Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-сентябры № 338
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасына караштуу ведомстволук
уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу
боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31¹-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-августунан тартып 2027-жылдын 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишин каржылоо маселелерин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим киргизилсин.
2. Апробациялык режим мезгилине төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишин каржылоо аталган мекемелердин атайын эсептерине түшүүчү каражаттардан жүзөгө ашырылат деп;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 206 КПҮ Жарлыгы менен жөнгө салынат жана анын ишине тиешелүү бөлүгүндө мекеменин атайын эсебине түшүүчү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 22 КПҮ Жарлыгы менен жөнгө салынат жана анын ишине тиешелүү бөлүгүндө аталган Мамлекеттик борбордун атайын эсебине түшүүчү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |