Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 627 токтомуна) |
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык даярдалган жана инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча ачык конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс уюштуруу жана өткөрүү мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары – долбоордун демилгечиси) тарабынан конкурстук комиссия түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары – конкурстук комиссия) ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо конкурстук комиссияны түзгөн долбоордун демилгечисине жүктөлөт.
3. Конкурстун катышуучулары болуп мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурска катышуу үчүн өтүнмө берген потенциалдуу инвесторлор саналат.
4. Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
инвестициялык сунуш – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан даярдалган, инвестициялоо объекти, аны ишке ашыруунун негизги шарттары жөнүндө маалыматты камтыган жана инвестицияларды тартуу үчүн потенциалдуу инвесторлорго сунушталуучу документ;
инвестициялык долбоор – конкреттүү объектке инвестицияларды ишке ашырууну караган, долбоордун максаттарын, көлөмдөрүн, мөөнөттөрүн, каржылоо булактарын, күтүлүүчү натыйжаларын жана аны ишке ашыруунун башка шарттарын аныктаган өз ара байланышкан иш-чаралардын жана документтердин комплекси;
инвестициялык сунуштун жана инвестициялык долбоордун демилгечиси (долбоордун демилгечиси) – инвестициялык сунушту жана инвестициялык долбоорду иштеп чыккан же бекиткен, инвестициялоо объектин аныктаган, инвесторду тандоо боюнча конкурсту уюштурган жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвестициялык келишимдин тарабы катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
баалоо методу – конкурстун жеңүүчүсүн тандоо максатында инвестициялык долбоорлорду салыштыруу үчүн ыкмалардын жана жол-жоболордун жыйындысы;
товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө техникалык тапшырма – аткаруучу аткарууга милдеттүү болгон товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу милдеттердин жана талаптардын тизмегин камтыган документ.
Зарыл болгон учурда техникалык тапшырманын талаптарында төмөнкүлөр баяндалат:
1) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата документтер;
2) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр;
3) иштеп чыгуунун баскычтары жана этаптары;
4) контролдоо жана кабыл алуу тартиби;
5) башка тиркемелер;
инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу орган;
конкурстун предмети – конкурстук документтерде белгиленген шарттарда белгилүү бир инвестициялоо объектине карата инвестициялык сунушту жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну түзүү укугу.
2-глава. Конкурстук комиссия
5. Долбоордун демилгечиси инвестициялык сунушту жана/же инвестициялык долбоорду бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде конкурстук комиссия түзөт жана анын курамын бекитет.
Конкурстук комиссиянын курамына өзгөртүүлөр ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык киргизилет.
6. Конкурстук комиссия эгерде инвестициялардын өлчөмү төмөнкүлөрдү түзсө, ар бир инвестициялык сунушка же инвестициялык долбоорго түзүлөт:
1) 1 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин – шаарлардын мэрияларын кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен;
2) 1 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин – шаарлардын мэрияларын кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган жана тиешелүү инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоор боюнча конкурс өткөрүү үчүн бирдиктүү конкурстук комиссия түзүүнү караган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки же андан ашык аткаруу органдарынын чечимдери менен;
3) 1 миллион сомдон 300 миллион сомго чейин – Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен;
4) 1 миллион сомдон 400 миллион сомго чейин – Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, алардын арасында шаардын мэриясы болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки же андан ашык аткаруу органдарынын чечимдери менен;
5) 1 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин – Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын чечимдери менен;
6) 1 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин – министрликтин же ведомствонун чечими менен;
7) 1 миллиард сомдон жана андан ашык – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен.
7. Конкурстук комиссия ведомстволук, тармактык жана аймактык таандыктыгын эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт жана 7ден кем эмес, бирок 11ден ашык эмес адамдан турат.
Конкурстук комиссия өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана катчыны шайлайт.
8. Конкурстук комиссиянын жыйналышы, эгерде конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси (кворум) катышса, укуктуу болуп саналат.
9. Конкурстук комиссия конкурстун жыйналыштарында чечимдерди конкурстук комиссиянын бекитилген курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсүнүн чечими жөнүндө маалымат көрсөтүлүү менен бардык катышкандар тарабынан кол коюлат.
Чечимге макул болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өз позициясын негиздөө менен жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин берүүгө укуктуу, ал конкурстук комиссиянын чечимине тиркелүүгө тийиш.
10. Конкурстук комиссиянын жыйналышынын жүрүшүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда конкурстук комиссиянын мүчөлөрү бул жөнүндө аларга белгилүү болору менен конкурстук комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө кабарлайт жана андан аркы аракеттер боюнча көрсөтмө алганга чейин потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланышкан өз кызматтык милдеттеринин бөлүгүн аткарууну убактылуу токтото турууга милдеттүү.
Конкурстук комиссиянын төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө маалыматты жашыруусу аны курамдан чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
Конкурстук комиссиянын төрагасында кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда анын ыйгарым укуктары төраганын орун басарына өтөт.
Мында конкурстук комиссиянын төрагасы жана/же мүчөсү кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан инвестордун өтүнмөсүн кароодо добуш берүүгө катышпайт.
Конкурстук комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтардын ачыкка чыгышын болтурбоо максатында мүчөлөр жана катчы конкурстук комиссиянын биринчи жыйналышында маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол коёт.
Конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Инвестициялык сунуштарды жана/же инвестициялык долбоорлорду баалоо, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жүргүзүлгөн жыйналыштарды кошпогондо, конкурстук комиссиянын жыйналыштары анын чечими боюнча ачык өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын жыйналыштарын видеоконференцбайланыш режиминде өткөрүүгө жол берилет.
12. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жүйөлүү себептерди (ооруу, кызматтык иш сапар, өргүү) кошпогондо, жыйналыштарды калтырбастан, конкурстук комиссиянын ишине түздөн-түз катышууга милдеттүү. Конкурстук комиссиянын жыйналышка жүйөлүү себептерсиз катары менен үч жолу келбеген мүчөсү анын курамынан чыгарылат, бул жөнүндө конкурстук комиссиянын төрагасы же төрагасынын орун басары 2 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстук комиссиянын мүчөсүн сунуштаган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө кабарлайт.
Конкурстук комиссиянын мүчөсү жүктөлгөн милдеттерди аткара албаган учурда (кызмат ордунан бошотуу, жарандыктан чыгуу, башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу, башка ишке өтүү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетүү, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу, камакка алуу, соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши, дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо, каза болуу) конкурстук комиссиянын мүчөсүн сунуштаган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча конкурстук комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилет.
13. Конкурстук комиссия өз ишин көз карандысыз жүргүзөт. Конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Конкурстук комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, мүчөлөрү, ошондой эле катчысы конкурстук комиссиянын кароосунда турган маселени оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүүгө карата кызмат адамдарынын жана жеке жактардын кандай болбосун кайрылуулары жөнүндө инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине, ошондой эле прокуратура органдарына кабарлоого милдеттүү.
14. Төмөнкүлөр конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло албайт:
1) конкурска катышкан инвесторлор, алардын өкүлдөрү;
2) конкурста мүлктүк кызыкчылыгы бар адамдар;
3) конкурстун катышуучуларынын жакын туугандары, менчик ээлери (акыркы пайда көрүүчүлөрү (бенефициарлары) болуп саналган адамдар;
4) конкурстун катышуучуларынын аффилирленген жактары же конкурстук комиссия кабыл алуучу чечимдердин объективдүүлүгүнө таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү башка жеке кызыкчылыгы бар адамдар.
15. Конкурстук комиссиянын төрагасы:
1) конкурстук комиссиянын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) ушул Тартипке ылайык конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) конкурстук комиссиянын жыйналышынын күн тартибин, датасын жана өткөрүлүүчү жерин аныктайт;
4) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн материалдар менен камсыздоону контролдойт;
5) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
6) сунушталган долбоорго каршы чыккан конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн өзгөчө пикирин конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жеткирет;
7) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт;
8) конкурстук комиссиянын протоколдоруна жана чечимдерине кол коёт;
9) конкурстук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда ушул Тартиптин 15-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды анын орун басары аткарат.
16. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
1) конкурстук комиссиянын ишине катышат;
2) ушул Тартиптин 36, 43-пункттарына ылайык жыйналышта конкурстун катышуучуларынын мөөр басылган конверттерин ачат;
3) ушул Тартипке ылайык конкурстук комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) күн тартибине ылайык маселелерди кароого катышат;
5) конкурстук комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрмө берет;
6) конкурстук комиссиянын чечимдери боюнча добуш берүүгө катышат;
7) конкурстук комиссиянын чечимине макул болбогон учурда төраганын атына, ал жок болгон учурда төраганын орун басарынын атына жазуу жүзүндөгү пикирин берүүгө укуктуу;
8) конкурстук комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт.
17. Конкурстук комиссиянын катчысы:
1) конкурс боюнча документтерди кабыл алат;
2) күн тартибине ылайык конкурстук комиссиянын жыйналыштарын даярдоону жана зарыл документтер (материалдар) менен камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
3) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы жөнүндө кабарлайт жана конкурстук комиссиянын жыйналышы өтө турган күнгө чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен материалдарды жөнөтөт;
4) күн тартиби боюнча чечимдерди чагылдыруу менен конкурстук комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт;
5) конкурстук комиссиянын чечимине макул болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү пикирлерин тиркейт;
6) конкурстук комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
7) конкурс боюнча комиссиянын ишине тиешелүү материалдарды даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык сактоого өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
18. Конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктары:
1) зарыл болгон учурда инвестициялык долбоор боюнча сунуштарды түшүндүрүү үчүн катышуучуларды конкурстук комиссиянын жыйналыштарына чакыруу;
2) ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, тиешелүү тажрыйбасы жана квалификациясы бар көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу.
19. Конкурстук комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун долбоорлору конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан даярдалат жана 2 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлөт. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү протокол менен таанышкандан кийин 1 жумуш күндөн кечиктирбестен протоколго кол коюуга жана аны конкурстук комиссиянын катчысына берүүгө милдеттүү.
20. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү менен сунуштун же долбоордун демилгечисинин ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлгөндөн кийин он беш календардык күндүн ичинде өз ишин токтотот.
21. Комиссиянын жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечими административдик акт болуп саналат, ал «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанылат.
3-глава. Конкурсту даярдоо
22. Долбоордун демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгууга укуктуу.
Конкурс өткөрүү үчүн негиз болуп долбоордун демилгечисинин инвестициялык сунушту, инвестициялык долбоорду бекитүү жана/же аны ишке ашыруу үчүн ачык конкурс өткөрүү жолу менен инвесторду тартуу зарылдыгы жөнүндө чечими саналат.
23. Долбоордун демилгечиси конкурс жарыяланганга чейин төмөнкүлөрдү бекитет:
– конкурстук документтерди;
– товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү учурунда ушул Тартиптин 26-пунктуна ылайык техникалык тапшырманы;
– ушул Тартиптин 27-пунктуна ылайык конкурстун катышуучуларына коюлуучу квалификациялык талаптарды.
24. Инвестициялык сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аталышын;
2) кыскача мазмунун;
3) ишке ашыруунун сунушталган планын;
4) сунушталган материалдык жана материалдык эмес активдер жөнүндө маалыматты (активдердин сыпаттамасын, жер участогун бөлүп берүү жана анын категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, жерди которууда (трансформациялоодо) чыгымдардын наркын, карыздын суммасын, ошондой эле аларды алып салуу үчүн убакытты көрсөтүү менен оорчулуктардын бар экендигин, зарыл инфраструктуралык коммуникацияларга кошулууга байланышкан чыгымдардын наркын, болгон уруксат документтеринин статусун, аларды алуу үчүн наркын жана убакытты көрсөтүү менен уруксат документтерин берүү боюнча демилгечинин милдеттенмелерин, инвестициялык сунуштун өзгөчөлүгүнө жараша башка маалыматты);
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча инвестордун анкетасын;
6) инвестордун аброю жана анын натыйжалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы, төлөмдөр боюнча болгон карыздары ж.б. жөнүндө башка маалыматтарды.
25. Инвестициялык долбоор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аталышын;
2) бизнес-планды;
3) күтүлүүчү товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсүн;
4) акыркы продуктту илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетингдик саясат менен тышкы чөйрөнүн (сатып алуучулар, берүүчүлөр, атаандаштар ж.б.) сыпаттамасын;
5) түзүлгөн план менен товарларды чыгаруунун, жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана түшүүлөрдүн пландаштырылган көлөмүн аныктоону;
6) финансылык жана техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, ошондой эле сметаларды;
7) адам ресурстарын уюштуруу жана башкаруу процессинин сыпаттамасын;
8) каржылоо графиги менен зарыл инвестициялардын болжолдонгон көлөмүн, ошондой эле өздүк, зайымдык жана башка тартылуучу каражаттардын үлүшүн жана аларды каржылоо булактарын көрсөтүү менен инвестициялык долбоорду каржылоонун түзүмүн;
9) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен аларды талдоону;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча инвестордун анкетасын;
11) зарыл тиркемелерди;
12) эгерде зарылдыгы мыйзамдарда аныкталса, инвестициялык долбоорго мамлекеттик экологиялык экспертизанын жыйынтыктарын, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди жана таасирлерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматты.
26. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө инвестициялык сунушту жана/же инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында техникалык тапшырма төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт:
1) киришүүнү;
2) техникалык тапшырманы иштеп чыгуу үчүн негиздин сыпаттамасын;
3) техникалык тапшырманын багытын;
4) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптарды;
5) аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын.
27. Конкурстун катышуучусуна квалификациялык талаптар:
1) юридикалык жактын жана/же жеке ишкердин статусунун болушу;
2) масштабын, тармактык таандыктыгын жана ишке ашыруунун натыйжаларын эске алуу менен талаптагыдай аткарылган, аяктаган кеминде бир инвестициялык долбоорду же конкурстун предметине окшош долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу;
3) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу;
4) жоюу же кайра уюштуруу процессинде болбоосу;
5) банкроттук жөнүндө козголгон иштин жоктугу;
6) мүлккө же активдерге камактын жана анын ишин токтотуу фактысынын жоктугу;
7) потенциалдуу инвестордун, анын уюштуруучуларынын, бенефициардык ээлеринин жана жетекчилеринин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде жоктугу;
8) уюштуруучулардын, бенефициардык ээлердин жана жетекчилердин экономикалык кылмыштар, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу.
28. Конкурстун катышуучуларына кошумча квалификациялык талаптар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) капиталдын минималдуу өлчөмүн;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке бизнес менен долбоорду ишке ашыруунун предметине окшош инфраструктуралык объекттерди ишке ашыруу, товарларды берүү, кызматтарды көрсөтүү боюнча инвестициялык долбоорлорду же башка келишимдерди ишке ашыруу тажрыйбасын;
3) квалификациялуу персоналдын болушун;
4) техникалык жана финансылык ресурстардын болушун;
5) документтер менен ырасталган ушундай иштерди аткаруу тажрыйбасын;
6) ушундай иштердин долбоордук чечимдерин иштеп чыккан кесипкөй кадрлар менен камсыз болушун;
7) долбоордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча талаптарды (төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздардын жоктугу, менчикте же ижарада жабдуулардын, техниканын болушу, финансылык, бухгалтердик отчеттуулукту берүү ж.б.).
29. Конкурска катышууга чакыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин-Тоо» гезитине милдеттүү түрдө жарыяланууга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын телеканалында жарыяланууга тийиш жана долбоордун демилгечисинин, ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
30. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) конкурстун аталышын, конкурстун демилгечисинин юридикалык дарегин, почта дарегин, электрондук почта дарегин жана байланыш телефонун;
2) өткөрүү шарттарын жана тартибин;
3) конкурстун катышуучуларына квалификациялык талаптарды;
4) электрондук алып жүрүүчүлөрдө конкурс боюнча толук маалымат алуу булактарын;
5) мамлекеттик жана расмий тилдерде катышууга өтүнмөнүн формасын;
6) конкурс боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу дарегин, датасын жана аяктоо убактысын;
7) жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын;
8) конкурска катышууга өтүнмө берүүчү жерди жана мөөнөтүн (өтүнмөнү кабыл алуу башталган датаны жана убакытты жана аяктоочу мөөнөттү).
31. Конкурстун башталышы жөнүндө жарыяланган күн менен өтүнмөлөрдү чогултуу аяктаган күндүн ортосундагы мөөнөт 60 календардык күндөн аз болбоого тийиш.
Конкурска өтүнмөлөрдү чогултуу үчүн кошумча убакыт талап кылынган учурларда долбоордун демилгечиси өзгөчөлүгүнө жараша өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүн 30 күнгө чейин узарта алат. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим бир гана жолу кабыл алынышы мүмкүн.
Конкурска катышууга өтүнмө ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
4-глава. Конкурсту өткөрүү
32. Конкурс эки этаптан турат:
1) биринчи этап: конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга ылайык келишин баалоо;
2) экинчи этап: конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоо жана инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун техникалык, социалдык жана экономикалык натыйжалуулугу боюнча ушул Тартипте белгиленген баалоо критерийлеринин негизинде конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо.
Конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоо ушул Тартиптин 2, 3 жана 4-тиркемелеринде белгиленген критерийлерге, көрсөткүчтөргө жана алардын чектүү маанилерине ылайык конкурстук комиссия тарабынан баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
33. Конкурска документтер конкурстун катышуучусу тарабынан кагаз же электрондук түрдө эки мөөр басылган конвертте берилет жана тараптар жеке өзү же электрондук цифралык кол тамга менен кол коёт.
34. Конкурстун катышуучусу биринчи мөөр басылган конвертке конверттин номерин көрсөтүү менен конкурстун аталышы, фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө белги коёт, анда төмөнкү документтер салынууга тийиш:
1) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн жана анын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жак эсепте турган жер боюнча салык органдарынан салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн, жыйымдарды жана кандай болбосун деңгээлдердеги бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө маалымкат;
3) юридикалык жактын эсептерин тейлеген коммерциялык банктардын акыркы алты айдагы эсептешүү эсептери боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкаттары;
4) бардык болгон карыздар жөнүндө маалымат (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана бардык коштоочу документтер);
5) инвестордун жакшы абройго ээ экендиги, инвесторго каршы өз-өзүнчө же жалпысынан анын чарбалык ишине, активдерине, финансылык же башка абалына кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге алып келиши же ушул инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүн начарлатышы мүмкүн болгон эч кандай доолор коюлбагандыгы, эч кандай сот иштер козголбогондугу, эч кандай териштирүүлөр же иликтөөлөр жүргүзүлбөгөндүгү жана кандай болбосун сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай аракеттерди жасоо коркунучу жок экендиги жөнүндө маалымат;
6) өтүнмө ээсинин ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
7) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар менен анкета (декларация);
8) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтер.
Инвестициялык сунуш жана/же инвестициялык долбоор боюнча маалымат ушул Тартиптин 24, 25-пункттарына ылайык берилет.
35. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун техникалык тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында сунуш төмөнкүдөй форма боюнча берилет:
1) конкурстун аталышы;
2) инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун аталышы;
3) кыскача резюме;
4) сунушталган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпаттамасы;
5) сунушталган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөлөрүнүн толук сыпаттамасы, керектүүсү сыпатталат;
6) смета;
7) уюштуруу жана башкаруу системасы. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлердин санын көрсөтүү менен персонал боюнча план;
8) инвестициялардын булактары жана мөөнөттөрү, ошондой эле инвестициялардын көлөмүн көрсөтүү менен каржылоо тартиби;
9) мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен аларды талдоо;
10) тиркемелер.
36. Конкурстук комиссия конкурстун биринчи этабын өткөрүүдө өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын биринчи номердеги мөөр басылган конверттерин ачат жана конверттер ачылган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын документтеринин ушул Тартиптин 27, 28 жана 34-пункттарынын талаптарына ылайык келүүсүнө баалоо жүргүзөт.
37. Конкурстун биринчи этабында баалоо үчүн жалпы талаптар болуп ушул Тартиптин 27, 28 жана 34-пункттарына ылайык конкурстун катышуучусунун (катышуучуларынын) берилген документтеринин болушу жана аныктыгы саналат.
38. Конкурстук комиссия конкурстун биринчи этабында баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстун ар бир катышуучусуна карата төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) катышуучуну конкурстун биринчи этабынын квалификациялык талаптарына ылайык келет деп таануу жана конкурстун экинчи этабына киргизүү жөнүндө;
2) конкурстун катышуучусун конкурстун биринчи этабында квалификациялык талаптарга ылайык келбейт деп таануу жөнүндө.
39. Конкурстун катышуучусунун квалификациялык талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө биринчи этаптын чечими конкурстук комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат, эгерде:
1) конкурстун катышуучусунун документтери толук эмес көлөмдө берилсе;
2) документтерде анык эмес маалыматтар камтылса, алар ушул Тартиптин 27, 28 жана 34-пункттарында каралган, коюлган талаптарга ылайык келбесе;
3) конкурстун катышуучусу менчик түзүмү же акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө анык эмес маалыматтарды бергендиги аныкталса.
40. Конкурстук комиссия конкурстун биринчи этабынын жыйынтыктоочу натыйжаларын конкурстун ар бир катышуучусу боюнча кабыл алынган чечимди көрсөтүү менен протоколдо аныктайт.
41. Протоколго кол коюлгандан кийин конкурстук комиссия 5 жумуш күндүн ичинде ар бир катышуучуга конкурстун натыйжалары жөнүндө тиешелүү почта же электрондук почта кабарлоосун жиберет.
42. Эгерде конкурска бир катышуучу катышса жана анын документтери ушул Тартиптин 27, 28 жана 34-пункттарына ылайык келсе, конкурстук комиссия аны конкурстун экинчи этабына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
43. Конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүдө өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларынын экинчи номердеги мөөр басылган конверттерин ачат жана конверттер ачылган күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирбестен инвестициялык сунуштардын жана инвестициялык долбоорлордун ушул Тартиптин 44-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсүнө баалоо жүргүзөт, анын натыйжалары боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат.
44. Конкурстук комиссия инвестициялык сунуштарды жана/же инвестициялык долбоорлорду баалоону төмөнкү методдорду колдонуу менен жүзөгө ашырат:
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык 15тен 30га чейин балл берүү менен техникалык натыйжалуулукту баалоо;
2) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык 15тен 30га чейин балл берүү менен экономикалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукту баалоо;
3) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык 15тен 30га чейин балл берүү менен социалдык натыйжалуулукту баалоо.
Эң көп балл топтогон катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болот.
Конкурстун эки жана андан көп катышуучусунун баллдары бирдей болгон учурда конкурстук комиссия эң татыктуу талапкерди аныктоо максатында конкурстун мындай катышуучулары менен аңгемелешүү өткөрөт.
45. Конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кароо протоколунда көрсөтүлгөн убакта жана жерде ачык жүзөгө ашырылат.
Конкурстун катышуучулары, алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү конкурстук комиссиянын жыйналышына конверттерди ачуу учурунда гана катышууга укуктуу.
46. Конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо баллдарды (ар бир метод боюнча 15тен 30га чейин баллга) бөлүштүрүү системасынын сыпаттамасын камтыган ушул Тартиптин 44-пунктуна ылайык конкурстун катышуучуларынын инвестициялык сунуштарында камтылган шарттарды салыштыруу аркылуу конкурстук документтердин ылайык келүүсүн баалоонун негизинде конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо максатында жүзөгө ашырылат.
47. Инвестициялык сунуштарды баалоодо конкурстук комиссия корутундуларды жана пикирлерди алуу үчүн мамлекеттик органдардын эксперттерин жана адистерин, анын ичинде тиешелүү чөйрөлөрдө компетенттүү көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды тартууга укуктуу, алар конкурс өткөрүүдө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Катчы тартылган мамлекеттик органдардын эксперттеринин жана консультанттарынын, анын ичинде тиешелүү чөйрөлөрдө компетенттүү көз карандысыз эксперттердин, консультанттардын конкурстук сунуштар менен аларды тааныштыруунун алдында конкурстук комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана/же белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана жайылтпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмесине кол коёт. Эксперттерге жана консультанттарга берилген конкурс боюнча документтер жана маалымат ачыкка чыгарылууга жана үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.
Эксперттер жана консультанттар конкурс өткөрүүгө катышуусуна байланыштуу аларга белгилүү болгон жеке маалыматтарды иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана алардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
48. Инвестициялык сунуштарды жана/же инвестициялык долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталат. Конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат, ал ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык жыйынтык протоколунда төмөнкүлөрдү чагылдыруу менен таризделет:
1) конкурстук документтер үчүн белгиленген талаптарга алардын ылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алынган конкурстук сунуштарды же долбоорлорду (бар болсо);
2) конкурстук документтерге ылайык келбеген конкурстук сунуштарды же долбоорлорду четке кагуу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечимин;
3) конкурстун катышуучуларынын ортосунда баллдарды бөлүштүрүү жөнүндө маалымат менен конкурстук документтерге ылайык келген конкурстук сунуштарды же долбоорлорду баалоонун натыйжаларын;
4) катышуучунун маалыматтары менен конкурстун жеңүүчүсүн көрсөтүү менен конкурстук комиссиянын чечимин: эгерде жеңүүчү жеке ишкер болсо – фамилиясы, аты, атасынын аты, эгерде жеңүүчү юридикалык жак болсо – уюмдун аталышы.
49. Эгерде конкурстук сунуштарды жана долбоорлорду кароонун натыйжалары боюнча конкурстук комиссия конкурстук сунуштардын же долбоорлордун бири да белгиленген талаптарга ылайык келбейт деген чечим кабыл алса, конкурстук комиссия конкурстук сунуштарды же долбоорлорду четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат, бул тууралуу конкурстун катышуучуларына маалымат берилет.
50. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү тандоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстун катышуучуларына конкурстун натыйжалары жөнүндө кабарлоо жиберет, инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт, ошондой эле жеңүүчүнү тандоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты долбоордун демилгечиси болгон мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырат.
51. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссияга берген бардык документтер жана маалыматтар берүүгө жана ачыкка чыгарууга жатпайт.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө же бул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматты конкурстук сунуштарды жана конкурс өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган конкурстук сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
5-глава. Инвестициялык макулдашууну түзүү жана ишке ашыруу
52. Инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайттарында, ошондой эле инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде түзүлөт.
53. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоор боюнча инвестициялык макулдашууну түзүүдөн баш тартса же аны түзбөсө, конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүнөн баш тартуу алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен инвестициялык макулдашууну түзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
Экинчи катышуучу баш тарткан же ага сунуш жиберилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ал жооп бербеген учурда конкурстук комиссиянын чечими менен конкурс өтпөй калды деп таанылат жана инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайтадан конкурс жарыялайт.
54. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн жарыялаган учурда долбоордун демилгечиси инвестициялык макулдашууну түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуксуз.
55. Конкурстун жеңүүчүсү инвестициялык макулдашуу түзүлгөндөн кийин иштердин планына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессин баштоого тийиш.
Эгерде конкурстун жеңүүчүсү инвестициялык долбоорду инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык ишке ашырбаса, түзүлгөн инвестициялык макулдашууну бузуу демилгеленет жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык кайтадан конкурс жарыяланат.
56. Эгерде тараптар инвестициялык макулдашуунун бардык шарттарын сактаса, инвестициялык долбоор ишке ашырылды деп эсептелет.
6-глава. Мониторинг жана контроль
57. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана инвестициялык макулдашууларда аныкталган, инвесторлор тарабынан алынган милдеттенмелердин аткарылышын контролдойт.
Мониторинг текшерүү болуп саналбайт жана жол берилген бузуулар үчүн инвесторлорго жоопкерчилик түрүндөгү кесепеттерди алып келбейт.
58. Инвестор инвестициялык макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткаруунун шарттарын бузган учурда мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвестициялык макулдашууну бузуу, мамлекет тарткан чыгымдардын, айыптардын жана зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө доо менен Кыргыз Республикасынын сот органдарына кайрылат.
59. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөрүлгөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жолугушуунун натыйжалары жана жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалыматты;
2) календардык жыл аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматты.
60. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттук жыл аяктагандан кийин 60 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде учурдагы проблемалардын сыпаттамасын жана аларды чечүү боюнча сунуштарды берет.
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык
долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартибине
1-тиркеме
Инвестициялык сунуш жана/же инвестициялык долбоор боюнча конкурска катышууга
өтүнмө
_________________________________________________________________________ (инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун аталышы)
№ | Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар | Датасы | Документтерди тапшырган адамдын аты-жөнү, паспорттук маалыматтары
| Документ-терди тапшырган адамдын колу | |
Жеке ишкерлер үчүн: ишкердик ишти жүзөгө ашырган жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери
| Юридикалык жактар үчүн: аталышы, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы, каттаган органдын аталышы
| ||||
|
|
|
|
|
|
1 |
|
|
|
|
|
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартибине
2-тиркеме
Инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун техникалык натыйжалуулугун баалоо
Инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун техникалык көрсөткүчтөрүн баалоо долбоордун физикалык параметрлерин аныктоо максатында ченемдик метод менен жүргүзүлөт. Техникалык көрсөткүчтөр каржылоо үчүн негиз болуп саналат жана тартылган инвестициялардын каражаттарын каржылоонун максаттарын жана багыттарын камтыйт.
Максатсыз каржылоо финансылык каражаттарды пайдалануу багыттарынын бурмаланышынын масштабдарына жараша административдик жана кылмыш-жаза тартибинде куугунтуктоого алынат.
Баалоонун ушул баскычында инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун максатка ылайыктуулугу ар кандай технологиялардын, методдордун жана ченемдердин көрсөткүчтөрүн салыштыруу жолу менен бааланат. Техникалык көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун баалоо инвестициялык долбоорду ишке ашырууда жетишүүгө тийиш болгон ченемдерди аткарууга кеткен чыгымдардын жана акыркы стандарттын негизинде эсептөө методу менен жүргүзүлөт.
Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда бир нече методдор, технологиялар жана мамилелер болгон учурда техникалык көрсөткүчтөрдү баалоо ар бир вариант боюнча көрсөткүчтөрдү салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт.
Техникалык көрсөткүчтөр техникалык документтердин номенклатураларында: мамлекеттик стандарттарда (мындан ары – МАМСТ), курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде (мындан ары – КЧжЭ), санитардык эрежелерде жана ченемдерде (мындан ары – СанЭжЧ), ошондой эле инвестициялык долбоордун максаттарына жетүү үчүн колдонулуучу техникалык шарттарда (мындан ары – ТШ) аныкталган ченемдерден турат.
Бекитилген сунушталуучу көрсөткүчтөрдүн негизинде конкурстун катышуучуларынын инвестициялык сунуштарын баалоо жүргүзүлөт.
Техникалык натыйжалуулукту баалоонун негизинде инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
– региондун керектөөлөрүнө багытталган фокалдык долбоорлор;
– Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чегинде колдонулушу жайылтылган локалдык долбоорлор;
– Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ишке ашырылуучу трансчек аралык мүнөздөгү глобалдык долбоорлор;
– коопсуздук ченемдерин камсыз кылуу, анын ичинде чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү максаттарын көздөгөн өзгөчө маанилүү долбоорлор.
Техникалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулукту баалоодо инвестициялык долбоорду башкаруунун натыйжалуулугу (административдик чыгымдар) өзүнчө бааланат.
Курулуш тармагындагы инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор Курулуш продукциясынын наркын эсептөөдө коштомо чыгымдарды эсептөөнүн тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөргө, Курулуштагы сметалык пайданын чоңдугун аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-ЧУА буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоонун методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептөөлөргө негизделген көрсөткүчтөр менен аныкталат. Көрсөтүлгөн тартипте алынган маалыматтардын негизинде тармакта долбоорду башкаруунун натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлөт.
Баалоонун натыйжалары боюнча ар бир катышуучуга 15тен 30га чейин балл берилет.
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартибине
3-тиркеме
Инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун экономикалык көрсөткүчтөр боюнча натыйжалуулугун
баалоо
Инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун экономикалык көрсөткүчтөрүн баалоо эсептөө методу менен жүзөгө ашырылат. Техникалык көрсөткүчтөргө ылайык инвестициялоо суммасын накталай туюнтмасында баалоо прейскуранттардын баалары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен башка документтер боюнча маалымдама маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Нарктык көрсөткүчтөрдү калькуляциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен аныкталган чыгымдарды калькуляциялоого окшош жүргүзүлөт. Калькуляциянын талаптагыдай аткарылышын баалоону макроэкономикалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Калькуляциянын негизинде акчалай жана накталай туюнтмадагы бардык көрсөткүчтөр Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) талаптарына ылайык келген болжолдуу стандарттык отчеттордо таризделет. Мында долбоор боюнча мүлктүк абалдын өзгөрүшү № 1 форма боюнча болжолдуу баланста таризделет. Болжолдуу сарптоолор, чыгымдар жана кирешелер отчетто № 2 форма боюнча таризделет. № 1, № 2 формаларынын таризделген болжолдуу отчетторунун негизинде алардын акча каражаттарын каржылоо планына ылайык келишине № 3 форма боюнча тариздөө менен баалоо жүргүзүлөт.
№ 3 форма боюнча отчеттун негизинде инвестициялык долбоордун таза келтирилген наркынын абсолюттук көрсөткүчү түрүндө инвестициялоонун наркын жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт.
Инвестициялык долбоордун таза келтирилген наркы – инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен шартталган болжолдуу кирешенин суммасы жана эсептик мезгилде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу процессинде жүргүзүлгөн дисконттолгон пайдалар (кирешелер) менен чыгымдардын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Инвестициялык долбоордун таза дисконттолгон кирешеси төмөнкү формула менен аныкталат:
мында: NPV – таза келтирилген нарк (изделген чоңдук);
Bt – t мезгилинде ишке ашыруудан алынган пайдалар (кирешелер);
Ct – t мезгилинде ишке ашырууга чыгымдар;
t – ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында инвестициялык долбоорду эксплуатациялоо мезгили – инвестициялык долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана инвестициялык долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыт аралыгы;
r – дисконттоо ставкасы.
Инвестициялык долбоордун акча агымдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча эсептен дисконттоо менен бааланат. Инфляция боюнча маалыматтар болгондо, кирешелүүлүк ставкасы терс белги менен түзүлөт. Эгерде эсептөөлөр инфляциянын көрсөткүчү жок жүргүзүлсө, бул жөнүндө тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Каржылоочу тараптан же донорлордон, ошондой эле өнүктүрүү банктарынан ставкага карата талаптар жөнүндө маалыматтар болгондо, долбоордун таза келтирилген наркын эсептөөгө көрсөтүлгөн ставка алынат.
Таза келтирилген нарктын көрсөткүчтөрүнүн негизинде инвестициялык долбоор жалпысынан нөлгө барабар болгон таза келтирилген наркта кирешелүүлүктүн ички ставкасынын (IRR) көрсөткүчүн эсептөө менен бааланат.
Кирешелүүлүктүн ички ставкасы – инвестициялардан келип чыккан киреше ченеми. Бул инвестициянын таза келтирилген наркы нөлгө барабар болгон киреше ченеми (тоскоолдук ставкасы, дисконттоо ставкасы) же инвестициялык долбоордон дисконттолгон кирешелер инвестициялык чыгымдарга барабар болгон дисконттук ставка. Кирешелүүлүктүн ички ставкасы дисконттун максималдуу алгылыктуу ставкасын аныктайт, мында каражаттарды менчик ээси үчүн эч кандай жоготуусуз инвестициялоого болот.
IRR = r, мында NPV = f (r) = 0,
инвестициялык долбоордун рентабелдүүлүгүнүн экономикалык ченеми төмөнкү формула менен аныкталат:
мында: EIRR – кирешелүүлүктүн экономикалык ченеми (изделген чоңдук), % менен;
Bt – t мезгилинде ишке ашыруудан алынган пайдалар (кирешелер);
NPV (B) – дисконттолгон пайдалар (кирешелер);
Ct – t мезгилинде ишке ашырууга чыгымдар;
NPV(С) – инвестициялык чыгымдар;
t – инвестициялык долбоорду ишке киргизүү жана эксплуатациялоо мезгили, мында инвестициялык долбоорду эксплуатациялоо мезгили – инвестициялык долбоордо каралган иш-аракеттер жүзөгө ашырылуучу жана инвестициялык долбоордо каралган натыйжаларды алуу камсыз кылынган убакыт аралыгы.
Баалоонун натыйжалары боюнча ар бир катышуучуга 15тен 30га чейин балл берилет.
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартибине
4-тиркеме
Инвестициялык сунуштун жана/же инвестициялык долбоордун социалдык натыйжалуулугун
баалоо
Инвестициялык сунушту жана/же инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун калктын социалдык абалына тийгизген таасирин баалоо анын өндүрүмдүүлүгүнө, эмгек шарттарына чыгымдарды жана пайданы өлчөө көрсөткүчтөрү, экологиялык абалы жана инвестициялык долбоордо кошумча такталуучу башка көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
Социалдык пайданы баалоо инвестициялык долбоордун бюджетинде кызматкерлердин (катышуучулардын, подрядчылардын жана жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы жана ички башка берүүчүлөрдүн) эмгек акысына багытталуучу чыгымдардын наркын өлчөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
Өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштыруу менен өндүрүштүк мүнөздөгү инвестицияларды баалоо үчүн жумуш орундарынын санын баалоо долбоордук көрсөткүчтү 5 коэффициентине көбөйтүү менен жүргүзүлөт. Алсак, өндүрүштө 100 жумуш ордун камсыз кылуу менен өндүрүштүк объекттин курулушун баалоо үчүн инвестициялык долбоордун социалдык таасири илим, искусство, маданият, медицина, коомдук тамактануу, укуктук тартипти коргоо чөйрөсүндөгү кошумча 500 орун менен бааланат.
Койка-орундар менен камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, саламаттык сактоо ж.б. ушул сыяктуу социалдык бакубаттуулукту жогорулатуунун мындай көрсөткүчтөрү инвестициялык долбоорду түзүүдө аныкталат жана такталат.
Экологиялык көрсөткүчтөр тиешелүү мамлекеттик органдар бекиткен жана контролдогон экологиялык ченемдерди сактоого жана жогорулатууга багытталган каражаттардын көлөмүнүн негизинде бааланат.
Баалоонун натыйжалары боюнча ар бир катышуучуга 15тен 30га чейин балл берилет.
Инвестициялык сунуштар жана/же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү тартибине
5-тиркеме
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө
№ ____ жыйынтык протоколу
20___-жылдын «___» _____________
____________________________________________________________ (долбоордун демилгечиси)
Инвестициялык сунуштун жана инвестициялык долбоордун аталышы:
________________________________________________________________________________________________________________________
Төмөнкүдөй курамдагы конкурстук комиссия:
1. Төрага:___________________________________________
2. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
3. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
4. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
5. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
6. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
7. Комиссиянын мүчөсү: ______________________________
Талкуулоо
Белгиленген квалификациялык талаптарга алардын ылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алынган конкурстун катышуучуларынын сунуштары боюнча комиссиянын чечими (бар болсо, себептери көрсөтүлөт).
Конкурстун катышуучуларынын ортосунда баллдарды бөлүштүрүү менен баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат менен инвестициялык сунушка жана/же инвестициялык долбоорго ылайык келген конкурстун катышуучуларынын сунуштарын баалоонун натыйжалары.
Чечим
Ачык конкурстун натыйжалары боюнча конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү деп таануу чечимин кабыл алды (катышуучунун маалыматтары көрсөтүлөт: эгерде жеңүүчү жеке ишкер болсо – фамилиясы, аты, атасынын аты, эгерде жеңүүчү юридикалык жак болсо – уюмдун аталышы).
Төрага /колу/
Комиссиянын катчысы /колу/