Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 716-VIII
«Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2025-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
ыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 33-пунктуна жана 131-беренесине ылайык, «Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2025-жыл үчүн ар жылдык баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2025-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мыйзам чыгаруу сунуштарын андан ары ишке ашыруу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага М.А. Маматалиев