Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2026-жылдын 07-сентябры № 01-5/117
Садовое көчөсүндөгү №56 көп кабаттуу үйдүн алдына асфальт төшөө иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Садовое көчөсүндөгү №56 көп кабаттуу үйдүн алдына асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн жыл башында Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен тиешелүү өлчөмдө каражат каралган. Бирок зарылчылыкка жана түзүлгөн жагдайларга байланыштуу аталган каражат башка маанилүү иштерди каржылоого убактылуу багытталган. Учурда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жергиликтүү бюджетте үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Садовое көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдына асфальт төшөө иштерин аяктоо үчүн үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен тиешелүү финансылык каражат бөлүү маселесин карап, чечим кабыл алууну суранып кайрылган шаардык мэриянын 2026-жылдын 02-сентябрындагы чыгыш № 01-28/3145 сандуу катына берген шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Садовое көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдына асфальт төшөө иштерин үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен тогуз айдын жыйынтыгы менен жүргүзүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|