Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-сентябры № 632
Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо,
өткөрүү жана медициналык күбөлөндүрүү маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү, жарандарды медициналык күбөлөндүрүү тартибин өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 «Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 24-пункттун экинчи абзацы «ошондой эле катчы» деген сөздөрдөн кийин «жана улук дарыгер (штат боюнча)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 25-пунктта:
1-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) 15-ноябрга чейин алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик технологиялык системалардан «Аскер» санариптик технологиялык системасына (мындан ары – «Аскер» СТС) ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүү аркылуу алууну камсыз кылууга.
Маалыматтар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын санариптик платформалары аркылуу суралат, анын ичинде:
саламаттык сактоо уюмдарынын санариптик технологиялык системаларынан:
– психиатриялык жана наркологиялык диспансердик каттоодо турган адамдар жөнүндө маалыматтар;
– жүргүзүлгөн эмдөө жөнүндө маалыматтар;
– медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн зарыл болгон медициналык документтерден көчүрмөлөр;
социалдык коргоо органдарынын санариптик технологиялык системаларынан – майыптыгы бар адамдар жөнүндө маалыматтар;
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин санариптик технологиялык системаларынан – билим алуучулар жана билим берүү деңгээли жөнүндө маалыматтар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик технологиялык системаларынан – жарандардын каттоосу жана жашаган жери жөнүндө маалыматтар;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин санариптик технологиялык системаларынан – аскердик каттоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар.
Санариптик чөйрөдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгондо гана маалыматтарды кагаз түрүндө берүүгө жол берилет.»;
– 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) 30-ноябрга чейин «Аскер» СТС алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын санариптик тизмегин түзөт жана саламаттык сактоонун «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» санариптик технологиялык системасына өткөрүп берет.
Саламаттык сактоо уюмдары саламаттык сактоонун санариптик технологиялык системасы аркылуу жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрөт жана медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын жана аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундуларын 1-марттан кечиктирбестен «Аскер» СТСке жиберет.»;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Аскер комиссариаттары:
– жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу пландарын иштеп чыгат;
– алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн жарандарды чакыруу мөөнөттөрүн аныктайт;
– аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын санариптик тизмелерин түзөт;
– «Аскер» СТСте чакырылуучулардын санариптик өздүк делолорун жүргүзүүнү камсыз кылат;
– медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн дарыгер-адистерди тандайт;
– санариптик медициналык карталарды жана санариптик медициналык документтерди пайдалануу менен медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүнү камсыз кылат;
– комиссиянын жыйналышынын протоколдорун түзөт;
– күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын жана комиссиянын чечимдерин «Аскер» СТСте сактоону камсыз кылат;
– мамлекеттик органдардын жана уюмдардын санариптик технологиялык системалары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
– техникалык кызматкерлердин, тейлөөчү персоналдын жана транспорттун зарыл болгон санын бөлүүгө эсептөөлөрдү иштеп чыгат;
– жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну өткөрүү үчүн тартылган адамдар менен нускоочулук-методикалык сабактарды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.»;
– 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн келүү жөнүндө жарандарга билдирүү «Түндүк» мобилдик тиркемеси, push-кабарламалар, SMS-билдирүүлөр жана кабарламанын жеткирилгендигин ырастоону камсыз кылган санариптик өз ара аракеттенүүнүн башка каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.»;
– 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Медициналык күбөлөндүрүү санариптик медициналык карталарды, санариптик медициналык документтерди жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу алынган маалыматтарды пайдалануу менен өткөрүлөт.»;
– 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Медициналык күбөлөндүрүү аяктагандан кийин дарыгер-адистердин корутундулары санариптик түрдө таризделет, санариптик кол тамга коюлат жана кийин «Аскер» СТСке өткөрүп берүү менен саламаттык сактоонун санариптик технологиялык системасында сакталат.»;
– 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Комиссиянын чечими санариптик түрдө таризделет, комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү санариптик кол тамганы пайдалануу менен кол коет жана «Аскер» СТСте сакталат.»;
– 35-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«35. Жаранды аскердик каттоого коюу жөнүндө маалыматтар санариптик форматта түзүлөт жана жарандын «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу жана «Түндүк» порталында жеткиликтүү болот.
Жарандын каалоосу боюнча кагаз түрүндөгү документ берилиши мүмкүн. Аскердик каттоого коюу жөнүндө санариптик күбөлүк кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.»;
– 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Аскердик билет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте санариптик формада таризделиши жана берилиши мүмкүн.»;
– 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу жөнүндө отчеттор «Аскер» СТС аркылуу санариптик форматта түзүлөт жана берилет.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:
«371. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун алкагында түзүлүүчү бардык документтер, дарыгер-адистердин корутундулары, комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору, комиссиянын чечимдери, кошумча текшерүүгө жиберүүлөр, кабарламалар жана башка документтер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык санариптик кол тамганы колдонуу менен санариптик форматта түзүлүшү, кол коюлушу, сакталышы, өткөрүп берилиши жана пайдаланылышы мүмкүн.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жободо:
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
| «9. Медициналык күбөлөндүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: | ||
№ | Медициналык күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдар | Медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүчү аскердик- дарыгердик (дарыгердик) комиссиялар | Медициналык күбөлөндүрүү өткөрүлүүчү оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин тизмесинин графалары |
1 | Жарандар: |
|
|
– аскердик каттоого алгачкы коюуда; | Аскер комиссариаттарына караштуу жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын саламаттык сактоо уюмдарынын базасындагы дарыгердик комиссиялар | I | |
– аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууда | Аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар | I | |
2 | Контракт боюнча аскердик кызматка кирип жаткан жарандар | Алдын ала медициналык күбөлөндүрүү: – аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар. Акыркы медициналык күбөлөндүрүү: – гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, офицерлер – III |
3 | Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, офицерлер – III |
4 | Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, V же VI |
5 | Офицердик курамдагы адамдар, запастагы прапорщиктер | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III |
6 | Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоого тартылуучу жарандык жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттери (курсанттары, угуучулары) | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I |
7 | Аба кыймылын уюштуруу борборлорунун нөөмөт сменаларынын офицерлери | Дарыгердик- учкучтук комиссиялар, алар жок болсо – гарнизондук же госпиталдык АДКлар | VI |
8 | Альтернативдик кызматтын кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I |
9 | Альтернативдик кызматты өтөгөн запастагы аскерге милдеттүүлөр | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар, аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар | I |
10 | Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларынын жана кызматчыларынын ичинен суучулдар, дарыгер- физиологдор, куткаруучу отряддардын медициналык топторунун дарыгерлери | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | IV |
11 | Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан жарандык жаштардын ичиндеги адамдар | Алгачкы медициналык күбөлөндүрүү: – аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар. Акыркы медициналык күбөлөндүрүү: – аскердик окуу жайлардагы АДКлар | II |
12 | Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан аскер кызматчылары | Алгачкы медициналык күбөлөндүрүү: – госпиталдык, гарнизондук АДКлар. Акыркы медициналык күбөлөндүрүү: – аскердик окуу жайлардагы АДКлар | II |
13 | Аскердик академияларга тапшырып жаткан офицердик курамдагы адамдар | Гарнизондук госпиталдык, АДКлар | III, V же VI |
14 | Билимин өркүндөтүүчү сырттан окуу факультеттерине, ординатурага, адъюнктурага тапшырып жаткан офицердик курамдагы адамдар | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, V же VI |
15 | 6 айдан жогору окутуу узактыгы менен билимин өркүндөтүү курстарына, анын ичинде офицерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча курстарга жиберилүүчү аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, III, IV, V же VI, аскердик наамына жана курстардын профилине жараша |
16 | Аскердик окуу жайлардын угуучулары (офицерлери) | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV, V же VI, аскердик окуу жайдын профилине жана факультетине жараша |
17 | Жогорку жана орто аскердик окуу жайлардын курсанттары: |
|
|
– биринчи курстагы окууда; | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | II, I | |
– экинчи курстан баштап; | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, IV, V же VI, ЖОЖдун профилине жана факультетине жараша | |
| – акыркы (бүтүрүүчү) курста, ошондой эле беш жылдык окуу мөөнөтүндөгү төртүнчү курста | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV, V же VI, ЖОЖдун профилине жана факультетине жараша |
18 | Аскердик окуу жайга экзаменди экстерн аркылуу берүүчү аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV же VI, аскердик окуу жайдын профилине жана факультетине жараша |
19 | Иондошкон нурлануу булактары РОК, ЭТБ булактары менен иштөөгө дайындалуучу (кабыл алынуучу) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, жумушчулары жана кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | V |
20 | Иондошкон нурлануу булактары РОК, ЭТБ булактары менен иштөөчү Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, жумушчулары жана кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | VI |
»; | |||
– төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«91. Оорулардын тизмесинин II графасы боюнча андан ары окууга жараксыз деп таанылган аскердик окуу жайлардын курсанттарына (офицердик наамы жок угуучуларга) карата АДК ошол эле убакта алардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени чечет жана тийиштүү токтомду кабыл алат.
Курсанттардын (офицердик наамы жок угуучулардын) ден соолугундагы убактылуу мүнөздөгү өзгөрүүлөрдө АДК кызматтык милдеттерди аткаруудан, сабактардан бошотуу (кийин – бошотуу) же оорусу боюнча өргүүгө муктаждыгы жөнүндө гана токтом кабыл алат. Андан ары окууга алардын жарактуулугу жөнүндө токтом Оорулардын тизмесинин II графасы боюнча жана аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени биротоло чечүү Оорулардын тизмесинин I жана III графалары боюнча бошотуунун, оорусу боюнча өргүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин негиздер болгондо гана кабыл алынат.
Иондошкон нурлануу булактары, РОК, ЭТБ булактары менен иштөө үчүн кадрларды даярдаган аскердик окуу жайларга (факультеттерге, курстарга) тапшырып жаткан аскер кызматчылары Оорулардын тизмесинин V графасы боюнча күбөлөндүрүлөт.
Аскердик окуу жайларда окуп жаткан чет мамлекеттердин аскер кызматчылары, ошондой эле консультацияга келгендер Оорулардын тизмесинин III, IV, VI графалары боюнча (ЖОЖдун профилине жараша) күбөлөндүрүлөт. АДКнын токтому аскер кызматчысынын аскердик окуу жайында окууга жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө гана кабыл алынат, аскердик-дарыгердик (дарыгердик) комиссиянын жыйналыштарынын протоколдор китебинде, Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин тизмесине (2-тиркеме) шилтеме келтирбеген маалымкат (9-тиркеме) менен таризделет жана штаттык АДК тарабынан бекитилүүгө тийиш эмес.
Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынын учуучу курамын даярдоо боюнча аскердик окуу жайлардын учуучу курамы, курсанттары жана ушул аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан талапкерлер авиациянын учуучу курамын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык күбөлөндүрүлөт.
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлер, ошондой эле анын тарбиялануучулары Лицейге тапшыруучуларды жана лицейдин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү боюнча нускамага ылайык күбөлөндүрүлөт.
Медициналык күбөлөндүрүү:
– аба кыймылын башкаруу (мындан ары – АКБ) операторлорунун аба кемелерин башкарууга жарактуулугун аныктоо үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Кезексиз медициналык күбөлөндүрүү АКБ операторунун ден соолугунун абалы өзгөргөн учурда же аба кемелерин башкарууда каталары болгондо аскердик бөлүктүн командиринин чечими боюнча өткөрүлүшү мүмкүн;
– запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыкка тартылган жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттерин (курсанттарын жана угуучуларын) аскердик даярдоо курсунун башталышы алдында жана жыйындар аяктаган мезгилде, ал эми ден соолугунун абалына даттануулары болгондо – окуу процессинде өткөрүлөт.»;
– 17-пункттун экинчи абзацы «(топтоо) пункттарында» деген сөздөрдөн кийин «жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында» деген сөздөр менен толукталсын;
– 19-пункттун биринчи абзацы «Аскер комиссариаттары» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын саламаттык сактоо уюмдары менен биргеликте» деген сөздөр менен толукталсын;
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобонун 2-тиркемесинде:
23-пункттун III графасынын «в» пунктчасындагы «Жарактуу» деген сөз «Катардагы же катардан тышкаркы кызматка жарактуулугу жекече аныкталат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
66-пункттун I графасынын «г» пунктчасы «Жарактуу» деген сөздөн кийин «ЧД-5» деген сөз менен толукталсын;
66-пункт төмөнкүдөй мазмундагы «д» пунктча менен толукталсын:
« | ||||||
д) темгил алопециянын жана витилигонун айрым очоктору | Жарактуу ЧД-3 | Жараксыз | Жарактуу | Жарактуу | Жараксыз | Жараксыз |
». | ||||||
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |