Редакцияот 25.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 25-сентябры  №12/2 

  

 

  Айылдык кеңештин 1-январь 2025-жылдын жыл башына каралган акча каражаттын 3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 79-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-сентябрдагы №01-20/204 сандуу кайрылуу катын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX  чакырылышынын XII кезексиз

сессиясы;

                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2025-жылдын жыл башына каралган 3111 статьясынын ичинен Р.Усубалиев атындагы жалпы билим берүү мектебине ПГУ орнотууга 150 000,0 сом акча каражатын төмөндөгү статьяларга ылайык жылдырылып берилсин;

 

3111 - - 150 000,0 (жүз элүү миң) сом

3112 - 150 000,0 (жүз элүү миң) сом

 

2.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

 

   Төрага

Ы. Бакаев