Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-сентябры № 729-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо. Насостук станцияларды жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо» кредиттик макулдашууга (GrCF3 W1 – Бишкек шаарынын жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча долбоору) (операциянын номери 55936), Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо. Насостук станцияларды жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо» кредиттик макулдашууга (GrCF3 W1 – Бишкек шаарынын жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча долбоору) (операциянын номери 56980) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо. Насостук станцияларды жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо» ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунан инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга (GrCF3 W1 – Бишкек шаарынын жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча долбоору – Грант Т1) (операциянын номери 55936) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын атынан «Бишкекжылуулуктармагы», «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканалары жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |