Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү
үчүн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо
жана минималдаштыруу боюнча
сунуштамалар
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо
4-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар
5-глава. Коррупциялык көрүнүштөр учурундагы аракеттер
6-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсү үчүн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамалар (мындан ары – Сунуштамалар) Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууда, аныктоодо жана минималдаштырууда практикалык жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Сунуштамалар сунуштоо мүнөзүнө ээ жана ишкердик субъекттери тарабынан өз ыктыяры менен колдонулат.
3. Ушул Сунуштамалардын жоболору толугу менен же жарым-жартылай колдонулушу, ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алуу менен ылайыкташтырылышы мүмкүн:
1) ишкердик субъектинин ишинин масштабын;
2) тармактык өзгөчөлүгүн;
3) уюштуруу түзүмүн;
4) жеткиликтүү ресурстарын.
4. Ушул Сунуштамаларды колдонуунун негизги милдети болуп ишкердик ишин ак ниеттүү жана ачык-айкын жүргүзүү практикасын түзүү, ошондой эле бизнестин коррупциялык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу саналат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
5. Коррупциялык тобокелдик – ишкердик субъектинин кызматкери же ишкердик субъект өзү мыйзамсыз пайда алуу үчүн кызматтык абалын пайдалана алган жагдайдын келип чыгуу ыктымалдыгы.
6. Коррупциялык тобокелдиктер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан тышкы;
2) ишкердик субъектинин чарбалык ишинин алкагында келип чыгуучу ички.
3-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо
7. Ишкердик субъекттерине коррупциялык тобокелдиктерди баалоону туруктуу негизде, ошондой эле иште олуттуу өзгөрүүлөр болгондо (бизнести кеңейтүү, башкаруу түзүмүн өзгөртүү, жаңы процесстерди киргизүү) жүргүзүү сунушталат.
8. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) негизги бизнес-процесстерди аныктоо, анын ичинде:
– сатып алуу иши (берүүчүлөрдү тандоо, келишимдерди түзүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу);
– өндүрүү же кызматтарды көрсөтүү (сапатты контролдоо, ресурстарды пайдалануу, стандарттарды сактоо);
– товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу (баа түзүү, кардарлар менен өз ара аракеттенүү, арзандатууларды жана бонустарды берүү);
– мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү (уруксаттарды, лицензияларды алуу, текшерүүлөрдөн өтүү);
– персоналды башкаруу (жумушка кабыл алуу, кызматка көтөрүү, сый акы берүү жана тартиптик чаралар);
– финансылык операциялар (контрагенттер менен эсептешүүлөр, акча каражаттарын, өзгөчө накталай акча каражаттарын эсепке алуу);
– ортомчулар, агенттер жана өкүлдөр менен иштөө (келишимдерди түзүү, алардын ишин контролдоо);
2) тобокелдиги жогору зоналарды аныктоо, анын ичинде:
– талаптагыдай контролсуз же макулдашуусуз бир адам тарабынан чечимдерди кабыл алуу;
– накталай акча каражаттарын же эсептешүүлөрдүн ачык-айкын эмес схемаларын колдонуу;
– контрагенттерди тандоо критерийлеринин жоктугу же формалдуу мүнөздө болушу;
– функциялары жана жоопкерчилиги так аныкталбаган ортомчулардын катышуусу;
– кызматкерлердин ишин жетишсиз контролдоо, анын ичинде тобокелдиги жогору зоналарда (сатып алуулар, сатуулар, финансы);
– негизги чечимдерди жана операцияларды документтештирүү болбогондугу;
– төлөмдөрдү келишимдик тариздөөсүз жүзөгө ашыруу;
– накталай акча каражаттары менен олуттуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
– контролдоо жол-жоболорун айланып өтүү максатында төлөмдөрдү бөлүү;
– ортомчуларга негизсиз жогорку комиссияларды белгилөө;
– экономикалык негиздемесиз үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүү;
3) төмөнкү критерийлер боюнча тобокелдик деңгээлин баалоо:
– тийиштүү кырдаалдын пайда болушунун жыштыгына жана шарттарына жараша тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (1ден 5ке чейин);
– мүмкүн болгон зыян (1ден 5ке чейин), анын ичинде финансылык жоготуулар, кадыр-барк тобокелдиктери жана мүмкүн болгон укуктук кесепеттер;
4) тобокелдиктин деңгээлин аныктоо ушул пункттун 3-пунктчасына ылайык аныкталуучу тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болгон зыянды баалоонун баллдарын суммалоо жолу менен эсептелүүчү тобокелдикти жалпы баалоонун негизинде жүзөгө ашырылат:
– тобокелдиги жогору – жалпы баалоо 15 баллдан жогору болгондо, биринчи кезектеги чара көрүүнү талап кылат;
– тобокелдиги орто – жалпы баалоо 8ден 15 баллды кошо алганда, пландуу контролдоону жана төмөндөтүүнү талап кылат;
– тобокелдиги төмөн – жалпы баалоо 8 баллдан аз болгондо, учурдагы мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш;
5) аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, анын ичинде:
– ички эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөө;
– контролдоонун жана макулдашуунун кошумча деңгээлдерин киргизүү;
– кызматкерлердин ортосунда функцияларды бөлүштүрүү;
– процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу;
– кызматкерлерди маалымдоо жана окутуу.
4-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди
минималдаштыруу боюнча чаралар
9. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында ишкердик субъекттерине төмөнкүлөр сунушталат:
1) финансы-чарбалык операцияларды жүзөгө ашырууда функциялардын бөлүнүшүн камсыз кылуу;
2) маанилүү маселелер боюнча жамааттык чечим кабыл алуу практикасын киргизүү;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана жөнгө салуу механизмдерин киргизүү;
4) бардык чарбалык операцияларды документ түрүндө тариздөөнү камсыз кылуу;
5) мүмкүн болгон мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн шарттарды, анын ичинде анонимдүү каналдарды түзүү;
6) ак ниеттүү жүрүм-турумдун талаптары жөнүндө кызматкерлерге маалымдоо;
7) жетекчилер тарабынан ак ниеттүүлүк принциптеринин сакталышын камсыз кылуу;
8) тобокелдик деңгээли жогору болгон операцияларды контролдоо;
9) накталай эсептешүүлөрдү пайдаланууну минималдаштыруу;
10) ишкердик ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулук жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактоо, анын ичинде мыйзамсыз сый акыларды берүүгө жана алууга жол бербөө;
11) контрагенттерди тандоонун ачык-айкын жана объективдүү критерийлерин белгилөө;
12) контрагенттерге базалык текшерүү жүргүзүү, анын ичинде каттоосун, иштин мөөнөтүн, иштиктүү кадыр-баркы жөнүндө ачык маалыматтын болушун текшерүү.
5-глава. Коррупциялык көрүнүштөр учурундагы аракеттер
10. Коррупциялык көрүнүштөр менен байланышкан жагдайлар келип чыккан учурда, ишкердик субъекттерине төмөнкүлөр сунушталат:
1) ар кандай формалдуу эмес макулдашуулардан, мыйзамсыз сый акы катары бааланышы мүмкүн болгон акча каражаттарын, белектерди же башка пайдаларды берүүдөн алыс болуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында гана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
2) укукка каршы аракеттер фактыларын мүмкүн болушунча фиксациялоо, анын ичинде:
– жагдайларды документтештирүү (датасы, убактысы, орду, катышуучулары);
– кат жазышууларды, документтерди жана башка материалдарды сактоо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда фиксациялоонун техникалык каражаттарын пайдалануу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, анын ичинде укук коргоо органдарына, прокуратура органдарына жана башка компетенттүү органдарга кайрылуу;
4) бизнес-бирикмелердин жана ишкерлерди коргоочу башка институттардын колдоо механизмдерин, анын ичинде консультациялык, укуктук жана уюштуруучулук жардам алуу үчүн пайдалануу;
5) мындай жагдайларга ички чара көрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде жетекчиликке же жооптуу адамдарга маалымдоо, ички талдоо жүргүзүү жана андан ары мындай учурлардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү.
11. Мыйзамсыз сый акы берүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6-глава. Корутунду жоболор
12. Бул Сунуштамалар ишкердик субъекттеринин ишинде коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу системаларын түзүү үчүн багыт болуп саналат.
13. Ишкердик субъекттери иштин масштабын, уюштуруу түзүмүн, тармактык өзгөчөлүктөрүн жана жеткиликтүү ресурстарды эске алуу менен ушул Сунуштамаларды ишке ашыруунун формаларын, методдорун жана көлөмүн өз алдынча аныктайт.
14. Ушул Сунуштамалардын жоболорун киргизүү төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:
1) ишкердик субъекттеринин ишинин ачык-айкындыгын жана болжолдуулугун жогорулатууга;
2) ишкердик кадыр-баркын бекемдөөгө жана өнөктөштөрдүн, инвесторлордун жана мамлекеттик органдардын ишенимин арттырууга;
3) укуктук, финансылык жана кадыр-барк тобокелдиктерин азайтууга;
4) бизнестин узак мөөнөттүү келечекте туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга.
15. Ишкердик субъекттерине коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча колдонулган чаралардын натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен баа берүү жана зарыл болгон учурда ички жол-жоболорду жана практикаларды өркүндөтүү сунушталат.
16. Ушул Сунуштамалар ишкердик субъекттеринин ишкердикти ак ниеттүү жүргүзүү жана коррупциялык укук бузууларды алдын алуу маселелерин жөнгө салуучу ички документтерин иштеп чыгуу үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн.