Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-сентябры № 617
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 697 «Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобонун 20-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-августундагы № 441 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Мамбеталиев Мирбек Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Надырбеков Союзбек Надырбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары; |
Молдодосов Улан Омуржанович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кожомкул уулу Бакай | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар башкармалыгынын начальниги; |
Исираилова Айнура Толобаевна | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Соурбаева Сюита Онолбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары; |
Мураталиев Акылбек Кыдырович | - | Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын башкы редактору; |
Рысбек уулу Сыймык | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү; |
Курамаева Айдай Кенжебековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын катчысы. |
Жекече (макулдашуу боюнча): | ||
Кулманбетов Жаныш Осмонович | - | "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович | - | "Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | "Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Джунушев Жакшыбек Дайырбекович | - | "Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Мамбетов Мурат Авалович | - | актер, режиссер, "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү; |
Уметалиева Чынар Темиркуловна | - | музыка таануучу-теоретик, маданият таануучу, маданият таануунун доктору, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү; |
Мурзахметова Гульнара Мурзалиевна | - | Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору. |