Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

  АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

                                                                                    

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

 Токтому

                                                                        

2025-жылдын 14-августу  №14

 

 

Арстанбап-Ата айыл аймагындагы Кош-Терек негизги билим берүү мектебине наам берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун протоколдук тапшырмасынын жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-майындагы №10-05/875 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун талаптарына ылайык жана мектептин педагогикалык жамаатынын жана ата-энелердин биргелешкен жыйынынын протоколунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кош-Терек негизги билим берүү мектебине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук ишмери Искак Разаковдун аты ыйгарылсын.

 

2. Мектепке наам берүү боюнча тиешелүү жумуштарды аткаруу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И.Чолпановго жана мектеп директору А.Мирзаиловго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

                                      Ж.Абдухалилов