Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2026-жылдын 07-сентябры № 01-5/118
Эргеш Алиев айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджетинен ссуда берүү мүмкүнчүлүгүнө макулдук берүү жүнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Эргеш Алиев айыл өкмөтү тарабынан, саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу үчүн жер тилкесине байланыштуу жерге укук белгилөөчү, кадастрдык жана мамлекеттик каттоо документтерин даярдоо, жерге жайгаштыруу жана мыйзамда каралган башка тиешелүү иштерди жүргүзүү максатында Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен 357 000 (үч жүз элүү жети миң) сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берүү өтүнүчү менен кайрылгандыгын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине ылайык, бюджеттик ссуда – бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке кайтарымдуу, мөөнөттүү жана пайызсыз негизде берилүүчү каражат болуп саналат деп көрсөтүлгөндүгүн жана жергиликтүү кеңештер бюджеттик ссудаларды берүү же тартуу боюнча чечим кабыл алуу ыйгарым укугуна ээ экендигин билдирип шаардык мэриянын жазган кайрылуусуна, шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундуну угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундусу эске алынсын.
2. Аппараттын резервдик фондунан 357 000 (үч жүз элүү жети миң)сом өлчөмүндө акча каражаты коммуналдык чыгымдар бөлүмүнүн 2215 кызмат көрсөтүү беренесине жылдырылсын.
3. Эргеш Алиев айыл өкмөтүнө Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен 357 000 (үч жүз элүү жети миң)сом өлчөмүндө акча каражаты, бюджеттик ссуда берүү мүмкүнчүлүгүнө макулдук берилсин.
4. Бюджеттик ссуданын кайтаруу мөөнөтүн, тартибин жана шарттарын мыйзам талаптарына ылайык белгилөөнү шаар мэрине милдеттендирилсин.
5. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына Эргеш Алиев айыл өкмөтү менен бюджеттик ссуда берүү боюнча тиешелүү келишим түзүү жана каражатты мыйзамда белгиленген тартипте берүү жана кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүүнү шаар мэрине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|