Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 01-августу  №9/1 

  

 

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын калкы үчүн суу керектөөнүн нормаларын таза суу пайдаланууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 5-июнундагы сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXIX  чакырылышынын IX кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Эсеналы Дайракунов айыл аймагында таза суу пайдаланууга болгон экономикалык негизделген тарифи 1м3 болгон тарифи төмөндөгүдөй м.куб өлчөмүндө бекитилсин:

 

Тармак

Сумма (сом)

(1 м3 болгон тариф)

Антимонополия орган бекиткен негизги баа

16,98

Бирдиктүү салык (6%)

1,0188

Жалпысы

18 сом

 

2.   Таза сууга болгон жалпы тариф 1м3 үчүн 18 (он сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.   Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго милдеттендирилсин.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

 

 

   Төрага

Ы. Бакаев