Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 25-сентябры № 335
2027-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызматына эркин, таза жана
ачык-айкын шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу
боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат. Кыргызстандын эли өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары эркин шайлоону коомдун жана мамлекеттин демократиялык түзүлүшүнүн негиз болуучу принциптеринин бири катары тааныйт, ал жалпыга бирдей тең шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлүүгө тийиш.
Мамлекет жарандардын шайлоо укуктарынын, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылууга милдеттүү. Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатына ээ таасир этүүнүн ар кандай формаларын болтурбоого, ошондой эле тигил же бул талапкерди эркин тандоого багытталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-беренесине ылайык Президент Конституциянын, адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналарын, элдин жана мамлекеттин биримдигин камсыз кыларын көңүлгө алып, элдин өз эркин билдирүүсү демократиялык шайлоонун талашсыз шарты болуп саналарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комитеттин, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгилеген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактасын;
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
– аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салсын;
– талапкерлерге мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылсын;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүткө катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин пайдасына колдонууга тыюу салсын;
– билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкердин пайдасына шайлоо алдындагы үгүткө тартууга тыюу салсын;
– шайлоо алдындагы үгүткө мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы болбосун талапкерлердин пайдасына пайдаланган аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин токтоосуз тартип жоопкерчилигине тартсын, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызмат ордунан бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышын, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын жоболорунун аткарылышын катуу контролдоо, алардын шайлоо комиссиялары тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:
– шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын аткарылышына натыйжалуу прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында аныктоого жана болтурбоого жетишсин;
– прокурордук көзөмөлдү дайыма жана мыйзамдуулуктун бузулушу жөнүндө арыздардын жана билдирүүлөрдүн келип түшкөн-түшпөгөнүнө карабастан жүзөгө ашырсын;
– ар бир аныкталган шайлоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте прокурордук чараларды өз убагында көрсүн;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын арыздарын жана даттанууларын ыкчам кароону камсыз кылсын;
– саясий экстремизмге, конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүнү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү активдештирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин катышуучуларынын бардык келип түшкөн арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароону камсыз кылуу жана шайлоо талаш-тартыштарын кароодо бирдиктүү соттук практиканы аныктоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн жана алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 73 (3833) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |