Редакцияот 09.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 9-сентябрындагы № 320

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу:

 

«Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын

артыкчылык даражасы ыйгарылсын:

 

Абдыкадыров Рысбайга

–

ырчы, аткаруучу жана обончу (каза болгондон кийин);

 

Бегалиев Муратбек Акимовичке

–

А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор;

 

Исаков Бектур Сыдыковичке

–

Нанаев Касымкул атындагы Арал жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Талас району, Талас облусу;

 

Касмамбетов Суйунбек Сапарбековичке

–

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Кудаяров Дуйша Кудаяровичке

–

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неонатология курсу менен госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы;

 

сыйлансын:

 

III даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Бажаев Муса

Юсупович

 

–

«Группа Альянс» акционердик коомунун президенти, Россия Федерациясы;

 

Букуев Медетбек Омошевич

–

Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын уюмдаштыруучусу, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

 

Джошибаев Сейтхан

–

Кардиохирургия жана трансплантология илимий- клиникалык борборунун директору, кардиохирург, Казакстан Республикасы;

 

Ишемкулов Тилектеш

–

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу;

 

Киязов Кемелбек Абдыкадырович

–

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы генерал-майору;

 

Узакбаев Камчибек Аскарбекович

–

С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун педиатрия кафедрасынын профессору;

 

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

 

«Эрдик» ордени менен:

 

Бусурманкулов Максатбек

Турусбекович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник;

 

Казыбеков Аскарбек Акылбекович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) терең суудагы куткаруучу- суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант (каза болгондон кийин);

 

«Даңк» ордени менен:

 

Боронбаева Какиш Калыйакматовна

–

«Юкор Строй Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш бөлүмүнүн прорабы;

 

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

 

Исраилов Абдилашим

–

«Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти;

 

Кадыралиев Кайыпбек

 

–

Нарын облустук бириккен ооруканасынын врач-кардиологу;

 

Кантороев Кубанычбек Абылтаевич

 

–

Кыргыз Республикасынын жол тармагынын ардагери;

 

Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна

–

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин табигый илимдер факультетинин деканынын милдеттерин аткаруучу;

 

«Достук» ордени менен

 

Мелибоев Ахмаджон

–

Өзбекстан Республикасынын маданий ишмери, жазуучу жана журналист;

 

ыйгарылсын:

 

«Кыргыз Республикасынын эл мугалими»

ардак наамы

 

Алимбеков Акматалиге

 

–

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын профессору;

 

«Кыргыз Республикасынын эл врачы»

ардак наамы:

 

Ажибеделова Чынара Алмаматовнага

 

–

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын «Ак-Суу» реабилитация бөлүмүнүн балдар врач-невропатологу;

 

Акылбеков Мамытбек Адыбековичке

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун чоңдордун кардиохирургиясы бөлүмүнүн башчысы;

 

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»

ардак наамы:

 

Карыпбаев Уланмырза Нурдиновичке

–

театр режиссеру, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театранынын көркөм жетекчиси;

 

Кулахматов Боромбайга

–

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;

 

Сманбеков Темирлан Камашовичке

–

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти;

 

Тентимышов Болот Аскарбековичке

–

театр жана кино актеру, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси;

 

Халматова Самидахан Нышанбаевнага

–

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти;

 

«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»

ардак наамы

 

Озбекова Женишгул Авазовнага

 

–

жазуучу, киносценарист, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

«Кыргыз Республикасынын эл акыны»

ардак наамы

 

Акбаров Атантайга

–

акын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары;

 

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»

ардак наамы

 

Айтиев Сатар Гапаровичке

–

сүрөтчү;

 

 

«Кыргыз Республикасынын жаратманы»

ардак наамы:

 

Акматов Таштанбекке

–

мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын ардагери;

Сартбаева Асель Болотовнага

–

«Энсилитек» (EnsiliTech) британиялык биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бата университетинин химия профессору, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;

 

«Кыргыз Республикасынын сыймыгы»

ардак наамы:

 

Өмүрканов Анатайга

–

акын;

 

Садыкова Саламатхан Момуновнага

–

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

 

«Ардак» медалы менен сыйлансын:

 

Абдраимов Төлөгөн Абишович

 

–

Б. Шамеев атындагы Ат-Башы райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-рентгенологу;

 

Абдувалиев Махмуд Сулейманович

–

пенсионер, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүнүн ардагери;

 

Абыканова Бүбүжамал Камбарбековна

–

Жоробек Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими, Ак-Талаа району, Нарын облусу;

 

Акназаров Каримжан Камчыбекович

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун клиникалык ординатура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы;

 

Анарбаева Дина Турманбековна

–

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору;

 

Арипова Айгуль Кокташевна

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;

 

Асанов Иманакун

–

Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун ардагери;

 

Базаркулова Нурсыйда Манасовна

–

Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин химия жана биология мугалими, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу;

 

Баялиев Замирбек Жайлообекович

–

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын артист-манасчысы;

 

Бедаш Виктор Владиславович

–

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;

 

Букуева Тумарча Боржуковна

–

Сулайман Иманбаев атындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун «Талды-Суу» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк врачы;

 

Галынин Игорь Васильевич

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 83101-аскер бөлүгүнүн башкармалыгынын башчысы, полковник;

 

Джорбаева Айна Асановна

–

доцент, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы гигиена кафедрасынын башчысы;

 

Жунусалиев Дыканали

–

Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачынын облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясы жүктөлгөн орун басары;

 

Касымов Мирлан Джурсунбекович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Чүй району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 24 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн команда башчысы, улук прапорщик;

 

Кендирбаева Умсунай Идрисовна

–

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;

 

Кудайбергенов Беделбек

Сыдыкович

–

Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин стол тенниси боюнча машыктыруучусу;

 

Кыдырбаев Улук Асанкарыевич

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси;

 

Мусаев Нурлан Алишерович

–

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары;

 

Недикова Юлия Григорьевна

–

Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын № 1 Кусеин Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

 

Ормокоев Рустам Асылбекович

–

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы, полковник;

 

Салиева Айсалкын Пазыловна

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Сапрыкина Валентина Алексеевна

–

Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын транспорт бөлүмүнүн диспетчери;

 

Сартов Нурманбет Молдогазиевич

–

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскердик-медициналык даярдоо жана экстремалдык медицина кафедрасынын окутуучусу, медициналык кызматтын полковниги;

 

Сатарова Гульмира Окушовна

–

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясынын экономика, инвестициялар, өнөр жай жана курулуш бөлүмүнүн башчысы;

 

Такырбашев Кумар Карагулович

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) суучулдар мектебинин окутуучусу;

 

Төрөгелдиев Амантур

–

Нарын «Суу канал» ишканасынын ардагери;

 

Тууганбаев Жыргалбек Тураалыевич

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин ыкчам башкармалыгынын башчысы – штаб башчысынын орун басары, полковник;

 

Умаралиев Эмилбек Бочонович

–

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин мониторинг жана илимий ишти координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

 

Юсупов Рахимжан Каримжанович

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасынын директору.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров