Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 14-сентябры № 217-п
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын пайда болуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна, "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин башчыларына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин облустардагы ОДБдагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесине Тизмеге ылайык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана минималдаштыруу максатында зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүү, ошондой эле үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылуу.
3. Укуктук департамент:
- Басма сөз-кызматы менен биргеликте бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланышын камсыздасын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичиндебуйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.Э. Турсункуловго жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 1-п "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Ж.М. Кулубаев |