Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-сентябры № 716-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 «Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун 13, 14-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
– I бөлүмдө «Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер»:
38, 39, 53, 68, 69, 76, 77-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 411–415-пункттар менен толукталсын:
«411. Таш-Көмүр шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
412. Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
413. Ала-Бука райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
414. Аксы райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
415. Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;
5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 531–533-пункттар менен толукталсын:
«531. Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
532. Балыкчы шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
533. Тоң райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;
6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 661-пункт менен толукталсын:
«661. Ош облустук патологиялык-анатомиялык бюросу.»;
7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 701–705-пункттар менен толукталсын:
«701. Облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функцияларын жүктөө менен Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
702. Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
703. Лейлек райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
704. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
705. Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;
8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 781–788-пункттар менен толукталсын:
«781 . Ысык-Ата райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
782. Кемин райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
783. Токмок шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
784. Аламүдүн райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
785 . Облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функцияларын жүктөө менен Сокулук райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
786. Москва райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
787. Жайыл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
788. Панфилов райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;
– III бөлүмдө «Техникалык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер»:
төмөнкүдөй мазмундагы 73-пункт менен толукталсын:
«73. «Маркетинг-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |