Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-сентябры № 720-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы дарегинде (азыр Чолпон-Ата шаарынын чек арасында) жайгашкан, жалпы аянты 5,4 га, идентификациялык коду 2-03-06-1004-0657 болгон жер тилкесин анда жайгашкан «Белек» пансионатынын курулмалары менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин анда жайгашкан «Белек» пансионатынын курулмалары менен белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин анда жайгашкан «Белек» пансионатынын курулмалары менен белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |