Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-сентябры № 634
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды,
кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка
төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү
жөнүндө» Жарлыгын колдонуунун айрым
маселелери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган өзгөчө учурларды колдонуу маселелерин кароонун тартибин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторийдеги өзгөчө учурларды колдонууну кароонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган негиздердин бар экендигин аныктоо бөлүгүндө калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу маселелери боюнча берилген материалдарды кароону жүзөгө ашырсын;
2) калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү сунушталган жогорулатуунун экономикалык негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзсүн;
3) компетенциясына калк үчүн тиешелүү тарифти, жыйымды, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштун) наркын же башка төлөмдү белгилөө же өзгөртүү кирген мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемеге жана ишканага материалдарды кароонун натыйжалары боюнча корутунду берсин;
4) калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер тарабынан берилүүчү маалыматтарды жалпыласын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган өзгөчө учурларды колдонуу маселелерин кароосу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү белгилөө, бекитүү же макулдашуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө алып келбейт деп;
2) мораторий колдонулган мезгилде калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун жана ушул токтомго ылайык даярдалган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын корутундусун эске алуу менен кабыл алынат деп.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 72 (3832) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |