Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-сентябры № 727-т
Ош шаарынын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 325 тескемесине,«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Мега Транс» жоопкерчилиги чектелген коому Ош шаарынын Сооронбай Жусуев, Курманжан Датка, Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн жана Төлөгөн Касымбеков проспектинин кесилишинде транспорттук түйүндү, эстакада көпүрөсүн жана жөө адамдардын жер үстүндөгү өтмөктөрүн куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштердин заказчысы болуп Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталсын.
3. Ушул тескеменин 1-пунктунда каралган иштер долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен аткарылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги шаар куруу корутундусун берүүгө, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө жана ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүгө белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |