Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 24-сентябры № 715-VIII
Кыргыз Республикасынын Президентин
кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 132-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо (мындан ары – шайлоо) 2027-жылдын 27-январына шаршемби күнгө дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, адилеттүү жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылсын;
2) шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
3) шайлоону өткөрүүдө аралыктан добуш берүүнү колдонууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоо документтерин ташуучу транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн реестрдин маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
4) шайлоочуларды реалдуу убакыт (онлайн) режиминде идентификациялоо тутумун өркүндөтүү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштуруу жана иштөөсү боюнча чараларды көрсүн;
5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу электрондук маалыматтык тутумдардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмашууну, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн;
6) добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
7) шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чаралардын белгиленген тартипте ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
5. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |