Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 634 токтому менен бекитилди) |
Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн
(жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга
убактылуу мораторийдеги өзгөчө учурларды колдонууну
кароонун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Материалдарды берүү
3-глава. Сунушту кароо
4-глава. Кароонун натыйжалары боюнча корутунду
5-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторийдеги өзгөчө учурларды колдонуу зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин сунуштарын кароо механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартип калк үчүн тарифтердин, жыйымдардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркынын жана башка төлөмдөрдүн жогорулашын караган өзгөртүү төмөнкүлөр менен шартталган учурларда колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу иштешине коркунучтарды болтурбоо же четтетүү, калкты энергия ресурстары, отун, азык-түлүк жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу, ошондой эле тиешелүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тартыштыгынын пайда болушун алдын алууга багытталган чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын энергетикалык, отун, азык-түлүк, транспорттук жана башка экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
2) экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарынын жана өзгөчө маанилүү инфраструктура объекттеринин туруктуу иштешине, калкка турмуштук маанилүү кызматтарды көрсөтүүдө үзгүлтүктөрдү болтурбоого жана Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн алардын иштешинин токтошуна же олуттуу бузулушуна түздөн-түз байланышкан терс кесепеттердин пайда болушуна жол бербөөгө багытталган чараларды көрүү үчүн алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу, ошондой эле кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишти жүзөгө ашырууга байланышкан башка жагдайлар менен шартталган учурларда чет өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу зарылчылыгы.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) тариф – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмү;
2) жыйым – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте алынуучу милдеттүү төлөм;
3) кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркы – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акынын өлчөмү;
4) калк үчүн башка төлөмдөр – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу тарифтерге, жыйымдарга жана кызматтардын (жумуштардын) наркына тиешеси жок төлөмдөр;
5) сунуш – калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө маселени кароо үчүн арыз ээси берген документтердин пакети;
6) арыз ээси – тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизген мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык ишкана же мекеме;
7) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат).
2-глава. Материалдарды берүү
4. Компетенциясына калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү белгилөө же өзгөртүү кирген арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган негиздер болгондо, керектүү материалдарды тиркөө менен калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө Кызматка сунуш киргизет.
5. Кызмат мораторий колдонулган мезгилде калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу маселелери боюнча келип түшкөн сунуштарга жана кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзөт.
6. Сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз ээси жөнүндө маалыматтар;
2) тарифтин, жыйымдын, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштардын) наркынын же башка төлөмдүн аталышы;
3) төлөмдүн колдонуудагы өлчөмү;
4) сунушталган төлөм өлчөмү;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган өзгөчө учурларды колдонуу үчүн конкреттүү негиздер;
6) жогорулатуу зарылдыгын негиздөө;
7) өзгөрүүнүн калк үчүн кесепеттерин баалоо.
7. Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
1) тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштардын) наркын же башка төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө чечимдин долбоору;
2) чыгымдардын түзүмү, чыгашалардын жана кирешелердин динамикасы, финансылык керектөөлөр, сунушталып жаткан жогорулатуунун өлчөмү жана аны колдонуудан күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө маалыматтарды камтыган финансылык-экономикалык негиздеме;
3) сунушталып жаткан төлөмдүн өлчөмүн аныктоодо пайдаланылган баштапкы маалыматтарды жана эсептөөлөрдү көрсөтүү менен төлөмдүн өлчөмүнүн өзгөрүшүнүн эсеби;
4) чыгымдардын түзүмү жөнүндө маалыматтар;
5) чыгымдарды азайтууга көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган жагдайлардын болушун ырастаган документтер.
3-глава. Сунушту кароо
8. Кызмат сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде берилген материалдардын толуктугун текшерет.
9. Документтердин топтому толук эмес берилген учурда Кызмат арыз ээсине кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен сунушту жана берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмесин кайтарып берет. Табылган кемчиликтерди жойгондон кийин арыз ээси ушул Тартипке ылайык сунушту кайталап берүүгө укуктуу.
10. Сунушту кароонун жана Кызмат тарабынан корутунду даярдоонун жалпы мөөнөтү документтердин толук топтому берилген күндөн тартып он беш жумуш күндү түзөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүп кетиши арыз ээсинде калк үчүн тарифтин, жыйымдын, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштун) наркынын же башка төлөмдүн жогорулатылган өлчөмүн колдонууга укук пайда болушуна алып келбейт.
11. Берилген материалдардын толуктугун текшергенден кийин Кызмат:
1) берилген материалдарды карайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган негиздердин жана мындай жагдайлар менен калк үчүн тиешелүү тарифтин, жыйымдын, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштун) наркын же башка төлөмдү жогорулатуунун зарылдыгынын ортосундагы түздөн-түз себеп-натыйжа байланышынын болушуна баалоо жүргүзөт;
2) сунушталып жаткан тарифтин, жыйымдын, кызмат көрсөтүүнүн (жумуштун) наркын же башка төлөмдү жогорулатуунун экономикалык негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзөт;
3) калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү өзгөртүүнүн мүмкүн болгон кесепеттерин баалайт;
4) тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү өзгөртпөстөн тиешелүү максаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
12. Эгерде документтер толук көлөмдө берилген, бирок аларда камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган негиздердин болушун же сунушталып жаткан жогорулатуунун экономикалык негиздүүлүгүн баалоо үчүн жетишсиз болгон учурда, Кызмат кошумча документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
Кошумча документтер жана маалыматтар Кызматтын тиешелүү суроо-талабын алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээси тарабынан берилет.
Арыз ээси суралган документтерди жана маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербеген учурда, Кызмат сунушту колдо болгон материалдардын негизинде карайт.
Сунушту кароо мөөнөтү суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып суралган документтер жана маалыматтар алынган күнгө чейин, бирок беш жумуш күндөн көп эмес мөөнөткө токтотулат.
13. Сунушту кароодо Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кароонун предметине түздөн-түз тиешеси бар жана корутунду даярдоо үчүн маанилүү болгон жагдайларды аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды суроого;
2) арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн алууга;
3) алардын компетенциясына кирген жана кароонун предметине түздөн-түз тиешеси бар маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын корутундуларын суроого;
4) кызыкдар мамлекеттик органдарды жана уюмдарды тартууга;
5) жумушчу кеңешмелерин өткөрүүгө.
4-глава. Кароонун натыйжалары боюнча корутунду
14. Сунушту кароонун жыйынтыгы боюнча Кызмат Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунда каралган өзгөчө учурларды колдонуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү корутунду даярдайт.
15. Корутунду төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз ээси жөнүндө маалыматтарды;
2) сунушталган өзгөртүүнүн баяндалышын;
3) өзгөчө учурларды колдонуунун негизин;
4) жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын, анын ичинде жогорулатуунун сунушталган өлчөмүнүн экономикалык негиздүүлүгүн жана өзгөртүүнүн калк үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоону;
5) тиешелүү корутунду жасоого негиз болгон жагдайларды жана документтерди көрсөтүү менен өзгөчөлүктү колдонуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну.
16. Сунушту кароонун жыйынтыгы боюнча Кызматтын корутундусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн арыз ээсине жөнөтүлөт. Өзгөчөлүктү колдонуу мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду даярдалган учурда, арыз ээси мындай корутунду даярдоого негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин же көрсөтүлгөн жагдайлар өзгөргөн учурда, ырастоочу документтерди тиркөө менен сунушту кайра берүүгө укуктуу.
5-глава. Корутунду жоболор
17. Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 254 «Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун эске алуу менен арыз ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын компетенциясынын чегинде кабыл алынат.
Ушул Тартипте белгиленген тартипте сунушту кароонун натыйжалары боюнча даярдалган өзгөчө учурларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кызматтын корутундусу аталган чечимди кабыл алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
18. Кызмат тарабынан сунушту кароо аяктаганга жана ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык корутунду жөнөтүлгөнгө, ошондой эле тиешелүү чечим кабыл алынганга жана тиешелүү чечимде белгиленген төлөмдүн жаңы өлчөмүн киргизүү мөөнөтү келгенге чейин калк үчүн жогорулатылган тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү колдонууга жол берилбейт.
19. Ушул Тартипке ылайык берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.