Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 16-сентябры № 703-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 17-сентябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8252 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын биринчи орун басары |
| М.К. Алиев |