракеттенүүсүн караштыруу;
3) татаал этикалык жагдайларды жана Типтүү кодекстин жоболорун сактоо менен байланышкан маселелерди кароо үчүн туруктуу же убактылуу негизде этика боюнча комиссияны түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
37. Этика боюнча комиссияга мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө маалыматты кароо, чыр-чатактуу жагдайларды жөнгө салуу боюнча сунуштамаларды даярдоо жана уюмдун корпоративдик маданиятын жана этикалык практикаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү сунушталат.
38. Уюмга мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө маалымдоонун жеткиликтүү каналдарынын болушун камсыз кылуу сунушталат, анын ичинде:
1) ишеним телефону (шашылыш байланыш линиясы);
2) атайын электрондук почта дареги;
3) жашыруун кайрылуулар үчүн ящик;
4) этика боюнча ыйгарым укуктуу адамдын жеке кабыл алуусу.
9-глава. Жоопкерчилик жана контроль
39. Уюмга кызматкерлердин кесиптик жүрүм-турумун баалоодо Типтүү кодекстин жоболорунун сакталышын эске алуу сунушталат. Типтүү кодекстин жоболору сакталбаган учурда уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун ички актыларына ылайык тиешелүү чараларды көрүүнү карашы мүмкүн.
40. Типтүү кодекстин жоболорун сактоону төмөнкү учурларда эске алуу сунушталат:
1) кызматкердин ишинин натыйжалуулугун (KPI) баалоодо;
2) карьералык өсүш жөнүндө чечимдерди кабыл алууда;
3) сыйлоо чараларын колдонууда.
41. Кылмыштуу жазалануучу жосундардын белгилерин камтыган аракеттер аныкталган учурда уюмга Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү маалыматты укук коргоо органдарына жиберүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат.