Редакцияот 17.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 17-сентябры № 146

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

132-берененин 3-бөлүгүндө "октябрынын үчүнчү жекшембисинде" деген сөздөр "январь айынын төртүнчү шаршембисинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган