Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-сентябры № 332
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин (мындан ары – Мамлекеттер аралык уюштуруу комитети) кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгү 2026-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана россия тараптын кароосуна берсин.
3. Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар иш-чараларды ишке ашырууда Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескемени ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
Тиркеме
2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин кыргыз бөлүгүнүн
курамы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана орустун атактуу жазуучусу Лев Толстойдун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин (мындан ары – Мамлекеттер аралык уюштуруу комитети) кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри, Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин
кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору;
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясынын катчылыгынын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча).