Загрузка документа…
| Тиркеме |
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-сентябрындагы № 734-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
менен Бенин Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык
талаптардан бошотуу жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, бир тараптан жана Бенин Республикасынын Өкмөтү, экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» жана өз алдынча «Тарап» деп аталып;
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө умтулуп;
өз мамлекеттеринин аймагына дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган жарандардын кирүүсүн жеңилдетүүнүн зарылдыгын таанып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Максат
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн Тараптар жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп эсептелген өздөрүнүн мамлекеттеринин жарандарына кирүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан өз ара бошотууну макулдашты.
2-берене
Визалык талаптардан бошотуу
1. Ар бир Тараптын мамлекеттеринин жарактуу дипломаттык же кызматтык паспорттору бар жарандары экинчи Тараптын аймагына алар биринчи кирген датадан тартып эсептелген узактыгы 60 (алтымыш) күндүк кайсы болбосун мезгилдин ичинде 30 (отуз) күндөн ашпаган мезгилдин ичинде визасыз кире алышат, чыга алышат, транзит менен өтө алышат жана жүрө алышат.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн 30 (отуз) күндүк мезгил аяктагандан кийин Тараптардын биринин жарактуу дипломаттык же кызматтык паспорттору бар мамлекетинин жарандары кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык виза алууга тийиш.
3-берене
Миссиялар үчүн визалар
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары, эгерде алардын экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болуу мөөнөтү ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган мөөнөттөн ашып кетсе, визаны эки өлкөдө белгиленген тартипке ылайык тариздөөгө милдеттүү.
4-берене
Окууга жана эмгек ишине карата
жарым-жартылай чектөөлөр
Дипломаттык же кызматтык паспорттору бар ар бир Тараптын мамлекетинин жарандары иштин тиешелүү түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн эки мамлекеттин мыйзамдарында каралган визаны албастан экинчи Тараптын аймагында эмгектенүүгө, кесиптик иш менен алектенүүгө же окууга укуксуз.
5-берене
Транзиттик пункттар
Жарактуу дипломаттык же кызматтык паспорттору бар ар бир Тараптын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын аймагына эл аралык байланыш үчүн арналган ар кандай чек ара өткөрүү пункту аркылуу киришет.
6-берене
Паспорттордун жарактуу мөөнөтү
Ар бир Тараптын жарандары көрсөткөн дипломаттык жана кызматтык паспорттор экинчи Тараптын аймагына кирген датадан тартып кеминде 6 (алты) ай жарактуу болууга тийиш.
7-берене
Улуттук мыйзамдарды колдонуу
1. Дипломаттык же кызматтык паспорттору бар ар бир Тараптын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарды алар жашаган бардык мезгилде сактоого милдеттүү.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын өздөрү катышкан эл аралык келишимдерден жана конвенциялардан келип чыгуучу укуктарына жана милдеттерине тиешеси жок.
8-берене
Паспортту жоготуу
Экинчи Тараптын аймагында дипломаттык же кызматтык паспорт жоголгон же бузулган учурда тиешелүү жаран өз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине билдирет, ал өз кезегинде ошол Тараптын компетенттүү органдарына маалымдайт.
Тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме өзүнүн жаранына жаңы паспортту же жол жүрүү документин берет жана кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарына бул тууралуу билдирет.
9-берене
Кирүүгө уруксат бербөө
Ар бир Тарап экинчи Тараптын жагымсыз деп эсептеген жарандарына кирүүгө уруксат бербөөгө, ошондой эле алардын жүрүү мөөнөтүн токтотууга же кыскартууга укуктуу.
10-берене
Колдонулушун токтотуп туруу
1. Ар бир Тарап коомдук тартипти, коомдук саламаттыкты же коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечим экинчи Тарапка мындай чечим күчүнө киргенге чейин 48 (кырк сегиз) сааттан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз кабарланат.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп турган Тарап мындай токтотуп туруунун себептери жоюлгандан кийин бул тууралуу экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет.
11-берене
Үлгүлөр менен алмашуу
1. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу өздөрүнүн анык дипломаттык жана кызматтык паспортторунун үлгүлөрү менен алмашат.
2. Тараптардын бири паспорттун жаңы үлгүсүн колдонууга киргизген же буга чейин берилип жаткан паспортторго өзгөртүүлөрдү киргизген учурда ал экинчи Тарапка жаңы же өзгөртүлгөн паспорттор колдонууга киргизилген күнгө чейин 30 (отуз) күн мурда бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу билдирет.
3. Мындай кабарлоо жаңы же өзгөртүлгөн паспорттордун үлгүлөрү, ошондой эле аларды колдонуу жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
12-берене
Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыгуучу кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
13-берене
Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн. Кандай болбосун өзгөртүү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган протокол менен таризделет. Мындай өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 14-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
14-берене
Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү
жана колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн өздөрүнүн улуттук мыйзамдарында каралган бардык талаптар аткарылгандыгы жөнүндө маалымдаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен Тараптардын кимиси тарабынан болбосун токтотулушу мүмкүн. Мындай токтотуу тиешелүү кабарлоону алган датадан тартып 90 (токсон) күндөн кийин күчүнө кирет.
_________ шаарында 2026-жылдын «___» _________ 2 (эки) түп нускада, ар бири кыргыз, француз жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Бенин Республикасынын Өкмөтү үчүн |