Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 641
2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Аскердик чалгындоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы аскердик чалгындоо жаатында кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |