Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк
жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды
каттоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын аймагында келген жери боюнча каттоо жол-жобосу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусун эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын эл аралык коргоодон пайдаланган, өзгөчө статусу Кыргыз Республикасында таанылган чет өлкөлүк жарандарды каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары – ТМЭБС) аркылуу жүзөгө ашырылат:
– болуу жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмдөрүндө;
– «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында же мобилдик тиркеме аркылуу.
Каттоого арыз берген учурда арыз ээсине ТМЭБСте катталган катар номер ыйгарылат.
«Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтына кирүү мүмкүнчүлүгү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан операторлордун ыйгарым укуктарынын деңгээлине жараша аныкталат.
Кабыл алуучу тарап үчүн «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо» сайтында «жеке кабинетти» пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган, анда мурда каттоо үчүн берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты боюнча мурда катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар сакталат.
Кабыл алуучу тарап алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук чараларды сактайт.
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн мобилдик тиркеменин иштөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана улуттук коопсуздук орган тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана (же) өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу же каттоону узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Атайын эл аралык коргоодон пайдаланган, өзгөчө статусу Кыргыз Республикасында таанылган чет өлкөлүк жарандарды каттоо ушул Тартиптин 7-главасына ылайык ишке ашырылат.
Дипломатиялык, кызматтык, расмий жана башка категориядагы чет өлкөлүк паспорттору бар жана Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланбаган адамдарды каттоо ушул Тартипке ылайык белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Каттоону жүзөгө ашыруу үчүн кирүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөндүгү жөнүндө маалыматтын болушу милдеттүү. Качкындарды жана Кыргыз Республикасында аларды качкындар деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдарды кошпогондо, каттоо Кыргыз Республикасына кирүүдө көрсөтүлгөн паспорттун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин негизинде жүргүзүлөт.
8. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана ички паспорттордун (ID-карталардын) негизинде жарандардын өз ара баруулары жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер түзүлгөн башка өлкөлөрдүн жарандары, эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында кыска мөөнөттүү максаттары менен 60 же 90 календардык күндөн көп эмес боло алышат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же андан чыккан учурда визасыз жүрүү режими колдонулган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жашоого укук берген документтерди тариздөө үчүн 90 календардык күнгө катталышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укук берген документтер жок болсо, каттоо узартылбайт.
10. Бир же бир нече жарандыгы бар чет өлкөлүк жарандар алмаштырууга байланыштуу жаңы паспортторду алган учурларды кошпогондо, алар Кыргыз Республикасынын аймагына кирген бир чет элдик паспорттун негизинде гана каттоодон өтө алат (же каттоону узарта алат).
11. ТМЭБСте каттоодо арыз ээсинин инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ жана Кыргыз Республикасында берилген, жашоого укук берүүчү документ жөнүндө маалыматтар киргизилет (кайрылман күбөлүгү; жарандыгы жок адамдын күбөлүгү; жашап турууга уруксат; «Мекен-карт»; качкындын күбөлүгү; башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү; резидент-карта).
12. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 1 (бир) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Арыз сайт же мобилдик тиркеме аркылуу жумуш убактысынан кийин берилген учурда, каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2 (эки) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
13. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмегине (мындан ары – Тизмек) ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргөн жери боюнча каттоодон тиешелүү мөөнөткө бошотулушу мүмкүн.
Эгерде Тизмекте каралган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөтү Тизмекте көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашып кетсе, анда алар ушул Тартипке ылайык келген жери боюнча катталууга тийиш.
Аталган адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында 7 (жети) календардык күндөн кем эмес жүргөн учурда алардын арыздары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
14. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында аталган адамдардын турган жеринин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлүүгө тийиш.
Иш жүзүндөгү дарек болуп жашоо үчүн техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген турак жай же жатаканалар, пансионаттар, конок үйлөрү, хостелдер (мындан ары – башка жай) болушу мүмкүн.
Эгерде кабыл алуучу жана (же) чакыруучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же болбосо менчик ээси тарабынан кабыл алуучу жана (же) чакыруучу тарапка чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды өзүнө таандык турак жайда же башка жайда каттоого укук берген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат болгондо жүзөгө ашырылат.
Каттоого алынуучу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны Кыргыз Республикасындагы турак жай аянтынын ченемине жараша (турак үйлөр жана батирлер үчүн) аныкталат жана жакын туугандарын кошпогондо, бир адамга кеминде 12 квадрат метрден туура келет.
15. Мамлекеттик алымдарды жана каттоону тариздөө үчүн төлөмдөрдү төлөө арыз ээси тарабынан төлөм коду алынгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде төлөнүүгө тийиш. Каттоону тариздөө үчүн төлөмдөрдү ырастоо ТМЭБСте көрсөтүлөт.
Эгерде 3 (үч) жумуш күндүн ичинде төлөм ырасталбаса, каттоо жүргүзүлбөйт, ал эми арыз кабыл алынган жок деп эсептелет жана ТМЭБСтен өчүрүлөт. Маалымат автоматтык түрдө электрондук архивде сакталат.
16. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар (мейманканалар, конок үйлөрү, санаторийлер, пансионаттар), ошондой эле аларды өзүнүн үйүндө жайгаштырган адамдар, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды окуткан жана аларды жатаканага жайгаштырган окуу жайлары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар менен эмгек келишимин түзгөн жана аларга ведомстволук турак жай берген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ушул Тартипке ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда же «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо» сайтында каттоого милдеттүү.
ТМЭБСте мамлекеттик чек арадан өтүү жөнүндө маалымат болбогон учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баруусу милдеттүү эмес.
17. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 жумуш күндүн ичинде жалпы тартипте жыл сайын кайра катталуу мүмкүнчүлүгү менен барган жери боюнча катталууга милдеттүү.
18. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда белгиленген тартипте аккредиттелбеген чет өлкөлүк жарандын үй-бүлө мүчөлөрү узак мөөнөткө жүргөн учурда Кыргыз Республикасында болууга укук берген документтердин негизинде катталышы мүмкүн.
2-глава. Берилүүчү документтердин тизмеги
19. Каттоону тариздөө үчүн аймактык бөлүмгө берилүүчү документтердин тизмеги:
– кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты (кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактар, туруктуу жашоого уруксаты бар жана (же) менчик турак жайы же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн).
Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;
– өкүл кайрылган учурда жеке жактын же юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат жана инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ;
–лкачкындарды жана аларды Кыргыз Республикасында качкындар деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандын колдонуудагы паспорту, же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документ же колдонуудагы визасы менен (бар болгондо);
– Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
– визасыз режим каралган чет өлкөлүк жарандар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар үчүн – ТМЭБСте маалыматтар жок болгон учурда, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун же ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу келишиминин бар экендигин ырастоочу документ;
– каттоону тариздөө үчүн төлөм жана мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция.
20. Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
1) Кыргыз Республикасынын окуу жайларына кабыл алынгандар үчүн (сырттан окууга кабыл алынгандарды кошпогондо):
– чет өлкөлүк студенттер – визасыз режим каралган мамлекеттердин жарандары үчүн окуу келишими.
Окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн өтүнүч катта кабыл алуу жөнүндө буйруктун реквизиттери жана жатакананын дареги көрсөтүлөт.
Эгерде студенттер окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашаса, аларды каттоо жалпы негизде жүргүзүлөт жана чет өлкөлүк студенттер – визасыз режим колдонулган мамлекеттердин жарандары үчүн окуу жайдын буйругунан көчүрмө (маалымкат) же окуу жайдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн өтүнүч каты кошумча берилет;
2) эмгек ишин жана жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында келгендер (ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү: жубайы, жашы жете элек балдары, алардын багуусундагы жакын туугандары), иштиктүү максаттар менен, диний уюмдар менен кызматташуу багыты боюнча жана башка максатта келгендер үчүн:
– тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген бир жолку уруксат (резидент-карта);
– Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек келишими, же жеке ишкерди каттоо тууралуу күбөлүк, же уюштуруучу же жетекчи болуп дайындалганын ырастаган документтер (буйрук, келишим, күбөлүк).
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары – эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрү туугандык байланышын ырастаган документтерди бериши керек:
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органы тарабынан берилген патент.
Патент бар болгон учурда каттоо берилген патенттин колдонуу мөөнөтүнө жүзөгө ашырылат;
3) кайрылман же качкын статусуна ээ болгон адамдар же тиешелүү учурларда аны качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч кат берген адамдар үчүн:
– кайрылмандын күбөлүгү;
– миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан паспортунун бар же жок экендигин көрсөтүү менен берилген качкындын күбөлүгү же аны качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдын күбөлүгү;
4) чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ адамдар үчүн:
– чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин «Мекен-карт» жарактуу документи;
5) келишимдердин же макулдашуулардын негизинде (кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде) Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (аскер кызматчылары, укук коргоо органдары, аба кемелеринин пилоттору, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери) үчүн:
– кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, жараны эмгек же кызматтык ишин жүргүзгөн чет мамлекеттин өкүлчүлүгү);
6) Кыргыз Республикасында таанылган жарандыгы жок адамдар үчүн:
– өтүнүч катты каттоо жөнүндө күбөлүк жана (же) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү.
ТМЭБСке чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жөнүндө, ошондой эле кабыл алуучу тарап жөнүндө маалымат жок болгон учурда, 19, 20-пункттарда көрсөтүлгөн, берилген документтер ТМЭБСте киргизүү үчүн сканерленет, ал эми документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарып берилет.
Турак жайдын бар экендиги жөнүндө маалымат кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтар базасында ТМЭБС аркылуу автоматтык түрдө көрүнөт.
3-глава. Каттоону тариздөө тартиби жана мөөнөтү
21. Визалык режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында көрсөтүлгөн мөөнөткө же тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү визанын колдонуу мөөнөтүнө чейин, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө мүмкүндүк берген акыркы күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
22. Визасыз режим колдонулган чет өлкөлүк жарандарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты боюнча жана Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө мүмкүндүк берген акыркы күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
23. Каттоо төмөнкүдөй мөөнөттөргө жүргүзүлөт:
1) визанын категориясына жараша аны колдонуу мөөнөтүнө;
2) визасыз режимде жүргөн жарандарга карата 60 календардык күнгө чейинки же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө;
3) окуу же эмгек келишиминин колдонуу мөөнөтүнө, бирок 365 күндөн көп эмес мөөнөткө, кийин жыл сайын узартуу менен;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү бирдиктүү уруксаттын (резидент-карта) же иштөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө, же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары ишкердик иш жүргүзгөн учурда бир жылдык мөөнөткө;
5) кайрылман, качкын күбөлүгүнүн же качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч кат берген адамдын күбөлүгүн же жарандыгы жок адамдын өтүнүчүн каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүнө;
6) жашап турууга уруксаты, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жана «Мекен-карт» бар адамдарга карата бир календардык жылга (365 күн).
24. Визасыз жүрүү режими каралган чет мамлекеттердин жарандарын каттоо ушул Тартиптин 2-главасында көрсөтүлгөн инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти ырастаган документ берилген учурда 1 (бир) жылга жүргүзүлөт.
25. Кыргыз Республикасына туристтик жана жеке максаттар менен келген визасыз режим колдонулган чет өлкөлүк жарандарды каттоо 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө каттоо жүргүзүлгөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы) жарандарынан тышкары, каттоодон бошотуу мөөнөтүнө жараша Кыргыз Республикасына кирген датадан тартып 60 күндөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
Мында каттоо мөөнөтү ар бир 120 күн мезгил ичинде жалпысынан 60 күндөн ашпоого тийиш, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы) жарандарына карата, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, каттоо мөөнөтү ар бир 180 күн мезгил ичинде 90 күндөн ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына 60 же 90 күндүк мөөнөттүн аякташына 3 (үч) календардык күн калганда кирген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо жүргүзүлбөйт.
26. Чет мамлекеттердин жарандары Тизмекте белгиленген тиешелүү мөөнөттөргө Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон бошотулат.
Түркия Республикасынын, Монголиянын, Украинанын, Сербия Республикасынын жарандарын каттоо 90 күндөн ашпаган мөөнөткө, визасыз жүрүү режиминин мөөнөтүнө жүргүзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген мөөнөттөн узак жүрүүгө ниеттенген учурда, каттоо визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
27. Чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берүүчү документтери жок болгон учурда, аларга республиканын чегинен чыгып кетүү жана тиешелүү түрдө 60 же 90 күндөн кийин кайра кирүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүлөт.
Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын жана Азербайжан Республикасынын жарандары тиешелүү түрдө 60 же 90 күндөн жогору жүрүү мөөнөтүн бузуу менен кайрылган учурда, укук бузуулар жөнүндө протокол болгон шартта кошумча 30 календардык күн мөөнөтүнө катталышы мүмкүн.
28. Жеке максаттары менен 60 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө келген виза алуудан жарым-жартылай бошотулган чет мамлекеттердин жарандарын (же Өзбекстан Республикасынын жарандары) каттоо кирген датадан тартып 60 календардык күнгө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында 60 күндөн ашык жүрүү ниети болгон учурда, каттоо визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
Кыргыз Республикасына визасыз режимде кирүү жана 90 календардык күнгө чейин болуу укугун пайдаланган чет мамлекеттердин жарандарын (Молдова Республикасынын жарандары үчүн) каттоо кирген күндөн тартып 90 календардык күнгө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында 90 күндөн ашык болуу ниети болгон учурда каттоо визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
29. Этникалык кыргыздар иш жүзүндө жашаган же жүргөн жери боюнча каттоого мүмкүнчүлүк болбогон учурда тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүч каты боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында катталышы мүмкүн.
Этникалык кыргыздарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүч катта алардын иш жүзүндө жашаган дареги кошумча көрсөтүлөт.
30. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, жашы жете элек балдардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир учурда жүргүзүлөт.
Эгерде жашы жете элек балдардын ата-энесинин экөө тең (жалгыз ата-энеси) Кыргыз Республикасынын жараны болсо же ата-энесинин биринин жашап турууга уруксаты же «Мекен-карты» бар болсо, балдарды каттоо ушул Тартипте чагылдырылган жалпы негиздерде балдардын келүү максатын көрсөтүү менен ата-энелердин өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде 14 жашка чейинки балдар жакын туугандары (чоң ата/чоң энеси, эжелери/агалары) менен жашаса же орто билим берүү мекемелеринде окуса, каттоо жашы жете элек балдардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жана келүү максатын көрсөтүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде кирүүнү, чыгууну жана болууну токтотууну караган эл аралык келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген Россия Федерациясынын 14 жашка толо элек жарандары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде каттоодон өтө алат.
Эгерде 7 жашка толо элек адамдар мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбаса, каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты боюнча жалпы негизде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн жашы жете элек балдарды каттоо ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүч каты боюнча жалпы тартипте чет өлкөлүк паспортту алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жер которуу менен же тоолуу жерлерде эмгектенген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кыргыз тарап берген ырастоочу документтердин негизинде юридикалык жактын юридикалык дарегине катталышы мүмкүн.
32. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жөнүндө ТМЭБСте маалымат жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан маалыматтар кол менен киргизилет жана маалыматтарды кол менен киргизүүнүн себептерин көрсөтүү менен чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам контролдук сүрөткө тартылат. Маалыматтардын жок болушунун себептерин аныктоо үчүн маалымат автоматтык түрдө улуттук коопсуздук органына түшөт.
Мында чек арадан өтүү жөнүндө маалымат берүү үчүн жоопкерчилик чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жүктөлөт.
ТМЭБСке чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жеке маалыматтарын кол менен киргизүүдө техникалык каталарга жол берилген учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан эркин формада акт түзүлөт жана ТМЭБСте сканерден өткөрүлөт. Мында жеке маалыматтарды туура көрсөтүү менен кайра каттоо жүргүзүлөт.
33. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенген жана жеке ишкердик менен алектенген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына карата ТМЭБС аркылуу салыктык текшерүү жүргүзүлөт.
Салык органдарында бул маалымат жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт жана арыз берүүчү тиешелүү аймактык салык органына жиберилет.
Эгерде тиешелүү аймактык салык органы эмгек мигранты жөнүндө маалыматты алгачкы эмгек келишимин түзүүдө ырастабаса, каттоо 60 календардык күнгө жүргүзүлөт. Маалымат ырасталган учурда каттоо 1 (бир) жылга чейинки мөөнөткө узартылат.
4-глава. Каттоону узартууну тариздөө тартиби
34. Каттоону узартуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берүүчү документтин негизинде каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейинки акыркы күндөн кечиктирбей жүргүзүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, жүрүүгө укук берүүчү документтер болуп виза, жашап турууга уруксат, жүргөн жери боюнча каттоо, кайрылман статусу, «Мекен-карт», жарандыгы жок адамдын, качкындын же башпаанек издеген адамдын күбөлүгү, резидент-карта саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу (узартуу) үчүн негиз болуп саналган башка документтер бекитилиши мүмкүн.
35. Жаңы колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен визаны жаңыртууда (узартууда) каттоо анын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Мындай учурда каттоону узартуу колдонуудагы каттоону аяктаганга чейин акыркы күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
36. Каттоону узартуу:
– 60 же 90 күндөн ашык мөөнөткө турист катары келген жарандарга карата жүргүзүлбөйт;
– жеке максаттары боюнча 60 же 90 күндөн ашык мөөнөткө келген жарандар үчүн Кыргыз Республикасында жашоого укук берген документтердин негизинде гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында болууга укук берген тиешелүү документтерди алгандан кийин каттоо ушул Тартиптин 2-главасына ылайык 1 (бир) жылдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
37. Төмөнкү учурларда кайра каттоо жүргүзүлөт:
1) келүү мөөнөтү жана максаты өзгөргөндө;
2) жеке маалыматтары өзгөргөн учурда тиешелүү документтерди берүү менен;
3) жашаган жери өзгөргөндө;
4) белгиленген мөөнөттөрдө жаңы паспорт же инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти алууда.
Көрсөтүлгөн учурларда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жаңы каттоону алуу үчүн 10 (он) жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга милдеттүү.
Мында каттоо алгачкы каттоо мөөнөтүнө жүргүзүлөт жана чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Тартиптин 2-главасына ылайык документтерди берет. Эски дарек боюнча каттоо жокко чыгарылат жана ТМЭБСтин электрондук архивинде сакталат.
38. Кыргыз Республикасына кирүүгө негиз болгон инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ жоголгон же анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда кайра каттоо жүргүзүлөт. ТМЭБСте паспорттун жоголгондугу жөнүндө маалымкат жана (же) жаңы паспорт сканерленет.
5-глава. Каттоо талонун берүү
39. Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ошондой эле «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн- каттоо» сайты жана мобилдик тиркеме аркылуу каттоодо каттоо талону берилет.
Каттоо талону кагаз же электрондук түрдө берилет. Каттоо талонунда QR-код болот, ал аркылуу каттоо жөнүндө маалыматты алууга жана аны уюлдук телефонго сактоого болот.
Электрондук каттоо талону кагаз жүзүндө берилген каттоо талонуна теңештирилет, бирдей юридикалык күчкө жана атайын окулуучу кодго ээ. Каттоо талонунун формасы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
40. Каттоону узартууда же кайра каттоодо жаңы каттоо талону берилет.
41. Каттоо талону берилген документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан ТМЭБСке тиешелүү жазууларды киргизүү аркылуу түзүлөт.
Каттоо жөнүндө маалымат ТМЭБСте сакталат.
42. Колдонуудагы каттоо талону жоголгон учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам каттоо талонунун дубликатын берүү үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каалаган аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат.
Мында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылган күнү каттоо талонунун дубликатын каттоо жүргүзүлгөн жана каттоо талону берилген жерге карабастан берет. Каттоо талонунун дубликаты колдонуудагы каттоого гана берилет.
Калган учурларда чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы боюнча акы төлөөнүүчү негизде жазуу жүзүндө маалымат берилет.
43. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун колдонуу мөөнөтү, эгерде алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу мөөнөтү 30 жана андан ашык календардык күндү түзсө токтотулду деп эсептелет. Бул учурда ТМЭБСте каттоо автоматтык түрдө «жараксыз» статуска өтөт.
Кыргыз Республикасына кайталап кирүүдө каттоо ушул Тартипке ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
44. Кыргыз Республикасына кирүү, жүрүү жана чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому менен жөнгө салынат.
45. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин же каттоо мөөнөтү аяктаган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ТМЭБСте ички иштер органдары тарабынан жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтын негизинде каттоону жүргүзөт.
ТМЭБСте жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалымат жок болгон учурда, укук бузуулар жөнүндө протокол жана айып пулду төлөө жөнүндө квитанция ТМЭБСте сканерленет, түп нускасы арыз ээсине кайтарып берилет.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан айып пул төлөө жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгуу тартиби түшүндүрүлөт.
46. Каттоодон баш тартылган учурда, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жүргүзүлгөн төлөм арыз ээсине же чакыруучу тарапка кайтарып берилбейт.
47. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Тартиптин 37-пунктунун талаптарын сактабаган учурда, ошондой эле төмөнкү негиздер боюнча каттоо кыскартылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн:
1) чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар ижара келишимин бузган учурда кабыл алуучу тараптын арызы боюнча;
2) жашаган жери өзгөргөн учурда;
3) жаңы паспорт алган учурда;
4) жаңы виза алган учурда.
Каттоонун мөөнөтү кыскартылганы же жокко чыгарылганы жөнүндө маалымат ТМЭБСке киргизилет жана автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарына жеткиликтүү болот.
48. Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга каттоо жүргүзүлбөйт жана узартылбайт, эгерде төмөнкүлөр берилсе:
1) чет өлкөлүк паспорттор жана колдонуу мөөнөтү өткөн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер;
2) колдонуу визасы жок документтер (визалык өлкөлөр үчүн);
3) Кыргыз Республикасынын аймагында 6 (алты) айдан ашык каттоосуз жана визасыз жүрүү тартиби бузулган учурда документтер;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында болуу максаттарына шайкеш келбеген документтер же Кыргыз Республикасында болуу укугун ырастоочу документтер жок болгон учурда;
5) келген жери боюнча каттоо тууралуу өтүнүч кат берүүдөгү жалган маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбеген документтер.
6-глава. «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында каттоо тартиби
49. Кабыл алуучу тарап (Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адам) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого же каттоону узартууга арыз берүү үчүн «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтө алат.
50. Турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган жана «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтүүнү каалаган кабыл алуучу тарап:
1) «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтында инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастоочу документтердин маалыматтарын киргизүү аркылуу авторизациялоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт;
3) ушул Тартиптин 19-пунктуна ылайык чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын документтеринин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда).
Электрондук арыз ырасталгандан кийин электрондук сайт чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону тариздөө боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөм кодун түзөт.
Юридикалык жактар «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн келген жерине карабастан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат же авторизациялоо жол-жобосунан өз алдынча өтө алат.
«Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана кайрылуу тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
51. «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо» сайты аркылуу келип түшкөн каттоого арыз калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каралат.
Каттоо 1 (бир) жумуш күндүн ичинде шашылыш тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
52. Арызда каталар жана шайкеш эместиктер табылса, туура эмес толтурулса, арыз ээсинин фотосүрөтү сапатсыз болсо, кайтаруунун себептерин жана берилген документтерди шайкеш келтирүү зарылдыгын көрсөтүү менен арыз электрондук дарекке кайтарылат.
Эгерде арыз ээси кемчиликтерди 10 (он) жумуш күндүн ичинде жойбосо, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кайтарып берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда арыз жокко чыгарылат.
Каттоону тариздөө үчүн төлөм кайтарып берилбейт.
53. Сайт аркылуу арыз берүү мүмкүн болбогон учурда турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган кабыл алуучу тарап келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө кайрыла алат.
54. Каттоонун колдонуу мөөнөтүн ырастоодо техникалык ката кетирилген учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери каттоо датасын оңдоого укуктуу. Мында кабыл алуучу тараптын электрондук почтасына каттоонун колдонуу мөөнөтү оңдолгону жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүлөт.
55. ТМЭБСте каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда электрондук каттоо талону түзүлөт.
Арыз ээси зарылдыгына жараша каттоо талонун А-4 форматындагы кагазга басып чыгара алат.
56. Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды каттоо жөнүндө маалыматтар тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн автоматтык түрдө жеткиликтүү болуп калат.
7-глава. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо тартиби
57. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өзгөчө статусу бар атайын эл аралык коргоого алынган, ушул статусту ырастоочу дипломатиялык, кызматтык, расмий жана башка категориялардагы чет өлкөлүк паспорту бар төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандар каттоого алынат:
1) Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык персоналдын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык-техникалык персоналынын жана тейлөөчү персоналынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин меймандары;
2) чет мамлекеттердин ведомстволорунун Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча келген жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча келген эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, ал уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасында штаб-квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн, ушул уюмдардын уставдык документтерине же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
58. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган паспорттун түрүнө карабастан Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өтүнүч каттарынын негизинде каттоого алат.
59. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялык карточкаларды (карталарды) берет же паспорттун өзүнө каттоо жөнүндө жазып коёт.
60. Чет өлкөлүк жарандардын белгилүү бир категорияларын аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 «Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканын (картанын) болушу анын ээсин аккредитациялык карточканын (картанын) колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өтүүдөн бошотот.
61. Тизмекке кирбеген чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү 5 (беш) жумуш күндөн ашып кеткен учурда, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматына жумуш күндөрү жана иш убактысында каттоону тариздөө үчүн төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:
1) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктүрүнүн, консулдук мекемелеринин жана Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүү максатын жана каттоодон бошотуучу ыктымалдуу мөөнөтү көрсөтүлгөн өтүнүч катын (дипломатиялык нотасын, кайрылуусун);
2) колдонуудагы дипломатиялык, кызматтык паспортунун, БУУнун паспортунун түп нускасын (колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 айдан ашык) же чет мамлекеттин колдонуудагы башка жол жүрүү документин.
62. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк жарандардын паспортторунун өзүнө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматынын атайын штампын жана гербдүү мөөрүн басып, каттоонун колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен каттоо жөнүндө жазып коёт.
63. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы атайын чет өлкөлүк жарандарды каттоо журналын, ошондой эле ушул Тартиптин 57-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жарандардын каттоодон өткөндүгү жөнүндө электрондук маалымат базасын жүргүзөт.
64. Каттоонун колдонуу мөөнөтү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өтүнүч катына (дипломатиялык нотасына, кайрылуусуна) ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун иш жүзүндөгү жана негиздүү мөөнөтүнө, визанын колдонулушуна же Кыргыз Республикасынын визасыз режимди колдонуу мезгилине жараша белгиленет.
65. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматында чет өлкөлүк жарандарды каттоо акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
66. Каттоону тариздөө жөнүндө өтүнүч катты кароо мөөнөтү ушул Тартиптин 61-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган датадан тартып 1 (бир) жумуш күндү түзөт.
67. Дипломатиялык, кызматтык, расмий жана башка улуттук жүрүү документтери бар өзгөчө статуска ээ болгон чет өлкөлүк жарандар алар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу болуу мезгилинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү каттоодон өтүү жол-жобосунан бошотулат.