Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-сентябры № 97
Кара-Суу, Токтогул, Токмок, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кара-Суу, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
– Кара-Суу, Токмок жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
– Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 97 токтомуна |
|
| 1-тиркеме |
Кара-Суу, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү | ||
Ош облусу | |||||
Кара-Суу району | |||||
1. | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 8-сентябры, № 13, 2026-жылдын 7-сентябрындагы өз арызы | Мады айылдык кеңеши (№ 3 Мады шайлоо округу) | Асанов Бахтияр Пазылович | ||
2. | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 11-сентябры, № 14, 2026-жылдын 7-сентябрындагы өз арызы | Манас айылдык кеңеши (№ 1 Нариман шайлоо округу) | Нишанова Лолахан Эргашовна | ||
Жалал-Абад облусу | |||||
Токтогул району | |||||
3. | Токтогул АШК, 2026-жылдын 10-сентябры, № 11, 2026-жылдын 24-августундагы өз арызы | А. Суеркулов айылдык кеңеши (№ 3 Котормо шайлоо округу) | Балпыков Дайыр Жолдошбекович | ||
4. | Токтогул АШК,2026-жылдын 10-сентябры, № 11, 2026-жылдын 2-сентябрындагы өз арызы | Аманкулов Талгат Нурдинович | |||
Ысык-Көл облусу | |||||
Тоң району | |||||
5. | Тоң АШК, 2026-жылдын 10-сентябры, № 4, 2026-жылдын 26-августундагы өз арызы | Күн-Чыгыш айылдык кеңеши (№ 2 Тоң шайлоо округу) | Турдуев Жаныбек Абдраевич | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 97 токтомуна |
|
| 2-тиркеме |
Кара-Суу, Токмок жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы
| Катталган талапкердин аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1. | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 11-сентябры, № 14, 2026-жылдын 7-сентябрындагы өз арызы | Манас айылдык кеңеши (№ 1 Нариман шайлоо округу) | Сулайманова Шоирахон Абдирахмановна |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
2. | Токмок АШК, 2026-жылдын 16-сентябры, № 5, 2026-жылдын 12-сентябрындагы өз арызы | Токмок шаардык кеңеши | “Эл биримдиги” саясий партиясынан Саккараев Жапаркул Медербекович (7) |
Панфилов району | |||
3. | Панфилов АШК, 2026-жылдын 14-сентябры, № 18, 2026-жылдын 9-сентябрындагы өз арызы | Курама айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Кубатова Гүлүмжан Сталбековна |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 97 токтомуна |
|
| 3-тиркеме |
Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1. | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 8-сентябры, № 13, 2026-жылдын 7-сентябрындагы өз арызы | Мады айылдык кеңеши (№ 3 Мады шайлоо округу) | Жолдошев Майсалбек Дуйшобаевич | Убактылуу иштебейт |
2. | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 11-сентябры, № 14, 2026-жылдын 10-сентябрындагы өз арызы | Манас айылдык кеңеши (№ 1 Нариман шайлоо округу) | Расулахунов Ойбек Мамытахунович | № 69 Ч. Айтматов атындагы орто мектептин мугалими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
3. | Токтогул АШК, 2026-жылдын 10-сентябры, № 11, 2026-жылдын 3-сентябрындагы өз арызы | А. Суеркулов айылдык кеңеши (№ 3 Котормо шайлоо округу)
| Исаков Жетиген Жакышович | Жеке ишкер |
4. | Токтогул АШК, 2026-жылдын 10-сентябры, № 11, 2026-жылдын 3-сентябрындагы өз арызы | Бучуков Уланбек Кедеевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
5. | Панфилов АШК, 2026-жылдын 14-сентябры, № 17, 2026-жылдын 7-сентябрындагы өз арызы | Кайыңды шаардык кеңеши | “Ынтымак” саясий партиясынан Сердюк Ирина Анатольевна (18) | К. Сулайманова атындагы № 2 орто мектептин мугалими |
6. | Панфилов АШК, 2026-жылдын 14-сентябры, № 18, 2026-жылдын 10-сентябрындагы өз арызы | Курама айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Бейшенкулова Наргиза Сапарбековна | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
7. | Тоң АШК, 2026-жылдын 10-сентябры, № 4, 2026-жылдын 10-сентябрындагы өз арызы | Күн-Чыгыш айылдык кеңеши (№ 2 Тоң шайлоо округу) | Токтосунова Гүлжан Бектургановна | “Кадастр” мамлекеттик агенттигинин Тоң филиалынын адиси |